Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:19

Трюдо: Учак кырсыгына күнөөлүүлөр жоопко тартылат


Кыйраган учактын ичинде болгон канадалык 57 кишини эскерүү. Эдмонтон, Канада, 12-январь 2020-жыл
Кыйраган учактын ичинде болгон канадалык 57 кишини эскерүү. Эдмонтон, Канада, 12-январь 2020-жыл

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жүргүнчү учакты атып түшүрүүгө күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу үчүн бар аракет көрүлөрүн билдирди. Ирандын өзүндө болсо өкмөткө каршы акциялар ишембиден бери уланып жатат.

Жекшемби күнү катастрофада ажал тапкан канадалык 57 кишини эскерүү иш-чарасында Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо мындай трагедияга жол берилбеши керек эле деп, жакындарын жоготкондорго терең көңүл айтты:

Жастин Трюдо канадалыктарды эскерүү учурунда. Эдмонтон, 12-январь 2020-жыл
Жастин Трюдо канадалыктарды эскерүү учурунда. Эдмонтон, 12-январь 2020-жыл

"...Биз өнөктөштөр менен биргелешип кылдат, ачык тергөө жүргүзүүнү камсыз кылабыз. Бардык суроолорго жооп алмайынча тынч отурбайбыз деп жапа чеккен үй-бүлөлөрдү, Канада калкын ишендиргим келет. Адилеттүүлүк орноп, күнөөлүүлөр жооп бермейинче биз аракеттерибизди уланта беребиз".

Алдыңкы күнү Иран бийлиги «Боингди» капысынан атып түшүргөнүн моюнга алган. 8-январда «Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учак Тегерандан Киевге учуп чыгары менен кулаганда борттогу бардык 176 киши каза тапкан. Украинанын Тышкы иштер министрлиги алар жети өлкөнүн жарандары болгонун, көбү ирандыктар (82) экенин билдирген.

Кырсык Ислам Республикасынын армиясы генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу иретинде АКШ баштаган коалициялык күчтөр жайгашкан Ирактагы аскердик базаларга ракета чабуулдарын койгондон көп узабай болгон.

Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун аскердик космос күчтөрүнүн командачысы Амирали Хажизаде анын кол астындагы бөлүктөр «трагедия үчүн жоопкерчиликти толугу менен өздөрүнө алышарын» билдирди. Президент Хасан Роухани жана тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф бул кайгылуу окуя үчүн кечирим сурашты.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи курман болгон 176 кишинин жакындарынын кайгысын «тең бөлүшөрүн» айтып, куралдуу күчтөрдү «ыктымал кетирген катасын карап чыгууга» чакырды.

Тегеран Канада жана Украинаны иликтөөгө катышууга чакырып, күнөөлүү адамдар жоопко тартыларына убада кылды.

Башында Тегеран лайнер атып түшүрүлгөн болушу мүмкүн деген божомолдорду четке каккан билдирүүлөрдү жасаган.

Ирандык студенттер нааразылык акциясында, Тегеран, 11-январь 2020-жыл
Ирандык студенттер нааразылык акциясында, Тегеран, 11-январь 2020-жыл

Тегеран ката кетирилгенин моюнга алгандан кийин баш калаа жана башка бир нече шаарда нааразылык акциялар тутанды. Демонстранттар Иран бийлигине каршы ураан чакырып, полиция менен кагылышуулар болгону кабарланды. Интернетте жайылган видеолордо Тегерандагы Азади аянтынын жанында аскерлер жаш агызчу газ чачып, элге ок чыгарганын, союлдар менен сабашканын, көчө канга боёлгонун көрсө болот.

13-январда Ирандын мамлекеттик каналынын веб-сайты борбор шаардын полиция башчысы Хусейн Рахиминин демонстранттарга ок атылган деген маалыматтарды четке каккан билдирүүсүн жарыялады. Рахими тартип коргоочуларга андай буйрук берилбегенин айтты.

Жекшембиде АКШ президенти Доналд Трамп Иран бийлиги өкмөткө каршы чыккандарды бутага албашы керек деп эскерткен.

Эртеси Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Али Рабиеи Тегеран лайнерди атып түшүргөнүн «жаап жашыргысы» келген деген айыптоолорду танып, четке какты.

Ал ортодо Украина президенти Владимир Зеленский украиналык 11 маркумдун сөөгү апта аягына чейин мекенине жеткирилет деп ишенерин айтты. Борттогу 11 украиналыктын 9у экипаж мүчөлөрү болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG