Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

«Азаттыктын» карактоого кабылган оператору дарыланууга муктаж


Айбек Кулчуманов.
Айбек Кулчуманов.

Ош шаарында карактоого туш болгон «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов дарыгердин кароосунан өттү. Дарыгерлер анын белинен жабыркаганын айтышкан. Бул тууралуу Кулчумановдун расмий өкүлү Анара Мамиева билдирди:

- Оператордун абалы орточодон бир аз начар. Анткени кечээ алган жараатынан улам бир аз баса албай, оң тарабы ооруп, томографияга түшүп жатат. Азыр бөйрөгү да текшерилип жатат. Анткени оператор «жакшы дем ала албай жатам» дейт. Травматолог дары-дармектерди жазып берди. Аны үй шартында алууга мүмкүн эмес. Кечээ дарыгер «мээси чайкалышы мүмкүн» деген суроо койгон.

Мамиева бүгүн аларга тергөөчүлөр чалбаганын, тартылып алынган буюмдар кайтарылып бериле элек экенин билдирди.

Ишембиде Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов берүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон жигиттер журналисттин артынан келип сокку уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, «Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка алышкан. Мындан кийин автоунааларына отуруп белгисиз жакка кетип калышкан.

«Азаттыктын» журналистинин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин «Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

28-сентябрда кечки сегиздер чамасында тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тарткан.

Ош милициясынын басма сөз катчысы журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазды.

XS
SM
MD
LG