Ош окуялары боюнча сыртынан соттолуп, издөөдө жүргөн Карамат Абдуллаева кармалып, тергөө абагына киргизилди. 13 жылдан бери издөөдө жүргөн Абдуллаева Өзбекстандын чек арасынан Кыргызстанга өтүп жатканда кармалганын жана кармоо бир топ аракетти талап кылганын милициядан билдиришти. Адвокаты ал өз эрки менен келгенин айтып жатат.
Милициянын маалыматына караганда, Карамат Абдуллаева 22-апрелде Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына кирип келатканда кармалган. Ал 2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө жүргөнү белгилүү. Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков Абдуллаева азыр Жалал-Абаддагы абакта экенин билдирди:
"Кармоо процесси бир топ күч-аракеттерди талап кылды. Калган маалыматтарды тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт. Ал 24-апрелде Жалал-Абад облусундагы аялдарды жана балдарды кармоо изоляторуна жиберилди", - Сыдыков.
73 жаштагы Карамат Абдуллаева 2010-жылдагы июнь коогалаңына чейин Оштогу өзбектердин улуттук-маданий борборунун жооптуу катчысы болуп турган. Ал июнь окуяларын уюштурууга айыпталып, 2014-жылы чыккан сот өкүмүнө ылайык, 16 жылга сыртынан соттолгон. Буга чейин чет жерде жүргөнү айтылганы менен кайсыл өлкөдө экени белгисиз болчу. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.
"Азаттык" анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева менен байланышканда ал Абдуллаева Кыргызстанга өз эрки менен келгенин айтты:
"Анын жолдошу ооруп калып операция кылыш керек экен. Ошондуктан каалоосу менен эле келди. Эч кандай атайын операция болгон жок. Ага карата соттун өкүмү болгон, ошонун негизинде Чек ара кызматы кармады. Эми биз Жогорку Сотко даттанганы жатабыз. Жакынкы убакытта кайрылабыз", - деди актоочу.
“Фергана” агенттиги да өз булактарына таянып, Карамат Абдуллаева Кыргызстанга өз ыктыяры менен келгенин жана көзөмөл-өткөрмө бекетте кармалганын жазды.
“Абдуллаева Ошко келүүнү көптөн бери каалап жүргөн. Бул анын ойлонулган кадамы болду” деп билдирген басылманын булагы.
Ош окуясында шаардык милиция тарабынан 3335 кылмыш иши козголуп, анын 2608 сотко өткөрүлгөн. Абдуллаевага 233-берене («Массалык тартипсиздиктер, куралдуу каршылык көрсөтүү»), 259-берене («Жарандардын укуктарына кыянаттык келтирүүчү бирикмелерди уюштурууга жетекчилик кылуу»), 299-берене(« Улут аралык кастыкты козутуу») менен кылмыш иши козголгон.
Укук коргоо органдары ал Июнь окуясынын негизги уюштуруучуларынын бири деген маалымат тараткан.
Карамат Абдуллаеваны жакындан тааныган Ош шаарынын тургуну Бөрүбай Жураев буларды билдирди:
"Өкмөткө каршы иш-аракет кылган болсо камаш керек. Бирок бул андай ишке барган эмес. Бир-эки адам бар, дайым өкмөттүн ишин аткарып жүргөндөр. Алар да качып кетип, күнөөсүз эле издөөдө жүрөт. Өзбектер митинг кылган учурда таратып, Кадыржан Батыров, Инамидин Абдурасуловго каршы күрөшкөн. Абдуллаеванын да күнөөсү жок".
Расмий маалыматтарга ылайык, Июнь окуясына байланыштуу жүздөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Мындан сырткары этникалык кагылышты уюштурду деген шек менен Интерполдун линиясы боюнча 37 адам эл аралык издөөгө берилген.
Алардын арасында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов, Карамат Абдуллаева, Жалолиддин Салахудинов сыяктуу өзбек улуттук маданий борборунун өкүлдөрү жана саясатчылар болгон. Кадыржан Батыров жана Иномжан Абдурасулов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми Карамат Абдуллаева 16 жылга кесилген. Бул адамдардын баары 2010-жылкы июнь окуяларын уюуштурган жана козуткан деген негизде үчүн күнөөлүү деп табылды.
Булардын ичинен Кадыржан Батыров 2018-жылы декабрда Украинанын Одесса шаарында көз жумган, кийин сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.
Расмий маалыматка караганда, 2010-жылы Оштогу кандуу калабада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15дөн ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.
"Ошол окуяны уюштургандар чек арадан же учак, же машина , же жөө чыкты да. Эмне үчүн ошол учурдагы бийлик чыгарып жиберип, азыркы бийлик биз кармадык деп жатышат. Коомчулукта мындай ой болуп жатат: Карамат Абдуллаеваны бир-эки күн мурун кармап,азыркы бийликти сындап жаткан мурдагы бийликтин өкүлдөрүнө каршы көрсөтмө алуу масатында аны ачыкка чыгарып жатат деген. Эгер азыркы бийлик күнөөкөрлөрдү тапкысы келсе, табат. Бул азыркы бийликтин каалоосу", - деген пикири менен тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөев бөлүштү.
УКМК 2021-жылы Июнь коогасына байланыштуу 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Кылмыш иши кооганы уюштургандардын бири делген, маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.
Кылмыш ишинин алкагында 20дай саясатчы суралган. Арасында 2010-жылы өлкөнү жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар.
Президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы бул иштин алкагында күбө катары сурак берген.
Ош окуяларын үч башка комиссия изилдеген: окумуштуу, эксперттер, ар кайсы улут өкүлдөрү турган улуттук комиссия, андан кийин парламенттик комиссия иликтеди. Киммо Кильюнен жетектеген Эл аралык комиссия дагы отчетун жарыялаган. Бирок эл аралык комиссиянын кортундусун кыргыз өкмөтү бир тараптуу деп сындап, парламент комиссия төрагасы - финляндиялык саясатчы Киммо Кильюненди “персона нон грата” деп жарыялап, ага Кыргызстанга келүүгө тыюу салган.