Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти алмашты. Буга чейин Ошто өткөн көкбөрүдөн кийин федерациянын дарегине бир топ сындар айтылган. Тополоң менен коштолуп, бир катар адамдар камалган ал окуя оюндун мындан аркы эрежесин өзгөртөбү?
17-октябрда Бишкекте Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын кезектеги жыйыны өттү. Анда мурдагы президент Талас Бегалиев отчёт берип, кызматын тапшырды. Анын ордуна жалгыз талапкер Рамис Жунусалиев 58 делегаттын колдоосу менен федерациянын президенти болуп шайланды.
39 жаштагы Жунусалиев 19 жыл улак тартып, кийин өзү ойногон "Сары-Өзөн", "Суусамыр" командаларын жетектеген. 2022-жылдан бери федерациянын вице-президенти болуп иштеп жаткан.
Ал трансфердик регламентти киргизүү, оюнчулардын коопсуздугун камсыз кылуу, Көкбөрү федерациясынын сайтын түзүп, оюндарды түз эфирде көрсөтүүдө монетизациялоо сыяктуу пландары менен бөлүштү. Эң башкы максаты - оюн эрежесин өзгөртүү экенин белгиледи.
“Бүгүнкү күндө көкбөрүдөгү бирден бир маселе - бул жаңы эрежени иштеп чыгуу. Аны баарыңыздар билесиздер. Канча жылдык тарыхы бар футбол оюну да бүгүнкү күнгө чейин эрежесин алмаштырып келет. Көкбөрү динамикалуу спорт болгондуктан, ар дайым жаңыланууга муктаж. Эрежени жаңылоодо көп маселелер бышып жетилди. Жаңыланууну киргизүүдөн коркпош керек. Анан 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүнү тай казан менен өткөрүүгө бар аракетимди жасайм", - деди Жунусалиев.
Жыйынга Эл аралык көкбөрү федерациясынын президенти, баш прокурор Курманкул Зулушев, дене тарбия спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов жана Көкбөрү федерациясынын өкүлдөрү да катышты.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев быйыл август айында Эл аралык көкбөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.
Ал Эгемендик күнүндө Ошто өткөн, президент Садыр Жапаров өзү катышкан көкбөрү оюнунда чыр чыкканын эске салды. Бул коопсуздукка шек келтире турганын белгилеп, мындан ары тартип сакталбаса, мамлекеттик иш-чараларда көкбөрү ойноого тыюу салынарын эскертти.
“Коопсуздук боюнча чоң маселе бар. Кечээ Кочкордо Ормон Хандын 230 жылдыгында ат оюндары өттү. Бирок көкбөрү өткөн жок. Баарыңыздар көрдүңүздөр, сездиңиздер. Президент Садыр Нургожоевичтин сөзүн айтайын. Ал Оштогу 31-август эгемендик күнүндө болгон оюндан кийин, эгер дагы бир жолу ушундай тартипсиздик кайталанса, мамлекеттик деңгээлдеги оюндарга убактылуу көкбөрүнү кошпой эле коюңуздар деди. Себеби, коомчулукка, мамлекеттин коопсуздугуна терс таасир тийгизет. Ошондуктан алтын баштуу улакчы болсо да эрежени одоно бузса, жазалашыбыз керек", - деди Зулушев.
Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында 31-август - өлкөнүн Эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыккан чыр чыккан. Оюн жыйынтыгына, калыстын чечимине нааразы айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен урган.
Тополоңдон кийин жети адам жараат алып, алардын бири ооруканага жаткырылганы, 65 киши сурак берип, тогуз киши камакка алынганы кабарланган.
Көкбөрү федерациясынын мурдагы президенти Канат Исаев федерациянын уюштуруу иштеринде кемчиликтер бар экенин айтып, айрыкча калыстарды окутууга көңүл буруш зарыл экенин айтты:
"Бул 31-августта Ош шаарында болгон окуядан эле башталып кеткен жок. Федерация тиешелүү көңүл бурбай жаткандыктан, майда нерселер чогулуп отуруп анан жарылды. Демек буга чейин алдын ала чара көрүү керек болчу. Көкбөрү кыргыздын ынтымагын күчөтө турган оюн болушу керек эле. Ынтымакты ыдыратып, аймак, район, айыл болуп бири-бири менен касташып, өчөшкөнгө себеп болбош керек", - деди Исаев.
Көкбөрү федерациясы быйыл Чолпон-Ата шаарында көкбөрү боюнча клубдар арасында Дүйнө кубогун өткөргөн. Бул иш-чарага Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, АКШнын командалары катышкан. Мелдеште жаңы эрежелер киргизилип, жаңы технология менен жасалган тайказандар орнотулган.
Кыргызстанда клубдар арасында көкбөрү боюнча жылына негизинен үч-төрт жолу – Ноорузда, 9-май Жеңиш күнүндө, 31-август Эгемендик майрамынын урматына чоң мелдештер өтөт. Ар бир оюнда калыстарга, оюндун эрежесине байланыштуу майда-барат чыр-чатактар чыгып келген.
Кыргызстанда көкбөрү боюнча Жогорку, Биринчи, Экинчи жана 45 жаштан жогорку курактагы көкбөрүчүлөр арасында лигаларда оюндар өтөт. Аталган лигаларда 30тан ашуун команда ойнойт. Мелдештер 40 миңден ашуу көрүүчү чогултат.