Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

"Акча абактан куткарбайт". Жакындарды кошо жазалаган жемкорлук мыйзамы


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны катаалдаштыруу мыйзамы күчүнө кирди. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштей албайт.

Жаңы мыйзамга ылайык, коррупцияга айыпталгандар күнөөсүн моюнуна алып, чыгымды төлөгөн күндө да жаза мөөнөтүнүн жарымын абакта өтөөгө тийиш. Аларга пробацияга чыгуу мүмкүнчүлүгү берилбейт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иштеп чыккан бул мыйзамга президент Садыр Жапаров 31-декабрда кол койду.

Бир күндөн кийин, 1-январда атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев түз эфир аркылуу түшүндүрмө берип, алдыдагы эки жылда коррупцияны толук жоюу ниети барын билдирди:

“Мыйзамдарга өзгөртүү киргиздик. Ага урматтуу президентибиз кол коюп берди. Мындан ары коррупция менен кармалган адамдар сөзсүз түрдө түрмө мөөнөтүн алышат. Экинчиден, бул адамдын жакын туугандары, ата-энеси, өмүрлүк жарлары мамлекеттик кызматтан четтетилет. Өздөрү өмүр бою мамлекеттик кызматка ишке орношо албайт. Мыйзамдын катаалдыгы ушунда. Ошол себептүү, мамлекеттик кызматкерлер силерден коррупциялык элементтерге, коррупциялык кылмышка барбоону суранам”, - деди Камчыбек Ташиев.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда буга чейин жемкорлукка айыпталгандар айып пул төлөп, эркиндикке чыккан учурлар болгон. Алардын бири, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов акчалай жана мүлк түрүндө 223 млн доллар же 18 млрд сом төлөгөнү айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев мамлекеттин айыптууну акча төлөтүп, абактан бошотуу тажрыйбасын токтотконун кубаттайт. Ал учурдагы мыйзамды акыркы чара катары сыпаттады:

Эмил Токтошев
Эмил Токтошев

“Соңку жылдары коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатты. Бирок ал жоюлбаганына күбө болдук. Бул мыйзам жемкорлукту жеңүү үчүн бир рычаг. Мен мыйзамды колдодум. Кээ бир аткаминерлер кызматка келгенде өзгөрүп кетишет. Айтсаң жаман көрүшөт “оппозициясың” деп. Албетте бул оор мыйзам. Коррупция менен күрөшүү керек. Камалып, жеген акчасын берип чыгып кетүү деген болбойт. Ушуну сезгенден кийин мамлекеттик кызматкерлер кетип калышы керек же таза иштеши керек. Канчалык деңгээлде жыйынтык бере турганын айта албайм, бирок жыйынтыгы болот”, - деди депутат.

Эмил Токтошев муну менен катар жемкорлукка барган адамды жакындары да тыйып турушу керек деген пикирде. Ал бирок кармалган адам менен кошо туугандарын жумуштан алуу маселеси сот аркылуу чечилиши керек деп эсептейт.

Бул маселе мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатканда да суроо жараткан. Бир катар эл өкүлдөрү жемкорлукка барган адам үчүн анын бир туугандарын иштен алуу туура эмес экенин белгилешкен. Атайын кызматтын төрагасы бул жүйө негиздүү экенин моюнга алып, мыйзамды кайра карап чыгарын айткан болчу.

Депутат Жанар Акаев бул жобо айрым мамлекеттик мекемелердеги туруктуу коррупциялык схеманы жоёт деген ишеним артып турат. Ошону менен катар айыптуунун жакындары кандай учурда жазаланарын түшүндүрдү:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

“Буга чейин күч органында, аскер кызматында жүргөндөр бир тууганы кармалса, аларга бул мыйзам иштебейт. Анткени алар мурда эле жумушка кирген. Жаңы жумушка кире тургандарга, айрыкча күч органында иштегендерге тиешелүү. Бирок Илимдер академиясында же жогорку окуу жайында иштеген адамдын Мамлекеттик каттоодо иштеген тууганы кармалганы үчүн жумуштан кеткени туура эмес. Мисалы “Унаа” ишканасы сыяктуу бир топ мекемелерде коррупциянын туруктуу схемасы бар. Бул мыйзам ишке киргенден кийин алар жакындарыма зыяным тийбесин деп чочулайт деп ойлойм. Бирок ошого жараша мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы да жогору болушу керек”.

"Коррупцияны күч менен жеңүү кыйын"

Коррупцияга каршы күрөш Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери жүрүп келет. Камоолор бардык президенттердин тушунда жүргөнүнө карабай, жемкорлук токтой элек. Мындан улам айрымдар Кытайдагыдай катаал чараларды да сунуштаган учурлар болгон.

Бирок саясий аналитик Мүсүркул Кабылбеков туугандарына чейин жазалоо коррупцияга каршы күрөштө эффективдүү чара эмес экенин белгиледи:

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

“Коррупцияны жок кылуу үчүн мамлекеттик кызматтардын даражасы бийик, маянасы жогору болушу керек. Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик кызматка орношуу чоң жетишкендик катары каралат. Ал жерде иштеген адам мыйзам бузууга барбайт. Албетте, коррупция кайда болбосун, кайсы бир формада бар. Эгер катаал чаралар менен жеңүүгө мүмкүн болсо, дүйнө коррупциядан эбак арылмак. Адамдарды өлүм жазасына тарткан Кытай да аны жеңе элек. Мен азыркы мыйзамдагы туугандарын кошо жазага тартуу, иштен алуу деген жобо эч бир алкакка сыйбайт деп эсептейм. Бул адам укугун бузууга жатат”, - дейт саясий аналитик.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 1-январдагы түз эфирде жарандарды негизсиз күнөөлөгөндөргө же чагым уюштургандарга катуу чара көрүлөрүн да эскерткен.

Анткен менен Мүсүркул Кабылбеков укук коргоо органдары жыйынтык үчүн бул ыкманы колдоно бериши мүмкүн деп шек санайт.

“Мыйзамдын иштеши аны жүзөгө ашыра тургандардын эркинде. Бул жерде УКМКнын эрки жана басымы болгондуктан күрөш жүрөт. Бирок коррупция көп кырдуу, жылмакай жана татаал. Албетте, мыйзам кабыл алынгандан кийин биринчи-экинчи айда өтө катуу иштер жүрүп, чуулгандуу кармоолор болот. Бирок мени коркутканы, буйрукту аткаруу үчүн ар кандай ыкмалар колдонулганы. Буга чейин андайлар болгон. Азыр да күч кызматкерлери жетекчиликке көрүнүү үчүн ушундай иштерге барышы мүмкүн. Азыр мамлекеттик кызматта иштегендер ансыз да коркуп калышты. Чечим кабыл алуу, кол коюудан чочулашат. Айрымдары иштен кетип жатат. Мындай боло берсе, мамлекеттик кызматта жалтак, чабал кадрлар калышы мүмкүн. Мыйзамдын терс таасири ушунда”.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев коррупция менен күрөш ачык коомдо майнаптуу болорун эске салды. Ал жемкорлукту жеңүү үчүн бийлик жарандык коом менен иштешүүсү керек деп эсептейт:

Абдувахаб Нурбаев
Абдувахаб Нурбаев

“Жарандык коом бийликте иштегендерди канчалык көзөмөлдөп турса, ошончолук жыйынтык болот. Эл аралык тажрыйбада ошондой. Албетте, мыйзам керек, бирок аны менен кошо ачыктык да керек. Сөз эркиндиги болушу шарт. Бюджеттин акчасын, аткаминерлердин баскан-турганын эл көзөмөлдөшү керек. Эң негизгиси ошол”.

"Чыгаша кирешеден ашпашы керек"

Ал эми адвокат Нурбек Токтакунов коррупцияны жеңүү үчүн мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашасын эсептөөнү сунуштады. Бул үчүн Кылмыш-жаза кодексинде 340-берене бар, аны туура иштетүү керек деген пикирде.

"Коррупцияны жеңем дегенди колдойм. Бирок аны жеңүү үчүн жазаны күчөтүүнүн кереги жок. Жаза күчтүү болсо андан кутулуу да кымбаттап, коррупционерлер андан бетер байыйт. Коррупцияны жеңүүнүн бир ыкмасы бар - ал жөнөкөй математика. Мамлекеттик кызматкердин акча короткону, буюм алганы же бир жерге сактаган каражаты мыйзамдуу жол менен тапкан кирешесинен ашып түшсө, коррупцияга жатат. Мамлекеттик кызматкерлер декларация толтурат. Бирок билебиз, паракорлор кылмыштуу жол менен тапканын жакынына, досторуна, өнөктөштөргө, офшорлорго которот. Аны жойсо болот, бул үчүн кесиптик ыкмалар бар. Кылмыш-жаза кодексинде "Мыйзамсыз баюу" 340-беренеде көрсөтүлгөн. Анын мааниси мамлекеттик кызматкердин чыгашасы кирешеден ашып кетпеши керек. Ошол эле беренени туура иштетсеңер, мыйзамды катаалдаштыруунун кереги жок".

Нурбек Токтакунов 2023-жылы "Байлыкты легалдаштыруу" мыйзамы да кабыл алынганын, ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер миң сомго чейин төлөп, 100 миң сомго чейин легалдаштырса болорун эске салды. Адвокат коррупцияны жеңиш үчүн мыйзамдагы ушундай карама-каршылыктарды, алешемдиктерди жоюуну белгилеп, бул үчүн атайын сунуштарды даярдаганын кошумчалай кетти.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарына коррупциядан, мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу маалымат бергенде 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылга чейин мамлекетке 168 млрд 287 млн 49 миң сом (1 млрд 945 млн 515 миң доллар) кайтарылганын билдирген.

Аталган каражаттын бир бөлүгү республикалык бюджетке, Бажы кызматына, Салык кызматына жана турукташтыруу фондуна которулганы, мындан тышкары жаңы стадион да УКМК топтогон каражатка курулуп жатканы белгилүү болгон. Атайын кызмат коррупциядан түшкөн каражатты өз алдынча колдоно албай турганын да кошумчалап, жалпы 1174 обьект мамлекетке кайтарылганын, анын 44ү 8 млрд 963 млн сомго сатылганын кабарлаган.

Коррупцияга каршы күрөш: Ташиевдин убадасы, Матраимовдун иши 10-декабрь, 2024-жыл.

Шерине

XS
SM
MD
LG