Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

"Үйдөн же акчадан жок". Кооперативдин арабөк калган кардарлары


Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, акыркы айларда бир катар турак жай кооперативдерине кылмыш иштери козголду. “Ихсан”, “Биринчи курулуш”, S-Line кооперативдеринин айрым жетекчилери “алдамчылыкка” жана “ишенип тапшырган мүлктү ыйгарып алууга, коротууга” шек саналып, камакка алынды.

Алар 18 миллион сомдон 121,3 миллион сомго чейин зыян келтирген деп шектелүүдө. Жүздөгөн кардарлар төлөгөн каражатын же турак жайын ала албай, арабөк калууда.

Миңдеген адамдардын ишенимине кирген кооперативдер эмнеге кыйрады? Кардарлардын каражаттарын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү канчалык? Жагдайды кантип жөнгө салуу керек? “Арай көз чарай” талкуусу ушул жана башка суроолорго жооп издеди.

Талкууга “Ихсан” турак жай кооперативине каражат тапшырган жабырлануучулар Медербек Эсеналиев, Зарылбек Шерматов, ушул эле кооперативдин өкүлү, жактоочу Төлөгөн Келдибаев жана Кооперативдер бирлигинин төрайымы Айнура Иманбекова катышты.

"Мамлекет мунун пирамида экендигин эскерткен эмес"

Медербек Эсеналиев: Азыр коомчулукта калк каржылык жактан сабатсыз болгон үчүн алданып жатат деген сөздөр чыгууда.

Андай эмес, азыр мамлекеттин ипотекалык программасынын натыйжасыздыгынан, көп документ топтоо зарылдыгынан, банктарда талаптардын, кредиттик пайыздардын жогору болгондугунан элдин көбү ушундай кооперативдерге акча салып, бири-бирине жардам берип, ошонун негизинде үй алганга аракет жасап жатат.

Биз деле эл катары күмөнүбүз жок акча бергенбиз. Тилекке каршы, акчасыз да, үйсүз да калдык.

Медербек Эсеналиев.
Медербек Эсеналиев.

Биз 800 миң сомго жакын акча бергенбиз. 60-70 миң доллардан берген адамдар да бар. Өздөрү жашаган эки-үч бөлмөлүү үйүн сатып, жер үй алабыз дегендер болгон. Алыстагы үйлөрүн сатып, Бишкектен үй алам дегендер да аябай көп болгон экен. Мен бир аялды билем: “Ихсан” менен макулдашып, ага 30 миң доллар, үй ээсине 5 миң доллар берип, акырында акчадан да, үйдөн да куржалак калып атат. Мындай жабырлануучулар аябай көп. Мисалы, Оштон бирөө мага чалып калды: “ноябрь айында үй алышым керек эле, 4-5 ай алдап, кармап келди” деп.

Негизи бул кооперативде мыйзамдуулук сакталган. Мамлекет талап кылган уставдары бар, реестрден өткөн. Мыйзамсыз жактарын көрбөйсүз. Мамлекет болсо мунун пирамида экендигин эскерткен эмес. Ошондуктан, элдин көбү ишенген. Ошол эле учурда булар кезекти бузуп, тааныштарына, блогерлерге элдин акчасынын эсебинен үй алып берип турган. Отчет бергенди унутуп калышты да, корпоратив пирамидага айланып, кулады.

“Ихсан” жоопкерчиликтен качкан жок”

Төлөгөн Келдибаев: Бүгүн "Ихсан" кооперативинин байкоочу кеңешинин төрайымы Кылмыш-жаза кодексинин 209-210-беренелери боюнча “алдамчылык”, “берилген мүлктү максатсыз пайдалануу” боюнча сентябрга чейин камакта отурат. Бул койгон доолордун бардыгы негизсиз.

Кооператив менен мүчөлөр ортосунда келишпестик жарала турган болсо Жарандык Кодекске, “Кооперативдер жөнүндөгү” мыйзамга, кооперативдин уставына, эки тараптуу келишимге ылайык иш жүргүзүш керек эле. Тилекке каршы, ИИМ жарандык тартипте карала турган иштин бардыгын кылмыш ишине айландырганга аракет кылып жатат.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

Юрист, адвокат катары айтарым “Ихсан” кооперативинин ичиндеги иштерде эч кандай кылмыштын курамы жок. Эгер үй алып жаткан адамдар макул болбосо жарандык тартипте сотко арыз менен кайрылыш керек болчу. Бүгүнкү күндө ИИМ КТР, ЭлТР аркылуу "ким жабыр тартса, бизге келип кайрылгыла" деп массалык түрдө чакырып атат. Ушунун негизинде миңге жакын адам арыз берип жатат. “Кооперативдер жөнүндөгү” мыйзамдын 16-жобосунда: “эгерде мүчө салган акчасын кайтарып ала турган болсо 1,6 жылдын ичинде кооператив төлөп берүүгө милдеттүү” деп жазылып турат. Бүгүн 3 миңден ашык жаранга турак жай берилди. Алардын алды акчасын төлөп бүтүп калды. Ошолордун эсебинен артында тургандарга дагы батирлер алынып берилип жатат. Азыр миңге жакын адам менен өз ара эсептешүү жүрүп, түшкөн акчадан кайтарылып берилип жатат. Токтоп калган жок. Каражат максаттуу пайдаланылган.

"Ихсан" кооперативине нааразы болуп чогулгандар. Апрель, 2022-жыл. Жетекчиси Адинай Бекмурзаева (ак кийимчен, ортодо).
"Ихсан" кооперативине нааразы болуп чогулгандар. Апрель, 2022-жыл. Жетекчиси Адинай Бекмурзаева (ак кийимчен, ортодо).

Азыр кооперативдин мүчөлөрүнүн тандоосуна ылайык аларга “Мунар” курулуш компаниясы 75 батирлүү үй куруп жатат. “Мунар” курулуш компаниясына мүчөлөрдүн акчасынын эсебинен айына 5 миллион сомдон, башкача айтканда күнүнө 200 миң сомдон которулуп жатат. “Ихсан” жоопкерчиликтен качкан жок.

"Булар жарнаманы абдан жакшы пайдаланышты"

Зарылбек Шерматов: Мен 2021-жылдын сентябрь айында 700 миң сом салгам. Кооперативдин 25+4 деген программасы бар. Ага ылайык мен сегиз айдын ордуна беш айда батир аласыңар деген акциясына кезигип калгам. Келишим боюнча 2022-жылдын 11-февралында мага үй алып беришмек. Биз түзгөн келишим боюнча үй алып бере албаса, акчасын кайтарып бермек. Тилекке каршы андай болгон жок. Артынан түшүп эки ай жүрдүм.

Булар жарнаманы абдан жакшы пайдаланышты. Ошол күчтүү жарнамасына мага окшогон билими бар адамдар арасында да алданып, адашкандар көп болду. Бул алдамчылык. Анткени кооперативдин шарты боюнча булар биздин акчага үй алып беришмек. Анын ордуна өздөрү билип, жер сатып алып, өзүнчө курулуш иштерин жүргүзүп, биздин акчаны максатсыз иштеткени үчүн кооперативдин иши кулады. Булар азыр 3,5 миң кишиге үй алып бердик деп атышат. Алардын артында 6 миң адам моминтип акчасын салып коюп, күйүп турушат. Мен 700 миң эле сом салдым. 30-40 миң доллар салдым дегендер бар. Кооперативдин айынан канча үй-бүлө ажырашты.

Бүгүнкү кырдаалдан мамлекет, ИИМ, тиешелүү мекемелер аудит жүргүзүп, турак жай ала элек адамдардын салган акчаларын кайра кайтарып бербесе, “Ихсандын” адамдарынан азыр элдин ишеничи кетип турган убак. Мамлекет гана чечпесе бул маселени “Ихсан” чечпейт.

"Юристтердин көбү кооперативдердин табиятын түшүнбөйт"

Айнура Иманбекова: Кооперативдердин жалпы жыйыны иш орундардын ижарасына, анда иштегендердин айлыгына кетчү чыгымдарды бекитип бериши керек.

Башкаруу органдары бекитилген бюжеттен чыкпай, аткарыш керек. Булар протокол менен тастыкталып, ал так аткарылса, аны акча жеди деп айта албайбыз. Эгер кооператив мүчөлөрү жалпы жыйында чыгымдарды бекитип бербесе, жетекчи органдар шайлоо жолу менен келбесе, максатсыз чыгымдар болсо анда жоопко тартууга болот. Бирок мен юрист болбогондон кийин беренелери тууралуу так айта албайм.

Айнура Иманбекова.
Айнура Иманбекова.

Экинчиден, башкаруу органдарына текшерүү комиссиясы кирет. Текшерүү комиссиясы шайланса, эмне үчүн мүчөлөр тарабынан көзөмөл жок? Ар үч айда ошол шайланган мүчөлөрү текшерип турушу керек. Мисалы, бир кооператив миллион сом топтосо, анын 10 пайызын бекитилген бюджетке ылайык административдик чыгымга жумшаса (мен ойлоп атам, бюджет бекиген эмес болуш керек), калган 90 пайызына кезек менен үй алып атса, калган мүчөлөрү кезекти күтпөстөн чаң салып атса, ал туура эмес. Бул түшүнбөстүк болот.

Мунун чоо-жайын так билбегенден кийин күнөө кимде экенин айта албайм. Бирок мен билгенден юристтердин көбү кооперативдердин табиятын түшүнбөйт. Акча агымы жок болуп атса эле акчаны жеп койду деп камап коюу туура эмес. Адегенде максатсыз кеткен акча барбы-жокпу, ушуну такташ керек. “Мунар” курулуш компаниясына акча которуп атат деп атат. Анда 75 киши үйлүү болот экен. Арзан баада үй куруп берүүнү турак жай кооперативдери көтөрүп жаткан. Бул дагы жакшы нерсе. Бирок, бул дагы мүчөлөрдүн протокол менен тастыкталган макулдугуна көз каранды. Көп суроолор бар. Азыр үч кооперативдин жетекчиси камалды. Адвокат булардын күнөөсү – үй алып берүү мөөнөтүн белгилеп койгонунда деп атат. Адвокаттар менен жолуккум келип атат. Кандай күнөөлөр, канчалык деңгээлде туура тагылып жатат? Мен дагы өтө кызыкдармын.

Өнүккөн мамлекеттерде кооперативдердин ушул түрү алардын уставынан тышкары кошумча мамлекеттик көзөмөлдө турат. Белгилей кетейин, Жогорку Кеңештеги “Ишеним” фракциясынын алкагында тогуз адамдан турган атайын жумушчу топ түзүлдү. Ошол жерде биз мыйзамга турак жай, сактык касса кооперативинин аныктамасын, жоопкерчилигин, укуктарын тактап киргизүүнү карап жатабыз.

Кооперативдин ушул түрүнө байланыштуу эл аралык күчтүү эксперттер менен сүйлөшүп жатам. Алардын билимин колдонууга чакырып жатам. Өзгөрүүлөр азыркы иштеп жаткан мыйзамга киргизилеби же жаңы мыйзам жазылабы, айта албайм, бирок азыркы чыр болуп жаткан кооперативдердин ишмердиги жөнүндө мыйзам жаралат. Ошонун негизинде мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Бул боюнча ишти баштадык.

Талкуунун толук версиясын бул шилтеме аркылуу көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG