Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

Орусиянын армиясы Украинаны кайрадан ракеталар менен аткылады


Украинанын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

17-ноябрга караган түнү Орусиянын армиясы Кара деңиздин аймагынан Украинаны кайрадан “Калибр” канаттуу ракеталары менен аткылады. Бул тууралуу Украинанын бийлиги кабарлап, Аба күчтөрү Днепрдин чыгышындагы бардык облустарда сирена жаңыртты.

Мындан сырткары "Кинжал" үндөн ылдам ракеталар да атылганы маалымдалды.

Одесса, Запорожье, Днепр, Кривой Рог шаарларында жана Черкассы облусунда жарылуулар катталды. Черкассы, Киев жана Полтава облустарына учкучсуз учактардан чабуулдар болду.

Киев шаарында беш кабаттуу үйгө ракета тийип, өрт чыкты, жабыркагандар бар. Николаев облусунда “Шахед” тибиндеги дрондун соккусунан бир аял каза болуп, эки киши жана эки бала жаракат алды.

Кырдаалга моторинг жасаган каналдардын маалыматтарына ылайык, соңку түндө Украинанын аймагына кеминде 45 ракета атылды. Алардын максаты энергетикалык инфратүзүмдү кыйратуу болгону айтылды.

Украинанын энергетика министри Герман Галущенко билдиргендей, бир катар облустарда жарык өчүп, кийин калыбына келтирилди. Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига соңку энергетика объектилерине жасалган чабуулдарды соңку согуштагы эң чоң чабуулдардын бири катары баалады.

Орусия Украинаны күн сайын аткылап жатат. Орус Коргоо министрлиги жалаң аскердик объектилерди гана аткылап жатканын билдирип келет. Жайкын тургундардын өлүмүн жана жарандык инфратүзүмдөрдүн кыйраганын Москва комментарийлебейт. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG