Июнь окуясынын 12 жылдыгы Кыргызстанда жылдагыдай эле эскерилди. Бул күнү Ош шаарында эскерүү иш-чаралары өтүп, кооганын курмандыктарына арналган эстеликтерге гүл коюлду. Борбордо президент Садыр Жапаров кайрылуу таратты.
Кайрылууда өлкө башчысы Июнь окуясын эгемендик жылдарындагы эң оор сыноо деп атап, мындай кагылыштарды болтурбоо үчүн этносторду бириктирген жалпы идеология керек деп белгиледи.
“Бул күн бизге кандуу калабаны эске салуу менен бирге мындан ары достук-ынтымак мамилени чыңдоо милдетин эскертип турат! Өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда ар дайым улуттар арасындагы биримдикти жана этностордун ортосундагы ынтымакты коргоо маселеси турушу кажет", - деди Жапаров.
Кайрылууда президент Жапаров Ош менен Жалал-Абад шаарларында “тышкы күчтөр, ички жикчилдер, Кыргызстандын келечегине көрө албаган душмандар бөлүп-жарууга аракет кылышкан” деген пикирин кошумчалады.
Июнь боюнча кылмыш иштин жаңы жагдайы
400дөн ашык адамдын өмүрүн алган кооганын чыгышына күнөөлүүлөр ким деген суроо кайрадан көтөрүлүүдө. 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген Садыр Жапаров башында турган бийлик бул иш боюнча тергөөнү кайрадан жандантты.
Эки апта мурун дал ушул иштин алкагында ошол кезде бийликте болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жана Жалал-Абаддын экс-губернатору Бектур Асановго айып тагылды. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча шек саналып жатат. Мындан башка да Убактылуу өкмөттүн бир нече мүчөсүнүн үй-мүлкүн такталып жатканы белгилүү болду. Айып тагылган саясатчылар соңку ишти саясий куугунтук катары сыпаттап жатат.
Прокуратура Июнь окуясына байланыштуу буга чейин көңүл бурулбаган жаңы жагдайлар ачыкка чыгарын билдирүүдө.
Бирок коомчулукта азыркы бийлик Июнь окуяларынын тергөөсүн аягына чыгара алат дегенине ишенбегендер көп.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кандуу окуяларды саясий кызыкчылык менен пайдалануу уланып жатканын билдирди.
“Беш миңдей козголгон кылмыш иштин 1,5% гана ачылган. Эми бул бийликтин колунан эч нерсе келбейт. Бул жөн гана саясий чечим болот. Буга чейин саясий үч чечим чыккан. “Улуттук комиссия”, “Парламенттик комиссия”, “Эл аралык комиссия” иштеген. Элди алаксытуу үчүн кандуу окуяны кайра козгобош керек. Мага чалып жатышат. Июнь окуясынан жабыркаган миңдеген адамдар үмүт кылып отурат. “Менин үйүмдү өрттөп кеткендер, кызымды зордуктап кеткендерди, баламды өртөгөндөрдү табат турбайбы” деп үмүт кылып отурушат. Менин көзүм жетип турат, аларды таба албайт. Мен Садыр Жапаровдон элди бириктирүүгө болгон аракетин күттүм эле”, - деди Абдирасулова.
Этникалык саясат кандай жүрүүдө?
Садыр Жапаровдун соңку кайрылуусунда улут аралык мамилени жөнгө салуу үчүн жаңы бийлик кандай иштерди аткарып жатканын белгилеген жок.
Бирок коомчулукта кандуу окуянын 12 жыл аралыгында алынган сабак, этнос аралык мамилени чыңдоочу аракеттер боюнча пикирлер ар түрдүү.
Оштук журналист Шохрух Саиповдун айтымында, мамлекеттик органдардын аткарган иши көбүнесе "кожо көрсүн" мүнөздө болуп, жыйынтык азыраак сезилип жатат.
"Бул жаатта бир топ документтер иштелип чыгып, кабыл алынды. Бирок жакшы натыйжа бере элек. Себеби улут аралык мамилени жөнгө салуу жаатында айрым мамлекеттик органдар формалдуулук үчүн эле иштеп койгондой. Көпчүлүгү отчеттор менен чектелип калгандай сезилет. Балким, тар чөйрөдө кайсы бир семинар, тренингдер өтүп жаткандыр. Бирок көчөдөгү эл ынтымакка келип, чыр-чатаксыз эле өз оокатын кылып жатат".
Кыргыз бийлиги Июнь окуяларын соң улут аралык мамилени чыңдоо багытында эки концепция кабыл алган. Анын алкагында өлкөдө жашаган ар кыл улуттардын башын кошуу, ынтымакты бекемдөө, этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнүн укугун коргоо, мамлекеттик тилди жайылтуу жаатында бир топ иштер белгиленген.
Былтыр жыл аягында Садыр Жапаров жаңы жарлык чыгарып, быйыл болсо "Кыргыз жараны" деген концепция сунушталды. Анда улутуна карабай "мен кыргызстандыкмын" деген баалуулукту жайылтуу максатын көздөйт.
Борбор Азиядагы Peace Nexus фондунун директору, жаңы концепциянын авторлорунун бири Чынара Эсенгулдун айтымында, этникалык саясатты жүргүзүүдө бир топ жагдайларды эске алуу зарыл.
"Ал багыттарды ар кыл социалдык топтордун кызыкчылыктарын эске алуу менен кыргыз жараны деген идеянын алдында бириктирүүгө аракет кылдык. Бул азырынча идея. Бирок мамлекеттик идеологияга жетүүгө потенциалы бар деп эсептейбиз. Биз улуттук азчылыкка, жарандык коомго, мамлекеттик кызматкерлерге ушул суроону койгонубузда биринчи тоскоолдук катары укук, мыйзам алдында теңчиликтин жоктугун аташты. Экинчиси - кыргыз тилин мамлекеттик тил катары биздин жарандын жакшы деңгээлде билбегени. Бул өзгөчө кыргыз эместер арасында курч көйгөй. Үчүнчүсү - мамлекеттик органдарга ишенимдин төмөн болгону. Төртүнчүсү - этникалык азчылыктардын чечим кабыл алууга катышпаганы".
Бирок эксперт Алмаз Кулматов кандай гана программа, документ кабыл албасын, калктын жашоо-шартын оңдомойунча бул жаатта көйгөлөр кала берет деп эсептейт.
"Негизги сабак мамлекет күчтүү болуп, калктын жашоо-тиричилиги оңолбосо улут аралык, дин аралык араздашууга шарт, себеп көбөйө берет. Бул бардык эле өлкө, бардык эле аймакта ошондой. Эгер социалдык маселелерге көңүл бурулуп, жашоо турмуш оңолсо, ушул сыяктуу себептердин таасири азаяр эле. Дал ушул нерсеге көңүл буруу керек".
2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.
Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.
2011-жылы Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган.
Жүздөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Бирок бул окуя боюнча айыпталган адамдар өздөрүнө тагылган айыпты четке кагып эле келген эле. Бул коога учурунда жүздөгөн турак-жай социалдык мекемелер өрттөлүп, мамлекетке жалпысынан 6 миллиард сомдон ашык зыян келгени эсептелип чыккан.