Жакынкы айларда Кыргызстан толук кандуу мүчөсү боло турган уюмда бирдиктүү валюта киргизилишине Бишкекте кандай пикирлер бар?
Сунушка жооп боло элек
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бирдиктүү валюта киргизүү зарылдыгын Владимир Путин финансы-экономикалык кризистерге биргелешип каршы турууга жана ички базарды коргоого жеңилдик болушу менен байланыштырган. Бирок Казакстан жана Беларустан азырынча бул сунушка “ак” же “көк” деген жооп боло элек.
Бирдиктүү валюта киргизүү максатында Орусия жана Беларус 2002-жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүп келатканы маалым. Бирок эмиссиялык борбор боюнча тараптар бир пикирге ошол мезгилден бери келе элек. Эмиссия же акча чыгаруу укугу кимде болсо, анын пайдасын да ошол мамлекет көрөрү белгилүү. Күчтүү экономикасы бар мамлекетте акча чыгаруу укугу канчалык пайдалуу экенин АКШнын долларынын мисалында байкоого болот.
Орус маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, орус президентинин буйругу менен Орусиянын Борбордук банкы жана Каржы министрлиги Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү валютасы боюнча нормативдик база жана иштешүүнүн жол-жобосун түзүүгө кирише баштады. Алар өз сунуштарын сентябрь айында даярдап келиши керек.
Кыргызстан бирдиктүү валютаны колдойбу?
Бул мезгилге карай Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калат. Кыргыз өкмөт башчысынын Бажы биримдиги боюнча кеңешчиси Олег Панкратовдун “Азаттыкка” маалымдоосуна караганда, Кыргызстан бирдиктүү валюта боюнча сүйлөшүүгө катыша элек. Республика биримдиктин толук кандуу мүчөсү болгондон кийин гана талкууларга катышуусу күтүлөт:
- Эгерде биз белгиленген мөөнөттө - май айында Бажы биримдигине кирсек, мына ошондон кийин бул маселени талкуулоого биздин өкүлдөр катыша баштайт деп ишенсек болот. Ошондо биз талкууга катышып, таасир эте алабыз. Бизге пайдалуу болсо колдойбуз, болбосо каршы чыгабыз.
Олег Панкратовдун айтымында, Бажы биримдигинин мүчөлөрү бирдиктүү валютаны 2025-жылдан кийин киргизүүнү пландаштырып жаткан. Бирок акыркы мезгилде Орусия аны тездетүүнү сунуштап чыкты.
Бирдиктүү валюта адегенде Орусия, Беларус жана Казакстанда ишке кирип, андан кийин Армения жана Кыргызстанга киргизилери күтүлүүдө.
Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Курманбек Дыйканбаев бирдиктүү валюта Кыргызстанга финансылык туруктуулукту алып келиши менен ыңгайлуу дейт:
- Ошол бизди кичине сактап калат. Эртеңки күнү сомдун баасы түшүп кетсе, биз таптакыр эле шылынып калабыз. Мына божомол боюнча күзгө чейин сом 75 чыгып калат дешүүдө. Ошондой болбош үчүн биз бирдиктүү валютага киришибиз керек.
Улуттук акчаны жоготуу эгемендикке доо кетирет
Бирок бирдиктүү валютага кошулуу көз карандысыз акча-финансы саясатын жүргүзүүдөн кол жууп калуу экенин эскерткендер да бар. Республиканын мурунку каржы министри Акылбек Жапаров:
- Биз чабалбыз, начарбыз деп эле Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болсо да президенттерибиз аскерий эгемендүүлүктү Москвага берип салган. Анан эми экономикалык эгемендүүлүктү да четинен берип жатабыз. Биздин көзүбүз жетпейт, жалгыз эчтеке кыла албайт экенбиз деп атып, тышкы соода-сатык саясатын бергенбиз. Бажы саясатын бердик. Эми Бирдиктүү экономикалык аймакка кирсек, өзүбүздүн валюта саясатыбызды дагы беребиз. Демек, экономикалык эгемендүүлүктү толук жоготуп, Москвага баш ийебиз.
Акылбек Жапаровдун пикиринде, экономикасы эң чоң болгондуктан рублдин бирдиктүү валюта катары кирүүсүнө мүмкүнчүлүк көп. Ошол эле учурда казак президенти Нурсултан Назарбаевдин алтынды киргизүү сунушу да каралышы мүмкүн.
Европа биримдигинин үлгүсүндөгү бирдиктүү валюта киргизилген күндө да анда Орусиянын таасири күчтүү болот. Бул Европа биримдигинде экономикасы чоң Германиянын таасири эң күчтүү болуп жатышынан көрүнүп турат дейт Жапаров.