«Азаттык»: - Азыр «Азаттык» радиосунун операторунун айланасындагы окуяны ар ким ар кандай талдап жатат. Борбор Азиядагы сөз эркиндигин коргогон өлкө катары бул Кыргызстандын аброюна доо кетирбейби?
Аида Касымалиева: - Негизи биз бул окуяны караганда мыйзам чегинде гана иш-аракет кылышыбыз керек. «Журналист маалымат алууга укуктуу, иштеп жатканда анын коопсуздугун мамлекет толук камсыз кылып бериши керек» деп мыйзамда жазылган. Себеби, журналист ал жакта өзүнүн жеке иши менен жүргөн жок. Ал коомдун өнүгүшүнө салым кошо турган кызыкчылыкты аркалап, кайсы бир теманы иликтөөгө чыгат. Ал иштеп жатканда ишине тоскоол болуу, коркутуу туура эмес. Албетте, бул сөз эркиндигине доо кетириши мүмкүн. Бул өтө жаман окуя болду. Анда мыйзамдык жактан түшүнүксүз жагдайлар абдан көп. Окуянын кандай болгонун биз деле так биле албай жатабыз. Ушул жерден мен укук коргоо органдарын чакырат элем - бул маселени абдан кылдат жана калыс иликтеш керек. Бул нерсени биз коом катары талап кылышыбыз керек. Жалаң эле Айбек Кулчумановдун же дагы бир журналисттин кызыкчылыгы эмес, бул жерде жалпы коомчулуктун кызыкчылыгы турат. Качан гана маалымат ачык болгондо, журналисттер аны жеткире билгенде акыйкат чечим кабыл алынат, жылыш болот.
«Азаттык»: - Жогоруда эле айттыңыз, «журналистти ур токмокко алуу мыйзамсыз» деп. Бул мыйзамсыз окуя 28-сентябрда болгонуна карабай, Ички иштер министрлиги азыркыга чейин үн ката элек да. Бийликтин мындай мамилесинин артында эмне турат?
Аида Касымалиева: - Ички иштер министрлиги бул боюнча тез арада билдирүү жасашы керек. Анткени эл арасында ар түрдүү бүдөмүк пикирлер жаралып жатпайбы. Анан мен редакцияларды жана алардын жетекчилигин да журналисттердин коопсуздугуна көңүл бурууга чакырып кетем. Журналисттик иликтөө - оңой иш эмес, ага баарыбыз күбө болуп жатабыз. Азыр Айбек Кулчумановдун абалы жакшы деп үмүттөнөм. Бирок кокус башка нерсе болуп калса кандай болот эле? Алдын-ала журналисттик иликтөө болуп жаткандан кийин ага кылдат даярданыш керек. Дароо эле эртең менен укук коргоо органдарына билдириш керек эле. Журналисттер дайыма ушундай коргонууда болушу абзел. Жогоруда айтканымдай, Ички иштер министрлиги, укук коргоо органдары сөзсүз билдирүү жасап, тез арада бардыгын ачык-айкын, бейтарап карашы зарыл. Анан дрон боюнча дагы бир талаш-тартыштуу маселе жаралып жатат. Буга чейин да дронду учуруу боюнча Британиянын, Американын тажрыйбаларын окуп чыктым. Негизи дронду колдонууда биздин өлкөдө кандайдыр бир эреже же мыйзам азырынча жок экен. Мыйзам же эрежелер так болгондо мындай окуяга кириптер болмок эмеспиз. Журналисттин коопсуздугу өтө маанилүү. Кандай болгон күндө да анын жабдууларын, дронун, документтерин, машинесинин ачкычын тартып алуу - бул ойго келбеген нерсе да.
«Азаттык»: - Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун айрым басма сөз каражаттарына интервьюлары чыгып жатат. Биз ал киши менен байланыша албадык. Ал өз маектеринде «Азаттыктын» кабарчыларын бир тараптуу айыптоодо. Буга кандай көз караштасыз?
Аида Касымалиева: - Эки жакты тең бейтараптуулукка жана алардын үнүн угууга коомчулукту чакырам. Баарыбыз мыйзам чегинде иштешибиз керек. Искендер Матраимов мыйзам чыгаруучу болгону менен баары бир ал Райымбек Матраимовдун бир тууган акеси да. Муну да эске алышыбыз зарыл. Экинчи тарап «журналисттер дрон менен үйдү тартууга укугу жок эле» деп жатышат. Мындай кырдаалда эки тарап тең балким «Азаттык» үналгысына же дагы башка маалымат аянттарына келип, өз оюн мыйзамга ылайык дал келгидей кылып далилдеп билдиргени туура. Бирок эң эле негизгиси - укук коргоо органдары менен жарандык коомдун реакциясы. Ушул окуядан улам коңгуроо кагып, чектен аша чапкан окуялардын алдын алып, мыйзамсыздыкка жол бербешибиз маанилүү.