Буга расмий Тегерандын украиналык жүргүнчү учакты капысынан атып түшүргөнүн мойнуна алганы түрткү болду. Демонстранттар бул каргашага күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышын талап кылышты.
12-январда Интернетте тараган видеолордо демонстранттар Тегерандагы Бехешти университетинин алдыда топтолуп, «Али, студенттер тойду» деген ураандарды чакырып, Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеини сындап жатышканын көрүүгө болот.
Дагы бир видеодо Тегерандын түштүгүндөгү Технологиялык университеттин алдына чыккан ондогон студенттердин Ислам революциясынын сакчылар корпусунун дарегине сын айтып жатышканы чагылдырылган. Алардын айрымдары «Сакчылар кылмыш кылып, лидерлер аларды колдоп жатышат!» деп кыйкырып турушту.
АКШнын президенти Дональд Трамп 11-январдын кечинде ирандыктарды «демонстрацияга чыккан эр жүрөк адамдарды» колдоого фарси жана англис тилдеринде чакырды.
«Башынан көп азап өткөргөн Иран элине: мен силерди президенттикке келгенден бери колдоп келем жана менин администрациям силерди колдой берет. Биз өлкөңөрдө болуп жаткан демонстрацияларга кунт коюп көз салып жатабыз жана силердин эр жүрөктүгүңөр шыктандырып жатат», деп жазды Трамп «Твиттердеги» баракчасына.
Бир күн мурда ушундай акцияларга катышты деген жүйө менен Британиянын Ирандагы элчиси Роберт Макэйр кыска мөөнөткө кармалып чыкты. Ал «Твиттердеги» баракчасына эч кандай саясий демонстрацияларга катышпыганын, болгону Тегеранда өткөн учак кырсыгында курман болгондорду эскерүү иш чарасына барганын жазды.
Британиянын Тышкы иштер министрлиги Макэйрдин кармалышын эл аралык укуктун бузулушу катары сынга алды.
Жарым-жартылай мамлекеттик деп саналган «Фарс» агенттиги кабарлагандай, 11-январда өткөн акцияда айрым демонстранттар Ирандагы таасирдүү генерал деп саналган, маркум Касем Сулайманинин сүрөтүн тытып салышты. Мына ушул генералдын өлүмүнө байланыштуу буга чейин ансыз да начар болуп келген Иран-АКШ алакасы ого бетер чыңалып кетти.
Генералдын сөөгүн жерге бергенден кийин анын өлүмү үчүн өч алуу максатында Иран Ирактагы АКШ аскерлери жайгашкан базаларды баллистикалык ракеталар менен сокку урган. Андан бир нече сааттан кийин, 8-январдын таңында Тегерандан Киевге жол тарткан «Украина эл аралык аба жолдору» компаниясына караштуу учак кулап түшүп, ичиндеги 176 адамдын баары жан таслим болгон. Батыш мамлекеттеринин лидерлери кырсыктын эртеси күнү эле учак ракета соккусунан улам кулап түшүшү мүмкүн деген божомолдорун айтышкан. Ал тургай «Bellingcat» иликтөөчү тобу учакка ракета тийген учур болушу ыктымал деген видеону жарыялаган.
Бирок расмий Тегеран Батыш лидерлеринин божомолдорун караманча четке кагып койгон. Кырсыктан беш күн өткөндөн кийин гана Иран бийлиги учакты «капысынан» атып түшүрүп алганын мойнуна алды.
Мамлекеттик телеканал аркылуу жарыяланган билдирүүдө учак Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер базасын көздөй багыт алганда «душмандын объекти» катары жаңылыш кабыл алынганы айтылды.
Ал эми аталган корпуска караштуу аэрокосмикалык бөлүмдүн башчысы Амирали Гажизаде анын мекемеси каргаша үчүн толук жоопкерчилик аларын билдирди.
- Мен Ирактагы америкалык аскерлер жайгашкан базаларга ракеталык соккулар урулганда өлкө батышында жүргөн элем. Көп өтпөй украиналык учактын кулап түшкөнү тууралуу жагымсыз кабарды эшиттим. Мен чындыгында эмне болгонун билгенде өлүп алгым келди. Өмүр бою биз өзүбүздү башкалардын өмүрү үчүн өлгөнгө даярдап келебиз. Мына ушул оор кырдаалды түшүндүрүш үчүн мен бул жакка келдим, - деди ал 11-январда өткөргөн басма сөз жыйынында.
Учакты атып алганын мойнуна алуу менен бирге Тегеран күнөөнү Кошмо Штаттарга оодарууга аракет кылды. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф кырсык «АКШнын авантюризминен улам жаралган кризис» учурунда болгонун айтты.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.