Кыргызстандын тарыхында Июнь окуясы деген аталыш менен калган Ош жана Жалал-Абад облусундагы улут аралык жаңжалга быйыл 13 жыл болду.
2020-жылы Октябрь окуясынан келген бийлик Июнь коогасына байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш ишин кайра тергеди. Мындан тышкары апрель жана май айларында кандуу окуяларга катыштыгы бар дагы үч адам кармалды. Өлкөнүн тарыхындагы эң кандуу окуялардын бирин иликтөө үчүн ортодо коомдук комиссия да түзүлдү.
Президенттин кайрылуусу
Президент Садыр Жапаров 10-июнда Июнь окуясынын 13 жылдыгына байланыштуу эле кайрылуу жасады. Анда 2010-жылдагы Июнь окуясы өлкө тарыхында мыкаачылык менен жасалган кылмыштар көп катталган, жүздөгөн адамдар набыт болгон окуя катары каларын белгиледи. "Калабада курман болгон мекендештер унутулбай" турганын айтты.
Анда улуттук биримдикти бекемдөө маселеси мамлекеттик бийлик үчүн эң маанилүү маселелердин бири болуп саналары жазылган.
"Биз кылымдар бою ынтымакта, тууганчылыкта жана боордоштукта жашаган көп улуттуу элбиз, июнь окуялары мамлекеттин бүтүндүгүн жана улуттар аралык ынтымакты сактоо зарылдыгын эскертип турат. Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу өлкө жарандарынын ортосундагы өз ара алакаларды жана улуттар аралык биримдикти бекемдөөнүн, калктын саясий маданиятын көтөрүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Мындай трагедия эч качан кайталанбашы үчүн 2010-жылдын июнь трагедиясы баарыбыз үчүн чоң сабак болушу керек", - деген Жапаров.
Ал 13 жыл мурдагы коогалаң мекендин коопсуздугун камсыз кылуу жеке эле мамлекеттин иши эмес, ар бир жаран милдеткер экенин көрсөткөнүн кошумчалаган.
Карамат Абдуллаева кармалды
400дөн ашык адамдын өмүрүн алган Июнь коогасы боюнча акыркы убактарда жаңы жагдайлар чыгып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 1-июнда 2010-жылы Июнь окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө шек саналып Сузактын 39 жана 46 жаштагы эки тургуну кармалганын билдирген.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алар Жалал-Абад облусунда болгон массалык башаламандыкка активдүү катышып, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) подполковнигин Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө аралашканы аныкталган. 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын тек-жайы такталбай калган.
Мекеме Июнь окуясынын уюштуруучуларын аныктоо улантыларын жана өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга кылмыштын эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертти.
Мунун алдында 22-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Июнь коогасы боюнча сыртынан соттолуп, издөөдө жүргөн Карамат Абдуллаеваны кармаган. Облустук милиция 13 жылдан бери издөөдө жүргөн Карамат Абдуллаева Өзбекстандын чек арасынан Кыргызстанга өтүп жатканда колго түшкөнүн жана кармоо бир топ аракетти талап кылганын билдирген. Адвокаты болсо ал өз эрки менен келгенин кабарлаган.
73 жаштагы Карамат Абдуллаева 2010-жылдагы Июнь коогасына чейин Оштогу өзбектердин улуттук-маданий борборунун жооптуу катчысы болуп турган. Ал Июнь окуяларын уюштурууга айыпталып, 2014-жылы сыртынан 16 жылга соттолгон. Буга чейин чет жерде жүргөнү айтылганы менен кайсыл өлкөдө экени белгисиз болчу.
Ага “Массалык тартипсиздиктер, куралдуу каршылык көрсөтүү”, “Жарандардын укуктарына кыянаттык келтирүүчү бирикмелерди уюштурууга жетекчилик кылуу”, “Улут аралык кастыкты козутуу” беренелери менен айып тагылган. Ал коюлган кинелерди четке каккан.
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон иш
2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик Ош окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш ишин кайра тергеп, ал сотко өттү.
Жыйынтыгында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаковго, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” менен айып коюлган. Дүйшөбаев жана Асанов башка кылмыш иши менен ушул тапта камакта отурушат.
Атайын кызмат 2022-жылдын жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын жарыялаган. Кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу болгон.
Кылмыш иши боюнча былтыр 20дай саясатчы сурак берген. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн тышкары президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев да Башкы прокуратурага суракка кирип чыккан.
Исмаил Исаков соттун жүрүшү тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.
“Бул өзү акылга сыйбаган иш. Эгерде Ош окуясын чындап иликтейбиз десе анын себептерин толук казып чыгыш керек. Азыр болсо бир гана бөлүгүн “Кадыржан Батыровду ким чыгарган? Аны сыртка кетирип жибергендер күнөөлүү” деген саясат жүргүзүп, элге сиңиргенге аракет кылып жатышат. Бул окуяда Кадыржан Батыровго окшоп эле таасир эткен башка да адамдар толтура. Алар четте калып эле көңүл бурулбай калды. Экинчиден, ишти кайра кароого мыйзам уруксат бербейт. Себеби, 2010-жылдан бери кылшыштын эскирүү мөөнөтү бүткөн. Анткени Ош окуясынан бери 13 жыл өттү. Укук коргоо органдары 10 жылдан кийин ишти токтотуш керек болчу. Бирок эми Кыргызстанда мыйзамдуулук деген калбай калбадыбы. Биз түшүнүк менен жашап атабыз. Аны “Азаттык” өзүңөр деле жон териңер менен сезип атасыңар. “Э ушундай кылып койсок боло берет” деп сотторду да, укук коргоо кызматкерлерин да кыйнап, өздөрү да кыйналып атат. Мамлекетте акыры мыйзам деген орношу керек да”.
Кылмыш ишинин негизги фигуранттарынын бири Алмазбек Атамбаев ушул тапта чет жакта жүрөт. Ал буга чейинки сот отурумдарына катышуудан баш тарткан. Азыр жараяндарга адвокаттары эле катышып жатканы белгилүү болду.
Буга чейин сотто Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев, экс-депутат Токон Мамытов, Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Каныбек Турдумамбетовдор күбө катары көрсөтмө берген. 8-июндагы отурумга ички иштер министринин мурдагы орун басары, парламенттин депутаты Сүйүн Өмүрзаков чакырылган. Бирок ал келе албай турганын билдирген. Судья прокурорго күбөнү кийинки жараянга камсыз кылуу тапшырмасын берген.
Камчыбек Ташиев Июнь окуясында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги бар экенин ачык айтып келген. 2022-жылы апрелде прокуратурада сурак берип чыккандан кийин ушул пикирин журналисттерге кайталаган:
“Буга чейин мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын отчетторунда коогага негизги күнөөлүүлөр Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү экени айтылган. Алар түштүктө өз таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү жикчилдерди (сепаратисттерди) колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангысы келип, мындан улам улуттар аралык кагылышуу чыккан. Натыйжада, 500гө жакын адам өлүп, миңдеген адам жараат алган. Мамлекетке чоң зыян келтирилген, мындан тышкары ошол учурдагы бийликтин аракетсиздиги жана Кадыржан Батыровдун ким менен сүйлөшүп, кантип четке чыгып кеткени иликтениши керек”.
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кайра жандандырылган ишти бийликтин саясий куугунтугу деп баалап келет.
Жаңы түзүлгөн комиссия
Комиссия демекчи Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков жакында эле Апрель жана Июнь окуяларын иликтөө үчүн коомдук комиссия түздү. 2005-жылдан 2010-жылдын апрель айына чейин Жогорку Кеңеште вице-спикер болгон Исабеков комиссия көз карандысыз иштеп, мурда-кийин коомчулукка чыга элек маалыматтарды жарыялай турганын айткан.
“Тарыхта ачылбай калган көп сырлар бар. Биз ошол чындыкты алып чыгалы деп атабыз. Мен да кайдыгер адам эмесмин. Укук коргоо органдарында иштеген туугандарым Апрель жана Июнь окуяларына катышкан. Чыркыраган чындыкты билбеген эл көп. Ошондуктан ар кандай бүдөмүк ойлор болуп атат. Бизди эч ким каржылаган жок. Мен бирөөнү күнөөлөп же актайын деген оюм жок. Жогорку Кеңеште Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бир тобу менен чогуу иштегем”.
2010-жылы 10-июнда башталган кандуу окуяны үч комиссия иликтеген. Эл аралык комиссия 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, Июнь окуяларын “аскердик кылмыш же геноцид эмес” деп тапкан. Коогалаң Апрель окуясынан кийинки саясий кырдаалдан улам чыгып кеткенин, бирок өзбек коомчулугунда жикчил маанай тастыкталбаганын билдирген. Мындай баага өкмөт менен Жогорку Кеңеш макул болгон эмес.
2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, “куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду” деген корутунду чыгарган.
Андан кийин 2011-жылы Токон Мамытов жетектеген парламенттик комиссия иштеп, өз корутундусун жарыялаган. Комиссия “Июнь окуясынын чыгышына уюшкан кылмыштуулук, наркобизнестин да салымы бар. Экономикалык-социалдык кырдаал да таасир берген” деген тыянакка келген.
Улуттук комиссиясынын мүчөсү, саясат таануучу Орозбек Молдалиев жаңы түзүлгөн комиссия тууралуу пикири менен бөлүштү:
“Кызмат абалынан пайдалангандар Кадыржан Батыровду жана анын жанындагыларды чет өлкөгө чыгарып жиберген” деген дооматтар бар. Биз комиссияда укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен сүйлөшкөнбүз. Алар “Июнь окуясы учурунда Кадыржан Батыровдорду кармаганга алыбыз жетпей калган” деп айтышкан. Себеби, эл топтолуп келип эле күч менен ар кимди чыгарып кеткен учурлар болгон экен. Алардын сөздөрүн биз кайра текшерген жокпуз. Бирок күмөн болсо Июнь окуясын мейли кайра териштирип чыгышсын. Бирок эми кимден сурайт? Кадыржан Батыров болсо каза болгон. Бул көбүнчө саясий оюнга окшоп турат. Андай болсо Ошто 1990-жылы болгон окуяны да иликтеш керек. Партиялык баа берип, кайра текшериш керек. Ушундай жол менен кете берсек мунун аягына чыкпайбыз”.
Кылмыш иштеринин көбү ачыла элек
“Кылым шамы” уюму Ош жана Жалал-Абад облусундагы улут аралык кагылыш боюнча кылмыш иштердин саны 2010-жылдын аягында 5158ди түзгөнүн кабарлаган. Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссиянын 2011-жылдын башында жарыяланган корутундусунда 5162 иш козголгону белгиленген. Башкы прокуратуранын 2020-жылдагы маалыматына ылайык, 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча жалпы 5642 кылмыш иши козголгон. Бирок алардын көбүнүн бети ачылбай калган.
Расмий маалыматтарга ылайык, жапырт башаламандыкка байланыштуу жүздөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Мындан сырткары этникалык кагылышты уюштурду деген шек менен Интерполдун линиясы боюнча 37 адам эл аралык издөөгө берилген. Алардын арасында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов, Карамат Абдуллаева, Жалолиддин Салахудинов сыяктуу өзбек улуттук маданий борборунун өкүлдөрү жана саясатчылар бар.
Булардын ичинен Кадыржан Батыров 2018-жылы декабрда Украинанын Одесса шаарында көз жуумп, кийин сөөгү Өзбекстанда жерге берилген. Ал эми Карамат Абдуллаева башта айтылгандай быйыл апрель айында кармалды.
Улут аралык мамилени чыңдоо
Кыргыз бийлиги Июнь окуяларынан кийин улут аралык мамилени чыңдоо багытында эки концепция кабыл алган. Анын алкагында өлкөдө жашаган ар кыл улуттардын башын кошуу, ынтымакты бекемдөө, этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнүн укугун коргоо, мамлекеттик тилди жайылтуу жаатында бир топ иштер белгиленген. Ошто бир нече жыл журналист болуп иштеген Шохрух Саипов улут аралык ынтымакты чыңдоого байланыштуу мындай деди:
“Бул окуялардан кийин Ош жана Жалал-Абад облусунда эки элдин достугун чыңдоо боюнча бир топ программалар ишке ашырылары айтылган. Бирок алардын көбү кагазда эле калды. Саясат аралаштырбай эки элдин алакасын жакшыртса ошол эле жетиштүү. Себеби, саясат аралашпаган жерде эл тынч жашайт. Саясат болгон жерде эле маселе чыгат”.
Коомчулукта кандуу окуянын 13 жыл аралыгында алынган сабак, этнос аралык мамилени чыңдоочу аракеттер боюнча пикирлер ар түрдүү.
“Улут аралык ынтымакты бекемдеш үчүн эң биринчи экономиканы өнүктүрүш керек. Улут аралык ынтымакты чыңдоо деген бул комплекстүү нерсе. Адилеттик болбогон жерде ар кандай шылтоо менен конфликт чыга берет. Сотто, жер бөлүштүрүүдө жана башка маселеде акыйкаттык болбосо башка улуттун өкүлдөрү мунун менен баарын өзүнө ала берет. Алар “биз башка улуттун өкүлү болгонубуз үчүн ушундай мамиле кылып жатат” деп ойлойт. Титулдук калк болсо “акчага сатылып жатат” деп чыгат. Ошондуктан абалга ар дайым мониторинг жүргүзүп туруш керек. Бул улут аралык эле маселеге эмес жалпы эле бардык ишке тиешелүү”, - деди Орозбек Молдалиев.
Расмий маалыматка ылайык, 13 жыл мурда болгон Июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.