Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Курулуштагы көз боёмочулук: пайда көрөм деп акчасын алдаткандар


Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрация. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрация. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Кыргызстанда курулуш тармагындагы каржы-бартердик пирамидаларга ири өлчөмдө акчасын алдатканын айткан жарандар "Азаттыкка" кайрылды.

Бишкекте чиеленишкен cхемаларды уюштуруп, он бир кишинин чоң суммадагы акчасын бербей койгон деген шек менен бир адам кармалып, анын үстүнөн соттук териштирүү башталганы турат. Курулушка автоунаасын кымбат баага өткөрүп же чоң акчасынан үстөк пайыз туудуруп, киреше табууга кызыккандар алдаган кишини каматып, бирок берген акчасын каяктан өндүрүүнү билбей турганые айтышты. Шектүүнүн атасы болсо карызга акча бергендердин өздөрүн күнөөлөп, үстөк пайыз уулун карызга белчесинен батырганын билдирип жатат.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы Чүй облусунун Сокулук районунун Селекция айылынын 1989-жылы туулган тургуну Нурбек Момункуловдун үстүнөн "өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, сотко өткөрдү.

Курулуш тармагындагы кубулма схемалар

Арыздангандардын айтымында, 33 жаштагы Нурбек Момункулов алдоо жолу менен алардын ишенимине кирип, 2019-жылдан 2021-жылдын ноябрь айына чейинки аралыкта жалпысынан жарым миллион доллардан ашуун кымбат баалуу автоунааларды жана акчалай карыз алып, өзгөчө ири өлчөмдө материалдык жана каржылык зыян келтирген. Алар Нурбек Момункулов Бишкек шаарында үлүштүк негизде курула турган көп кабаттуу үйдүн баштапкы курулушун каржылоого жакын тааныштарын ынандырып, аз убакыт аралыгында акчаны үстөгү менен кайтарууну убада кылган схема түзгөнүн билдиришти.

Жабырлануучулардын бири Бексултан Шекербеков мамлекеттик кызматта жүргөндө ага досу Нурбек Момункулов "кирешелүү бизнесте" иштөөнү сунуштап, ал өз кезегинде буга башка жоро-жолдоштору менен тааныштарын тартканын, башында кыйла пайда таап жүрүшүп, бирок аягында кандайча алданып калганын билбей калганын айтып берди.

"Ал бизге мынтип түшүндүрчү, автоунаалар алынат, тиешелүү курулуш компаниясына берилет. Ал болсо курулуш иштерин жүргүзүү үчүн кыш, цемент, бетон же арматура сыяктуу курулуш материалдарына алмашылып, же болбосо курулушчулардын акысына берилип, ишин баштай берет. Алардын ортосунда кандайдыр бир схемалары бар экен. Алар андан ары автоунааларды кантип сатып алышат, ал өздөрүнүн иши. Ошентип курулуш компаниясы өзүнүн акчасы жетпегендиктен башка бирөөлөрдүн акчасын пайдаланып, машинелерин алып, аларды бартердик жол менен өткөрүп, курулушту баштай беришет. Бизге болсо 1,5 ай мөөнөт күтүп турууну сунуштап, анан бөлүп төлөөнүн эсебинен батирлер сатыла баштаганда машинелердин акчасын төлөп берчү. Ошентип, андан ары уланып, курулушка киргизе турган автоунаалар көбөйүп, бара-бара жакшы иштеп, пайда таба баштадык. Ар бир сатылган машинеден орточо 500 доллар калчу. Ошолорго кызыгып отуруп, аягында ушундай абалга кептелдик. Эң аягында баарыбызды кызыктырып отуруп, алдап, акчанын бардыгын чогултуп, алып кетти".

Бексултан Шекербеков бул кирешелүү деген ишке аралашып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыктын тузагына илинген жабырлануучулар көп экенин кошумчалады. Анын айтымында, айыпталуучу Нурбек Момункулов ага атасынын курулуш бизнеси бар экенин айтып, үлүштүк негизде курулчу көп кабат үйдүн баштапкы курулушун каржылоо үчүн кымбат баалуу автоунаа жана акчалай салым салууну сунуштаган.

Айыпкер ага автоунаалар цемент, арматура, кыш, эшик-терезе сыяктуу башка бир курулуш материалдарына алмашыларын же куруучуларга эмгек акы катары бартердик негизде төлөнүп берилерин түшүндүргөнүн белгиледи. Кийин батирлер сатыла баштаганда акчаны үстөк пайдасы менен кайтара турган ири кирешеге кызыккан өнөктөштөр башында ишенимдүү кызматташып жүрүп, кийин өздөрүнүн жакын тааныштарынан ири өлчөмдө акча сурап, Момункуловдун "бизнес чынжырчасына" салып отуруп, алардын ортосуна ажырым салган каржы пирамидасына окшогон туюкка кептелген.

Кирешелүү жана жеңил бизнестин жайылган "тору"

Бексултан Шекербековдун айтымында, былтыр жыл соңунда досунун кыймыл-аракеттери шектүү боло баштаганын байкап, достор ортодогу аласа-бересе мамилесин териштирүүгө өткөн учурду минтип эскерди:

"Ал бизге бир кымбат жолтандабас айдап келип, Атай экөөбүзгө сунуштап, көргөзөт. Эртеси карасаң, ал машинени Канат айдап жүргөн болот. Биздин башка бир жолдош баладан машинени алып, аны кайра башкасына сунуштап, ал албай койсо, кайра башка жигиттерге көргөзүп, андан ары барып, автоунааны Актилекке арзан баага сатып, жүрө берген экен. Орточо алганда 7 миң долларга чейин машинелерди артына сатып жиберген учурлары болуптур. Аны биз кийин билип калдык. Бул эми ачык эле алдамчылык болуп жатпайбы. Бизди соңунда алдап баштаган. Башында болсо "машинени курулуш компаниясынан сатып алган болчубуз" деп азыркы учурда айдап жүргөн ээлери айтышты. Бирок кийинкилерин карасак, бири-бирибизге эле бере бериптир. Менден алып, Актилекке берип, андан алып Канатка берип, ошентип отуруп аягын чаташтырып баштаган экен. Ошентип былтыр ноябрь айында жок болуп кетти. Ошондо гана аны издей баштадык. Мага эле 197 миң 300 доллар карыз. Мындан башка дагы майда-чүйдөлөрү бар болчу. Анын бардыгын кошкондо 230 миң долларга чыгып кеткен. Ошонун бардыгын кесип отуруп, ортодо 197 миң доллар калган. Бул акчаны мен үйдү күрөөгө коюп, тааныштарымдан жана жакындарымдан карызга алгамын. Бул акча бир күндө чогулган эмес. Ар кайсы убакта алынган машинелер жана акча болчу".

Бексултан Шекербековдун айтымында, ал өзү менен мурда мамлекеттик кызматта чогуу иштеген Атай Жумагуловду дагы Момункулов менен тааныштырган. Атай Жумагулов ал анын автоунаасын курулуш компаниясына базар баасынан бир топ жогору баалап алганын айтып, кийин атасынын жана жездесинин үч кымбат баалуу автоунаасын жаңы таанышынын курулуш бизнесине киргизип, буга кошумча ага бирөөдөн чоң өлчөмдө карыз акча алып бергенин билдирди.

Атай Жумагуловго келтирилген зыянды тергөө 75 миң АКШ долларына баалады.

"Менин Audi Q7 автоунаам бар болчу. Ошону сатыш керек болуп калып, аны менен Бексултан аркылуу таанышып, базар баасынан бир топ жогору саттык. Мен аны ошол убакта базарда андай баага сата алмак эмесмин. Анын акчасын кечиктирбестен, өз убагында берген. Балдар ушинтип иштеп жатканын угуп калдым. Анан атамдын 2006-жылкы "Тойота Ленд Крузер Прадо" автоунаасын 16 миң АКШ долларына баалап бергемин. Анан жездем дагы машинесин сата турган болуп калып, "Тойота Ленд Крузер-100" автоунаасын сатабыз. Анан андан бир нече күндөн соң, Нурбек чалып, "Lx 470 жолтандабасы чыгып жатат, сатылып кеткени турат, нак акча жок болуп жатат, тез арада 16 500 доллар керек, таап берип тур" деди. Аны дагы фирмага киргизип,"18 миң долларга өткөрүп, акчасын чыгарып берем" деген болчу. Анан мен Бакыт деген байкеме чалып, бул сумманы таап бергем. Ошондо үч жолтандабастын тагдыры бир жуманын ичинде чечилип жатат. Арадан 5-6 күн өткөндө эки күнгө 20 миң доллар сурады. Анан ошол бойдон жок болду".

Атай Жумагулов жабырлануучулардын арасынан эң биринчи болуп быйыл февралда Нурбек Момункуловдун үстүнөн арыз жазып, ага кылмыш ишин козгоп, алдаткан акчаны жана үч жолтандабасты өндүрүп берүү өтүнүчү менен Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Бирок милиция анын арызын кароодон баш тарткан. Буга айыпкер Момункуловдун үстүнөн кылмыш ишин козгоо үчүн тиешелүү далилдер жетишсиз деген жүйө келтирилген. Жумагулов прокуратура органдарына даттанып, быйыл май айында экинчи ирет арыз менен кайрылып, кылмыш иши козголгон.

Анын адвокаты Афтандил Алимжанов иликтөө иштеринин натыйжасында тергөөнүн айыптоо корутундусу чыгып, иш сотко жиберилгенин билдирди:

"Мурдагы тергөөчү "тиешелүү далил материалдары жетишпейт жана тиешелүү тараптарды аныктооого мүмкүн болгон жок" деген сыяктуу негиздер менен кылмыш ишин тергөөдөн кыскартып, токтотуп, улам создуктуруп келген экен. Ортодон 5-6 тергөөчү алмашып кетиптир. Анан биз арызданып отуруп, ишти кайра жандандырып, мурдагы кемчиликтерди толуктап, кошумча материалдары чогултуп отуруп, тергөө толук кандуу жүргүзүлдү. Андан соң гана тергөөчү ишти сотко жиберди. Биз берген материалдар менен таанышып чыгып, анан ал маалыматтар айыпталуучунун берген көрсөтмөсү аркылуу такталды. Кошумча сурактар болду, көздөштүрүү жүргүзүлдү".

Автоунаа алып саткандар менен байланыш

Бишкекте машине алып-сатуу менен алектенген жеке ишкер Канат Эсентур уулу айыпкер ага бирөөнүн кымбат баалуу автоунаасын сатып, бирок аны кийин мыйзамдуу кожоюну чыгып алып койгонун, көз боёмочулуктун айынан жеке өзү 60 миң АКШ долларына күйгөнүн айтууда.

"Нурбек Момункуловдун эч бир дайыны чыкпай калды. Ага чейин анын мага берген машинелеринин документтери бүтпөй калган. Бир жолтандабастын ээсин издеп тапсам, анын ээси Сайкал деген кыз экен. Аны ал "кымбат баага сатып берем" деп акчасын бербей эле алып, мага сатып жиберген экен. Ал машиненин Нурбекке эч кандай тиешеси жок болуп чыкты. Ошентип, аны ээсине кайтарып берүүгө туура келди. Ал арыз жазган экен. Менден машинени кайтарып алып койду. Андан башка дагы менде Нурбекке машине алууга берген элдин акчалары бар болчу. Ал адамдар ызылдап, мага каршы арыз жазабыз дегенде, мен Нурбектин үстүнөн арыз жаздым. Элдин акчасын жанымдан төлөп бергенге мажбур болдум. Анан Нурбек табылды. Бирок эч кандай жылыш болгон жок".

Шектүү Нурбек Момункулов үлүштүк негизде курулчу көп кабат үйлөрдөн батирлерди автоунааларга айырбаштап, аларды кайра алып-сатарларга саткан башка дагы учурлары болгонун жеке ишкер Актилек Эсеналиев белгиледи.

"Мен өзүм башта эле автоунаа алып-сатып иштеген үчүн ал мага курулуш фирмасына түшкөн машинелерди сатып алууну сунуштачу. Бардыгы эле ошентип иштеп жатышкан. Машинелерди сатып алып, жасатып, анан кайра эле үстүнө акча коюп, кайра сатчу элек. Ошентип 2-3 машине накта акчага сатып алгамын. Кийин эле ал "мага машине берем" деп, менден бир нече ирет акча сурап, алып жүрдү. Кээде машинелерди алып берип жүрдү. Арасында документтери бүтпөгөн машинелер дагы бар болчу. Кийин ал жок болуп кеткенде машинелердин ээлери келип, акчасын кайра өзүм төлөп бердим. Менден машине алып берем деп накталай акча дагы алган. Андан башка машинелер дагы бар болчу. Ээлери мага келишип, автоунааларын кайра кайтарып кетип жатышты".

Жабырлануучулар коммерциялык сырга байланыштуу мыйзам талабына ылайык, Нурбек Момункулов өзү атасына таандык деп айткан курулуш компаниясынын атын ачык атабай турушат.

"Андай чоң акчаны карыз алдырбайт элем..."

Шектүүнүн атасы Намысбек Момункулов жабырлануучулардын дооматына макул эмес. Ал өзү курулуш компанияларынын биринде техникалык көзөмөл боюнча инженер болуп иштеп келгенин айтты:

"Ал жигиттер ошол курулуш компаниясына дагы барышкан. Алар алынган акчанын бардыгын ошол жакка салып жиберген деп шекшиген. Бирок ал компаниянын мага эч кандай тиешеси жок. Ал жакта менин эч кандай үлүшүм жок. Мен ал жакта айлыкка иштеп келгем. Мен бирөө мээнет менен иштеп жатса, анын убалына калгым келбейт. Курулуш компаниясынын жетекчиси мага бул жигиттер келе баштаганда "байке, сиз эч нерсе кошпогон болсоңуз, анан мүлктөргө камоо коюлуп калса кандай болот" дегенде, "түшүндүм" деп арызымды жазып иштен кеттим".

Ошол эле кезде Намысбек Момункулов үлүштүк негизде көп кабат үй куруу бизнесинин айланасында анын баштапкы курулушун каржылоо үчүн адамдардан ири өлчөмдө карыз алып, кийин кайтарып берип турган туруктуу схема болушу мүмкүн эмес дейт. Анын айтымында, уулунун карызга батышына үстөк пайыздар өсүп кетип, карыздын үстүнө карыз алына бергени себеп болушу мүмкүн:

"Менин балам алган карыздарынын үстөк пайыздары өсүп кеткенде туш-туштан акча ала берип, айласын таппай калыптыр. Бир эле эпизод. 2019-жылы уулум бирөөнүн автоунаасын айына 1,5 миң доллар үстөгү менен 30 миң АКШ долларга алат. Ошондон бери үч жыл бою төлөй берип, анан айласы кеткенде досторунун машинелерин алып, алардын үстөк пайыздарды жаап, жүрө бериптир. Атай дегендин жолтандабасын 17,5 миң долларга алып, 10,5 миң долларга сатып жибериптир. Аркы машинесин 18 миң долларга баалап, анысын болсо 12 миң долларга сатып, акчасын үстөк пайыздарын төлөөгө жумшаптыр. Ал өзүнүн жанынын тынчын ойлоп, бул аңдан чыгып кетүүгө далалат жасап, карбаластап, бирок улам карызга бата берген экен. Ошонун баарын башында билсем эмне. Ошону карыз берип жаткан достору деле сурап туруп анан беришсе болмок. Мен анда андай чоң акчаны карыз алдырбайт болчумун. Ошону айтпай, тымызын үстөк пайыз алып жүрө беришип, эми карызын доолап жатышпайбы. Ошону карыз берерден мурун ойлонуп, мага бир ооз айтышса болбойт беле. Ошончо акчанын бардыгын бир жакка салып жиберип, баламды каматып жиберип, кантип карап турайын?".

"Фирманын кожоюндары өзгөртүлгөн"

Анткен менен жабырлануучу тарап айыпталуучу жолтандабастарды жана ири өлчөмдө акчаны киргизип, байланышта болгонун айткан курулуш компаниясында күмөндүү аракеттер жүргөнүн байкаган. Жабырлануучу Атай Жумагулов компаниянын кожоюндары өзгөрүп, мүлктөрү башка бирөөлөргө катталган көрүнүштөр тууралуу далилдер бар экенин белгиледи:

"Биз текшергенде бул курулуш компаниясынын үлүшүнүн 50% Намысбек Момункуловго караса, экинчи үлүшү Тилек Момункулов деген кишиде болчу. Тилек деген Намысбек байкенин агасынын баласы экен. Эки бир туугандын балдары курулуш салып жаткан. Анан ызы-чуу чыккандан кийин кайра текшертсек, ал компаниянын ээси Тилек Момункулов эле болуп калыптыр. Нурбектин атасы Намысбек Момункулов компанияны уюштуруучулардын курамынан чыгып кеткен экен. Курулуш компаниясынын толтура мүлкү, машинелери бар болчу. Ошолордун бардыгы кийин башка адамдарга катталып кетиптир. Азыркы учурда өздөрүнүн атында эч нерсе жок. Бул бизде абдан чоң шек саноолорду жаратты. Нурбек болсо акчанын бардыгы кайда чыгымдалганын айтпай жатат. Анча акчанын барын ал жалгыз өзү коротуп, бүтө алмак эмес. Бул акча курулушка салынып, бирок бир нерсе болуп, ал жактан чыгара албай калгандай...".

Айыпталуучу Нурбек Момункуловдун үстүнөн "өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен козголгон кылмыш ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту жакында кароого киришет.

Кылмыш-жазык кодексинин 204-беренесине ылайык, мындай ишке айыптуу деп табылгандарга 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

XS
SM
MD
LG