Израил менен ХАМАСтын согушуна бир ай болду
ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан бери бир ай өттү. Батыш Иерусалимде израилдиктер шам жагып, маркумдарды эскеришти. Жөөт армиясы Газа тилкесинде соккусун күчөтүп, бутага алынган жерлерге кубаттуу бомбаларды таштап жатканын эл аралык медиа кабарлоодо. Бир жарым миллиондой палестин үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Толук блокадада калган анклавда гуманитардык кырдаал өтө курч.