Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Мырзаканов: Согуштан кайтпай калган 1360 адамдын дарегин тактадык


Каныбек Мырзаканов ортодо
Каныбек Мырзаканов ортодо

Экинчи Дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон, кайтпай калган кыргызстандык аскерлердин дайын-дарегин иликтеген “Эрдик-Подвиг” уюмунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: 5-майда Бишкектеги Жеңиш аянтында Экинчи Дүйнөлүк согуштан кайтпай калган жоокерлерди эскерүү иш-чарасы болот экен. Кимдер катышат? Уюштуруучулар кимдер?

Мырзаканов: Биз эскерүү иш-чараларын жыл сайын өткөрүп келебиз. Бул жолку эскерүү 5-май күнү Жеңиш аянтында саат 11де башталат. Иш- чарага бардык адамдар катыша алат. Быйыл Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы белгиленет, ошого карата майдандан кайтпай калгандарды эскеребиз. Мекендештерден бул иш-чарага катышуусун суранат элек. Эч ким расмий чакырылбайт. Ар бири өз каалоосу менен келсин. Ал жерде маркумдарга куран окулат жана согушка катышкандардын жакындары ой бөлүшөт. Эң негизгиси аталарды эскеребиз.

“Азаттык”: Согушта дайынсыз жоголгон жоокерлерди издөө, иликтөө иштери кандай жүрүп жатат?

Бүгүнкү күндө кайтпай калган 1360 адамдын дарегин тактадык. "Бизге кайрылгандардын баары табылат” деп эч качан кепилдик бере албайбыз. Бирок колдон келишинче аракет кылабыз.

Мырзаканов: Биздин уюм бул ишти 2010-жылы баштаган. Урааныбыз: “акыркы дайынсыз жоокердин дарегин тапканга чейин иштейбиз”. Бирок кылганыбызды эч качан жарыя кылбайбыз. Биз мурдагы Советтер Союзунун Коргоо министрлигинин архивдери аркылуу иштейбиз. Борбордук архив деп коёт. Memorial.org сайтын пайдаланабыз. Бизге кайрылган кыргызстандыктардын согушка катышкан аталарын, агаларын издөө иштерин жүргүзөбүз.

Бүгүнкү күндө кайтпай калган 1360 адамдын дарегин тактадык. "Бизге кайрылгандардын баары табылат” деп эч качан кепилдик бере албайбыз. Бирок колдон келишинче аракет кылабыз.

“Азаттык”: Каражатты кайдан алып жатасыздар? Кимдер колдоо көрсөтөт?

Мырзаканов: Ачыгын айтканда, бизге финансылык колдоо жок. Болгону моралдык жактан колдошот. Коммерциялык уюм болбогондуктан, соопчулук катары иш алып барабыз.

Каражат бизге байланыш жагына керек. Интернет менен иштейбиз, анын акысын төлөө керек. Биздин иште мобилдик байланыш өзгөчө мааниге ээ. Себеби, Кыргызстандын туш-тарабы менен байланышабыз, андан сырткары чет жакка көп чалуулар болот. Иштегенибизге жети жыл болду. Туруктуу көмөк болбогону менен айрымдар бизди түшүнүп, чын дилинен көмөк көрсөтөт. Бирдик салып бергендер бар. Мисалы, парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты Курманбек Дыйканбаев принтер алып берген. Ал учурда абдан кыйналып жүргөн элек. “Замандаш“ ассоциациясы компьютер алып берген. Депутат Аида Салянова интернеттин бир жылдык акысын төлөп берди.

“Азаттык”: Сиздер менен байланышууну каалгандар үчүн маалымат берип кетсеңиз. Сайтыңыздар барбы?

Мырзаканов: Дал ушул сайт ачуу чоң маселе болуп турат. Сайт ачканга каржы издеп жатабыз. Мени Фейсбуктан жана Одноклассники социалдык тармактарынан Каныбек Мырзаканов деп издесе болот. Байланыш телефондор: (0772) 44 80 10 жана Whatsapp номерибиз (0554) 11 99 65. Бардык “Азаттыктын” угармандарын келе жаткан Жеңиш майрамы менен куттуктайм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG