Жакынкы Чыгыштагы согушка байланыштуу расмий Ташкент Израилдин элчилиги жайгашкан аймакта, синагогаларда жана Өзбекстандагы жөөттөргө караштуу мекеме-жайларда коопсуздук чараларын күчөттү. Синагогаларды күнү-түнү Улуттук гвардиянын жоокерлери кайтарууда.
“Мамлекет синагоганын жанында күзөтчүлөрдү койду. Улуттук гвардия даяр турат. Адамдар келип, сыйынып кетип жатышат. Эч кандай маселе жок”, - дейт Ташкенттеги синагоганын кызматкери. Андан тышкары Кокондогу жөөттөрдүн көрүстөнү да кайтарууга алынды.
Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстанда азыр 10 синагога бар. Ташкентте үч, Самарканд менен Бухарада экиден, калгандары Кокон, Фаргана, Маргалан жана Анжиянда жайгашкан.
1926-жылдары Өзбекстанда 19 миңдей жөөт болгон. 1989-жылы алардын саны 29 миңге жеткен. Анын ичинен 4200ү бухара жөөттөрү эле. 1990-жылдардын башында алардын көбү АКШ, Израил жана Европанын ар кайсы мамлекеттерине чыгып кетишкен.
Газа секторундагы Ал-Шифа ооруканасына дары-дармек жана башка эң керектүү каражаттар жүктөлгөн гуманитардык жүк жеткирилгенин 9-ноябрда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) билдирди.
БУУнун Жардам көрсөтүү жана иштерди уюштуруу агенттигинин (UNRWA) Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте жарыялаган билдирүүсүндө Газадагы эң ири ооруканалардын бирине ушуну менен экинчи жолу гуманитардык жардам жеткирилгени айтылды.
Бирок, алардын белгилешинче, дары-дармек жана башка тийиштүү каражаттар дагы эле жетишсиз болууда, оорукананын өзүндөгү медициналык шарттар да талапка жооп бербейт, андагы абал катастрофалык деп бааланууда.
Ал арада Израилдин армиясынын (ЦАХАЛ) өкүлү Даниэл Хагари 8-ноябрдагы маалымат жыйынында ХАМАС тобу Газанын түндүк бөлүгүн көзөмөлдөбөй калганын билдирди.
"Газанын 50 миңдей тургуну сектордун түндүгүнөн түштүк тарапка өткөнүнө күбө болдук. Алар ХАМАС сектордун түндүк бөлүгүн колдон чыгарганын түшүнүп жатышат. Түштүк тарапта коопсузураак жана тынчыраак, ал жактан алар суу, тамак жана дары-дармек менен камсыз болушат", — деди Хагари.
7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1 400дөй кишини өлтүрүп, 250гө жакынын барымтага алган. Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келатат. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 10 миңдей палестиналык каза тапканын кабарлады. (
Шаршембиде Газа тилкесинин түндүк бөлүгүнөн гуманитардык коридор менен түштүк тарапка 50 миң киши чыгып кетти. Блу тууралуу Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари 8-ноябрдын кечинде билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар ал жакта абал коопсузураак деп эсептейт. Хагари ХАМАС Газанын түндүгүн көзөмөлдөбөй калганын кошумчалады. Бирок уюм муну четке кагууда.
БУУ Газадан шаршембиде канча киши чыгып кеткени тууралуу маалымат тарата элек. Бир күн мурда уюмдун өкүлдөрү Газа шаарын 15 миң жашоочу таштап кеткенин билдиришкен.
Жөөт армиясы – ЦAХАЛ сектордун түндүк бөлүгүн жана ал жакта орун алган Газа шаарын курчоого алгандан кийин карапайым тургундар үчүн гуманитардык коридор түзгөнүн билдирген.
ХАМАС радикал тобу БУУну элдин түштүккө эвакуацияланышына көмөктөшүүдө деп айыптады.
Улуттар Уюму өткөн ишембиде согуш башталгандан бери бир жарым миллион киши Газанын түштүк тарабына жер которгонун билдирген.
Египет менен чек арадагы Рафах пунктунан башка өлкөлөрдүн жарандарын гана өткөрүп жатышат.