Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Ташкент шаарында өтүп жаткан саммитинде Жакынкы Чыгыштагы абал “глобалдуу тынчтыкка жана коопсуздукка” олуттуу коркунуч жаратып жатканын билдирип, ХАМАС куралдуу тобу менен Израилди ок атууну токтотууга, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырды.
Мирзиёев "кандуу жаңжалдын курмандыктарына биринчи кезекте жайкын адамдар, өзгөчө аялдар, балдар жана карылар айланганын” белгиледи.
"Палестинанын эли өзүнүн көз карандысыз мамлекетин түзүүгө укуктуу деген бекем позициябызды кайталайбыз. Муну БУУнун резолюциялары да бышыктайт”, - деп билдирди Мирзиёев.
Израилдин аскерлери бейшембиде эртең менен Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги бир нече шаарга жана качкындар лагеринде рейд жүргүздү. Рейтер агенттиги маалымдагандай, Женин лагеринде көчөлөрдү бульдозерлер менен түрттүрүштү. Жергиликтүү тургундар суу жана электр менен камсыздоо системаларына зыян келтирилгенин айтып беришти.
Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги Женинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги оккупацияланган жерлерде жөөт аскерлери алты палестиналыкты өлтүргөнүн билдирди.
Израилдин армиясы – ЦАХАЛ Женинде террорчуларга каршы рейд жүргүзгөнүн бышыктады, бирок анын чоо-жайын айткан жок.
ЦАХАЛдын соккусунан Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында эки имарат кыйрап, бир нече киши, анын ичинде балдардын каны төгүлгөнү кабарланды.
Газада бир ай мурун согуш башталганда жөөт армиясы палестиндерге түштүк тарапка чыгып кетүүнү эскерткен. Миңдеген палестиндер Хан Юнус шаарына келип баш калкалаган. Бирок Израил аскерлеринин аба чабуулдары токтой элек.
Палестиндердин Wafa агенттиги ЦАХАЛдын учактары Жабалиядагы качкындар лагерине сокку урганын, кишилер уранды алдында калганын жазган. Жөөт армиясы Жабалиядагы ХАМАСтын башкы таяныч борборунун бирин ээлегенин, 10 саат катуу кармаш менен согушкерлер колдонгон туннелдерди тапканын жарыялады.
80дей өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Парижде Газа тилкесине берилген жардамды координациялоо маселесин талкуулап жатат. Ошол эле маалда байкоочулар согуштук аракеттерде тыныгуу жарыяланмайынча, конкреттүү кадамдарды ишке ашыруу кыйын болорун айтышат.
ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салып, жүздөгөн киши каза таап, 200дөн ашууну барымтага алынгандан кийин жөөт өкмөтү жооп иретинде жоочуларга каршы согуш ачкан. Ошондон бери палестин анклавында миңдеген киши өлтүрүлдү, жараат алды жана бомбалоолордон качып жер которууга мажбур болду.
Париждеги жыйынга Палестина автономиясынын премьер-министри катышууда, Израилдин өкүлдөрү ага чакырылган эмес. Франция Израилге жыйында айтылгандар тууралуу маалымат берилип турарын билдирди.
Француз башкалаасына Египет, Иордания жана Перс булуңундагы мамлекеттер сыяктуу регионалдык оюнчулар, Батыш өлкөлөрүнүн, "Чон жыйырманын" Орусиядан тышкаркы өкүлдөрү келди. Газада иш алып барган эл аралык бейөкмөт уюмдар да катышууда.
Бирок мамлекет жана өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлери өңдүү жогорку жетекчилердин аз келишин бейөкмөт уюмдар сындап чыгышты.
Конференцияда Газага 1,5 миллиард доллардан ашуун каражат бөлүү, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн өткөөлдөрдү ачуу маселеси талкууланат.
Франциянын расмий өкүлү ХАМАС барымтага алган адамдары бошотуу маселеси да ортого салынарын билдирди.
Палестиналык ХАМАС тобу АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган.
Израил элге коопсуз жерлерге кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бейшембиден тарта Газанын түндүгүндө күнүнө төрт сааттык тыныгуу болорун билдирген. Вашингтон муну туура багыттагы кадам деп сыпаттады. Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирбинин айтымында, тыныгуу тууралуу сөз АКШ жана Израилдин расмий өкүлдөрүнүн, анын ичинде президент Жо Байден менен премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун сүйлөшүүлөрүндө козголуп келген.
Ак үйдүн өкүлү ок атышууну убактылуу токтотуу жергиликтүү тургундарга коопсуз жерлерге чыгып кетүүгө жана Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө, ошондой эле барымтадагыларды алып чыгууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
“Израилдиктер тыныгуу жарыяланганда ал райондордо аскердик операциялар жүрбөсүнө ишендиришти”, - деп айтты Кирби. Муну менен катар ал ок атышууну толук токтотуу азыр максатка ылайык келбесин, ал ХАМАСка жардам берерин кошумчалады.