Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:25

Мунайчылар ачкачылыкты токтотпойт


Казак муначылары
Казак муначылары

Казакстанда ачкачылык кармап жаткан мунайчылар Актау сотунун чечимине каршылыгын билдирип, акциясын улантарын айтышууда. Буга чейин жөн гана байкоо салып турган "Эмир ойл" компаниясынын кесиптик кошууну болсо жумушчуларды колдоорун билдирди.

Oil Construction Company (OCC) ишканасынын жүздөгөн кызматкери Көз карандысыз профсоюздар конфедерациясын каттоону талап кылып, эки аптадан көп убакыттан бери ачкачылык кармап келатышат.

18-январда компания сегиз жумушчунун үстүнөн арызданып, кесиптик кошуундун кеңсесинде акция өткөрүүнү токтотууну, имаратты бошотууну талап кылган. Актау шаарынын соту эртеси ачкачылыкты “мыйзамсыз” деп тапкан жана анын токтотуу жөнүндө чечим чыгарган.

Ошол эле күнү жумушчуларга соттук аткаруучу келип, бирок мунайчылар орус тилинде жазылган документтин котормосун угуудан баш тартышты. Алар ачкачылык жарыялоо жамааттын чечими болбогонун, ар бири өз өзүнчө жарыялашканын айтышты.

Ачкачылык кармаган мунайчылар
Ачкачылык кармаган мунайчылар

"Сот мага тиешелүү эч кандай чечим чыгарган эмес. Ошон үчүн көз карандысыз профсоюзду жактай берем", - дейт компанияда айдоочу болуп иштеген Канат Сагызбаев.

Сот өкүлү менен кошо келген Актау шаарынын прокурору Марат Тойжан "күч колдонуп эч кимди имараттан чыгарышпай турганын, бийлик өкүлдөрү соттун чечими менен тааныштыруу үчүн гана келишкенин" маалымдады. Бирок жумушчулар сот адилетсиз өткөнүн, судьяга каршылык билдирилгени көңүлгө алынбаганын белгилешти.

19-январда "Эмир ойл" компаниясынын кесиптик кошууну Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевден кырдаалга кийлигишүүнү өтүндү. Кайрылуунун авторлору бийлик абалга көңүл бурбай койсо, акцияга кошулушарын эскертишти. Мангыустау облусунун акими Алик Айдарбаевге да жолдонгон катта жумушчуларды ачкачылыкка түрткөн себептерди иликтөөгө убакыт келгени айтылат.

"Профсоюздардын Республикалык федерациясын толук кандуу профсоюз деп эсептебейм. Биз анын курамында 2010-2016-жылдары болуп келгенбиз. Алар талаптарыбызды колдочу эмес. Көз карандысыз конфедерация катталса, көпчүлүк кесиптик кошуундар республикалык федерациядан чыгышат деп ойлойм", - дейт "Эмир ойл" компаниясынын профсоюзунун жетекчиси Берик Сартов.

Шаршембиде болсо ачкачылык кармап жаткандар менен облус акими жана башка жетекчилер жолугушкан.

Жумушчулардын бири Галымбек Отжанаев аким алардан "эмне себептен көз карандысыз профсоюзду каалайсыңар, бул адамдар силерди эмнеге түртүп жатышат?" - деп сураганын айтып берди. "Биз эч ким менен согушкан жокпуз, жөн гана укуктарыбыздын сакталышын каалайбыз", - деди Отжанаев.

Акимиат ачкачылык кармагандардын саламаттыгына догдурлар байкоо салып жатышканын билдирди.

Өтүп бараткан аптада акция катышуучуларынын саны көбөйүп, 400 кишиге жетти. Компаниянын маалыматы боюнча Актаудагы кеңседе 292 жумушчу ачкачылык кармашууда. Калмакас кенинде 270, Жетибайда 100дөн көп киши тамактан баш тартууда.

Чымкентте жайгашкан Көз карандысыз профсоюздар Конфедерациясын жоюу токтомун Түштүк-Казакстан облусунун экономикалык соту ушул жылдын 4-январында чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG