Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Кытайдагы казактар расмий Астанадан колдоо күтөт


Кытайдын ШУАРына караштуу Алтай аймагындагы малчы казактар. 2.6.2012.
Кытайдын ШУАРына караштуу Алтай аймагындагы малчы казактар. 2.6.2012.

Кытайдан Казакстанга көчүп келген айрым казак тегиндеги тургундар КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районуна барган туугандары четинен камакка алынып жатканын айтып чыгышты.

Кытай бийликтери камакка алынган казак тегиндегилерге кандай айып тагып жатканы азырынча белгисиз.

Буга чейин аталган аймакта казак тегиндегилерге негизинен диний себептерден улам басым күчөгөнү кабарланган жана бул маселе эки ай мурда Астанада президент Нурсултан Назарбаев катышкан казактардын бүткүл дүйнөлүк курултайында сөз болгон эле.

Алматы шаарынын 70 жаштагы тургуну Салипа Такаш кызы КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районунан Казакстанга 2002-жылы эле көчүп келген жана казак жарандыгын эки жылдан кийин, 2004-жылы алган. Анын кичүү эки уулу менен кызы дагы казак жарандары. Бирок анын тун уулу Жеңисхан Багдал дагы эле кытай жараны жана Казакстанда туруктуу жашаганга уруксатты ушул жылдын башында, февраль айында алган.

Салипа Такаш кызы
Салипа Такаш кызы

​Салипа Такаш кызы өз уулу Үрүмчүдө калган аялы менен баласына учурашууга барганда камакка алынганын "Азаттыктын" казак кызматына айтып берди. Баласы 1972-жылы туулганын, бирок анын тек-жайы тууралуу документте эмнегедир 1968-жыл деп жазылып калганын кошумчалады:

- Азыр ал Үрүмчүнүн жанындагы Шисан деген жерде камакта экен. 2-майда эле камалган. Биз анын документтери ката жазылып калган экен деп уктук. Келиниме чалсам: "Биздин партия акыйкат, чынчыл жана алдыда" деген сөздөрдү эле кайталап жатат. Уулум телеканалда үн коштоочу болуп иштечү. Аны жумуштан уйгур тилиндеги сериалдагы үндөрдү окуп жаткан жеринен кармап кетишиптир.

Салипа Такаш кызы бир канча айдан бери уулунан кабар ала албай жатканына кейиди. Анын айтымында, келини адвокат жалдаган, бирок ал Жеңисхан Багдал менен жолуга албай жүрөт. Салипа Такаш кызы ушул тушта казак бийликтерине үмүт артып турган кези.

Казакстанда туруктуу жашаганга уруксат алган дагы бир кытайлык казак Жаркынгбек Касымбай уулу (казакча Жаркынбек Касымбай улы) да Кытайдагы туугандарына конокко барганда камакка алынганы маалым болду. Анын уулу Айтугандын айтымында, атасын өткөн айда КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районуна караштуу Боро-Талаа (Буратола) шаарынын коомдук коопсуздук кызматкерлери кармап кеткен:

- Күнөөсү жок болсо деле 28-июлда 10 жылга кесип жиберишти. Атамдын болгон күнөөсү - байкем Жумадан экөөбүздүн казак жарандыгын алганыбыз болду окшойт. Анткени ушул күнгө чейин атама кандай айып тагылганын бизге кабарлаша элек.

Жаркынбек Касымбай уулу
Жаркынбек Касымбай уулу

Айтуугандын айтымында, ата-энеси соңку күндөрү Казакстанда жашап жаткан. Атасы Кытайга улуу кызынан кабар алууга барган.

Ал ортодо айрым жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Казакстанда университеттердин биринде окуп жаткан Акку Еренбек аттуу кытайлык казак студент кыз жайкы каникулда ата-энесине баратканда казак-кытай чек арасында кармалганы тууралуу жазып чыгышты. Анын камалышына телефонунан Курандын айрым аяттары табылганы себеп болгон. Бирок Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ануар Жайнаков мындай маалымат министрликте жок экенин айтууда:

- Акку Еренбек кытай жараны. Экинчиден, анын туугандары же дагы башка адамдар анын кармалышы тууралуу арызданып, бизге кайрыла элек.

Ануар Жайнаков айрым казак тегиндеги кытайлык жарандар Казакстанда туруктуу жашоого уруксат алганы менен дагы эле Кытай жарандары экенин белгиледи. Өзү иштеген мекеме казак жарандарынын гана укугун коргой аларын кошумчалады.

"Азаттыктын" казак кызматы камакка алынып жаткан казак тегиндегилер боюнча Алматыдагы Кытай консулдугуна кайрылды. Өзүн Мөлдир деп тааныштырган кызматкер буга чейин консулдукта мындай маселе боюнча жыйын болгонун кабарлады.

- Адамдар чогулду, телеканалдар чакырылып, интервьюлар берилди. Ошол учурда биздин консулдуктун кызматкерлери чогулгандарга Казакстандагы Кытай элчилигине же Тышкы иштер министрлигине кайрылышы керектигин айтышты. Бул маселени өз алдынча чече албайбыз дешти.

"Азаттыктын" казак кызматы буга чейин соңку күндөрү Кытайда казактардын диний жана саясий укугун чектөө көбөйгөнүн жазып чыккан.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары расмий Бээжинди башкача ой жүгүрткөн, бөлөк көз караштагы уйгур тектүү жарандарга жасаган терс мамилеси үчүн айыптап келишкен. Алардын пикиринде, азыр мындай ыкмалар казак тегиндегилерге карата да колдонула баштады.

Кытайдагы казактар маселесин айдын этегинде Астана шаарында казактардын дүйнөлүк 5-курултайында ушул тушта Германияда жашаган казак тегиндеги Омирхан Алтын айтып чыккан. Бул иш-чарага казак президенти Нурсултан Назарбаев да катышкан. Омирхан Алтын "Азаттыктын" казак кызматына берген маегинде Кытайдагы казактарга жасалган мамилеге казак президентинин көңүлүн бурдурууну өз милдети деп эсептегенин айткан.

Кытайда казактар негизинен Шинжаң-Уйгур автоном районуна караштуу Иле-Казак автономдуу аймагында, Алтай жана Тарбагатай жана башка аймактарда, Үрүмчү шаарында жашайт. 2000-жылдагы эл каттоого ылайык, алардын саны бир миллион 250 миңге чамалайт. Казактардын өздөрү Кытайдагы санын 2 миллионго жетет деп санашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG