Акчасын алдырып, өзү кордук көргөн Өзбекстандан келген Исламбек акыйкат издеп кайрылды. Эч кандай шарты жок, курулушу токтоп калган жаңы үйдүн тургундарынын ыңгайсыз жашоосу. Акыйкатсыз кадр тандоону ашкере кылгысы келген юрист. Ушул жана башка сунуш-пикирлер “Эл үнү” топтомунда.
Өзбекстандык Исламбек Арапбаев 26-июнь күнү Чүйдүн Сокулук айылына мал базарга барганда белгисиз адамдар аны обочо жерге ээрчитип чыгып, эсин оодара чаап, Ысык-Көлдүн Бостери айылына алып барып 800 миңден ашуун сомун, телефонун тартып алганын айтып берди.
Бир күн кечке ур-токмок жеген 23 жаштагы журтташыбыз Исламбек аны урган адамдар "500 миң сом каражат таап бересиң" деп опузалап жатканын “Азаттыкка” айтып берди.
Кечки саат жетилерде араң эжеси менен байланышка чыккан Исламбекти туугандары куткарып калууга үлгүргөн. Милиция кызматкерлери аны уурдаганы айтылган шектүүлөрдүн төртөөнү тең кармап кеткен.
Исламбек Арапбаев Өзбекстанга кете албай жатканын, кармалган балдардын биринин жакын тууганы милицияда иштегенин билгенден кийин күч органдары каражатын кайтарып берет деген үмүтү өчүп баратканын кошумчалады.
- Эки бала башка чаап, уруп эсимди оодарып коюшту. Жанымда 800 миң сом акчам бар эле. Аны алып коюшуптур. Ысык-Көлгө алып барып 500 миң сом акча таап бербесең кетпейсиң, таппасаң өлтүрүп сууга ыргытып жиберебиз деп кыйла коркутушту. Алардын бирөөсүн тааныдым. Бычак такап, ур-токмокко алышты. Акча таба албайм десем “жакында бирөө өлгөн, ошону сени өлтүрдү деп каматып жиберебиз” дешти. Алардын арасынан биринин байкеси милицияда иштейт экен. Менин угушумча бир агасы Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө опер, экинчиси Жалал-Абадда бөлүм башчынын орун басары окшойт.
- Сиз аны кайдан билдиңиз?
- Ошол опер байкеси келди да. “Сен көлдүк досума акча алганы барып, аны менен мушташып кеттим деп айт" деди. “Көлдө эч кандай таанышым жок” дедим. Кыйла коркутуп “мен ишти баары бир жаптырып коём” деди. Тааныштары бар экен.
Жабырлануучу Исламбек Арапбаевдин жактоочусу Арстанбек Шаматов окуя боюнча тергөө кечигип, кылмышка шектүүлөрдүн кызыкчылыгы корголуп жатканын “Азаттыкка” билдирди.
Мындан улам прокуратура жана ички иштер органдарына кайрылуудан эч кандай майнап болбой жатканын айткан адвокат кылмышка туура эмес юридикалык баа берилип, бир эле "адам уурдоо" беренеси менен иш козголгону шек жаратууда дейт.
“26-июнда болгон окуя. Ошол күнү эле кылмышка шектүү төрт бала кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Бирок ошол күнү эле аларды коё беришкен. Сурак беришкенби же жокпу бизге белгисиз. Кайра-кайра арыз жазып атып 30-июнда араң кылмыш иши козголгон. Анда деле шектүүлөр кармалган эмес. Прокуратурага дагы башка жактарга арыз жазгандан кийин төрт баланын арасынан бирөөсүн гана чакырып, ага айыбын угузуп, үй камагына чыгарып коюшкан. Ошентип баары кайрадан эркиндикте жүрүшөт. Булар беш адам болгон, башчысы бар. Ошол адам буюртма берген. Буларга карата кылмыштуу топ деп баа берилбей эле Кылмыш-жаза кодексинин “адам уурдоо” беренесинин (165) негизинде бир гана адамга айып коюлуп калды. “Каракчылык”, “адам өмүрүнө залал келтирүү”, “опузалоо” беренелери менен да кылмыш ишин козгош керек эле. Булар оор жана өзгөчө оор кылмыштар түрүнө кирет. Мына бир ай болуп калды иш боюнча эч бир кыймыл жок. Буга кылмышка шектүүлөрдүн туугандарынын милицияда иштелгендиги таасир берип жатат.
Прокуратура жана ички иштер органдарына арыз менен кайрылдык, бирок эч кандай майнап болбой жатат. Ишти башында Сокулук райондук милиция бөлүмү карап жаткан. Эми белгисиз себептерден улам Москва райондук милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилиптир. Жаңы тергөөчү менен байланышсак, "иш менен тааныша элекмин" дейт. Жабырлануучу дагы деле күтүп Өзбекстанга кете албай жүрөт. Бүгүнкү күндө кылмышкерлердин эркиндикте жүрүшү менен жабырлануучунун өмүрүнө коркунуч жаралууда".
Бул кайрылуу боюнча биз милицияга кайрылганыбызда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматынын инспектору Замир Сыдыков жогорудагы окуядан улам кылмыш иши козголуп, адам уурдоого шек саналып бир адам кармалганын, ага карата абакта калтыруу бөгөт чарасы кабыл алынганын билдирди.
“Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, адам уурдоого шектүү адам кармалып, айыбы угузулган. Камакка алуу бөгөт чарасы колдонулган. Кайсыл тарап экени белгисиз Сокулук райондук тергөөгө ишенбестик көрсөтүлүп, Чүй облустук прокуратурасына арыз жазышкан. Учурда иш Москва райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат”.
"Эл үнү" радио уктуруусун толугу менен бул жерден тыңдай аласыз:
"Сатып алган үйүбүздө шарт жок"
Бишкек шаарынан Асхат Дүйшөбаев 12-кичи районундагы № 64/1 дарегиндеги курулушу бүтпөй турган үйдүн жашоочуларынын атынан коомчулукка кайрылат.
Ал 12 кабаттуу, 86 батирлүү жаңы үйдү куруп жаткан "ТСТ-Сервис строй" курулуш компаниясы келишимди бузуп, үйдүн курулушун аягына чыгарбай токтотуп койгонун айтууда. Мындай жагдай батирлерин бүтүрүп жашап жаткан элүүдөн ашуун үй-бүлө үчүн бир топ ыңгайсыздык жаратууда дейт угарман.
“Бизге үйдү аябай мактап-жактап, “сонун комфорт плюс үйлөр болот” деп сатышкан. Үйдү 2021-жылы жай айында алгам. Келишим боюнча 2021-жылдын аягына чейин бүтүрүп бермек. Бүтпөй калды. Кышкысын сууктан улам курулуш токтоп калды окшойт, жазга чейин күтө туралы деп ойлодум.
"ТСТ-Сервис строй" курулуш компаниясынын директорунун аты-жөнү Бактыгүл Дүйшөналиева. Жазында анын күйөөсү Таалай Жуматаев келип, мына азыр баштайбыз деп ишендирип кеткен. Азыркыга чейин эч бир кыймыл жок. Чалсак албайт. Үйүнө барсак чыгышпайт. Үй 12 кабаттуу. Батирлерин бүтүрүп кирип алгандар аябай кыйналып жатат. Кары-картаңдар, балалуу, кош бойлуу келиндер бар. Суусу да жакшы берилбейт. Бир күн чыкса, бир күн жок. Жылуулук да жок. Газ да коюла элек. Эч нерсеси жок.
Подъезддин ичинде кара шыбагы менен эле капкараңгы болуп турат. Беш жана үч жаштагы эки балам бар. Алар коркуп, өз алдынча кирип-чыга алышпайт. Лифт жок. Лифтин шахтылары, өрт коопсуздугу үчүн курулган чыгуу эшиктери ачык. Аябай кооптуу болуп турат. Электр зымдары ачык. Мен батиримди 30 миң долларга алгам. Ошондо чарчы метри 650 доллардан болуп калат. Үй 650 долларлык баага татыктуу эмес да”.
Биз "ТСТ-Сервис строй" курулуш компаниясынын жетекчилиги менен байланышууга аракет кылып, жооп ала алган жокпуз. “Азаттык” радиосу бул компаниянын түшүндүрмөсүн угууга даяр.
Белгилей кетсек, Бишкектин 12-кичи районунун 64/1 дарегинде курулган 12 кабаттуу турак үйдү "ТСТ-Сервис строй" курулуш компаниясы кардарлар менен түзгөн келишиминде 2020-жылы бүтүрүп берүү милдетин алган. Айрым кардарларга компания ээлери курулуш толугу менен 2021-жылы жай айларында бүтөт деп ишендирген.
Учурда 86 батирлүү үйдүн сырткы жасалгасы жарым-жартылай бүткөн. Лифт куруу, подъезддердин жасалгасы баштала элек.
"Кадр тандоо ишинде калыстык жок экен"
Бишкек шаарынын тургуну Бекболот Советбеков Кыргызстанда кадр тандоо акыйкат жүрбөй жатканын коомчулукка айтканы келген. Ал жумушка кабыл алуу сынагына катышкан учурда мыйзамсыз аракеттерди байкап калып, ачык тоскоолдуктардан улам териштирүүнүн аягына чыкпай койгон.
Угарманыбыз билимдүү юрист болуп туруп өз укугун сактап кала албасам, башка жарандар акыйкат издөөнүн кажети жок деген ойдо.
“Кыргызстанда кадр саясатындагы коррупция бар экенин элге жеткирейин деген ойдо кайрылып жатам. Себеби кадрлар таза тандалса, мамлекеттин өнүгүшүнө чоң салым болот деп ишенем. Мен 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин мекенге кызмат кылайын деп Бишкек мэриясына жарыяланган юридикалык бөлүмдүн адистигине кызмат ордуна сынакка катышууну чечтим. Менин билимим, дагы башка талаптары баары туура келгендиктен документтерди тапшырдым. Мыйзам боюнча тестирлөөнү мамлекеттик кадр кызматы өткөрөт экен. Тестирлөө 2020-жылдын 29-декабрында өттү. Менин эч кандай таанышым жок өз күчүм менен өтөм деп ойлоп, аябай катуу даярдандым, бардык мыйзамдарды кайра-кайра окуп чыктым. Тестирлөөгө катышып чыктык. Мыйзам боюнча бүтөрү менен ким өттү жыйынтыгы чыгарылыш керек экен. Алар аны аткарган жок. Мен ошону талап кылдым мага бергиле ким өткөнүн десем бере албайбыз дешти. Мен сынакка катышкан башка адамдардан канча балл алдыңар деп сураштырсам, арасында меники эң көп экен. Анан мен өттүм окшойт деп үйгө кетип алдым. Кечинде сайтка кирсем, башка адамдар өтүптүр. Эртеси күнү мэрияга келип ким өттү деп сурасам “айта албайбыз, дайындап коюшту” деп айтышты. Кадр кызматына барсам Самат деген өткөнүн айтышты. Мен анын аты-жөнү кечээги тизмеде жок эле десем, аны кошконду унутуп калыпыз деп компьютерден көрсөтө башташты. Протоколу Excel форматындагы таблица экен. Эч кандай коргоочу белгилери жок. Аны беш мүнөттө өзгөртүп салса болот. Бир нече жолу арыз жаздым. Ар кандай себептерди айтып жооп беришпеди. Макул деп мыйзам боюнча УКМКга кайрылдым. Алар иш козгоп, аягында ишти кыскартып коюшту. Эч ким жазаланган жок. Эмнеге кыскарттыңар десем “коррупциялык жагдайлар жок” деп айтышты. Баштапкы булакка жетейин десең, ал жакка уруксат жок. Бирок мыйзам боюнча ачык маалымат деп турат”.
Бул кайрылуу боюнча мурдагы Кадр кызматы азыркы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен сурап көрдүк. Мекеменин коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Сураган Босумбаев Бекболот Советбеков катышкан сынак ачык жана акыйкат өткөнүн билдирип, ар бир жаран өзү катышкан сынак боюнча териштирүү жүргүзүүгө бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр каралганын белгиледи.
“Бекболот Советбеков деген жаран 2020-жылы Бишкек шаардык мэриясына сынакка катышкан. Ошол кездеги мыйзамдарга ылайык тесттен эң көп балл алган жаранга артыкчылык берилген, бирок Советбеков тесттен 4-орун алгандыгына байланыштуу кызмат ордуна бекитилген эмес. Андан кийин бул жаран бир жыл бою Кадр кызматы менен байланышып турган. Үстүбүздөгү жылдын башында административдик сотко жана Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ал соттук териштирүүлөрдө Советбековдун кайрылуусу негизсиз деп табылган. Иш токтотулган. Тактай турган нерсе, тесттен өткөндө тесттин баллы тест бүтөрү менен өзүнө көрүнөт. Ошондой эле тест бүтөрү менен протокол менен тааныштырылат. Бул протоколдорду өзгөртүүгө, тесттин балдарын оңдоого адам кийлигише албайт. Адамдык факторго мүмкүнчүлүк жок. Тестирлөө таза, так жана ачык өтөт деп ишендирип кетем”.
"Кызым көчөдө калабы деп корком"
Ала-Бука районуна караштуу Кажар айылынан 83 жаштагы угарманыбыз Маматкадыр Кутманов Бишкекке келген. Ал жалгыз бой кызына ажыратылган жер тилкеси аны таштап кеткен мурдагы күйөө баласынын атына жазылып калганын айтууда. Жер тилкенин менчик ээсин өзгөртүү үчүн барбаган эшиги калбаган аксакал эгер көзү өтүп кетсе, оорукчан кызы үч баласы менен документи жок жерде калып калабы деп тынчсызданат.
“Кутманова Эркинай деген кызым эки кыз, бир уулу менен азыр менин колумда. Бир канча жыл чуркап жүрүп араң сегиз сотых жер тилкеси тийген эле. Көрсө ал мындан сегиз жыл мурда үй-бүлөсүн таштап кеткен күйөө баламдын атына жазылып калыптыр. Ошол каттоосун баласына же кызымдын өзүнө өткөрө албай жүдөдүк. Кызым кайра-кайра депрессияга түшө берип оорукчан болуп калган. Айыл өкмөт сот аркылуу гана өзгөртсө болот дейт. Ала-Бука сотуна барсак, Жалал-Абад облустук сотко баргыла дейт. Аларга барсак мурдагы күйөө балаңыз өзү келиши керек дейт. Сегиз жылдан бери дайын-дареги жок деп айтып түшүндүрөйүн десем, бизди кабыл албайт. Сегиз жылдан бери ушул маселе менен сүйрөлүп жүрөбүз. Кокус көзүм өтүп кетсе, кызым балдары менен көчөдө калабы деп корком. Президентке да кат жолдодум. Бирок жооп болбоду. Ушу радиодон угуп мени түшүнөр бекен деп кайрылып жатам. Бир эле тилегим ушул кызым мыйзамдуу жер тилкесинде очор-бачар болуп калса экен дейм”.
Биз Маматкадыр Кутмановдун жагдайы боюнча Кажар айылынын башчысы Ысманалы Жоробаевдин пикирин сурадык. Ал аксакалдын айткандарын ырастап, жердин ээсин өзгөртүүгө жергиликтүү бийликтин да күчү жетпей койгонун билдирди.
“Маматкадыр аксакал көп жакка кайрылды бирок жол-жобосун таба албай койдук. Ал кызынын балдарын жаштайынан өзү каралашты. Анын байбичеси баатыр эне. Баарыбыз бул үй-бүлөнү сыйлайбыз. Өзүнүн балдарын эрезеге жеткиргенден кийин эми ушинтип неберелерин чоңойтуп жатат. Кызы оорукчан болуп калганы анык”.
"Эл үнү" берүүсүнө сунуш-пикир, кайрылууларды +996 312 21 94 23 шаардык номери аркылуу жана WhatsApp, Telegram тиркемелеринен +996 550 988 755 номерине жиберсеңиз болот.