Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Эң көп мусулманы бар өлкөдөгү шайлоо


Индонезиядагы шайлоочулар. Батыш Ява. 17-апрель, 2019-жыл.
Индонезиядагы шайлоочулар. Батыш Ява. 17-апрель, 2019-жыл.

17-апрелде Индонезияда «дүйнөдөгү эң оор шайлоо» өттү. Анткени бир күндө 200 милиондой шайлоочу президентти жана парламент мүчөлөрүн шайлады. Экзит-поллдордун жыйынтыктары боюнча азыркы президент Жоко Видодо алдыда.

Индонезия дүйнөдөгү эң көп мусулман жашаган мамлекет болуп саналат. Өлкө калкынын саны 263 миллион адам, алардын 230 миллионго жакыны ислам дининде. 17-апрелде добуш берүүгө укуктуу жарандар парламент мүчөлөрүн жана президентти шайлашты. Өлкөдөгү эң жогорку кызмат үчүн азыркы президент Жоко Видодо жана мурдагы аскердик жетекчи Прабово Субианто ат салышкан. Стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр борборунун башчысы Филипс Вермонте сурамжылоолордун жыйынтыгында Жоко Видодо алдыда экенин айтты:

«Биздин борбор жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда Жоко Видодо менен Маруф Амин атаандаштары Прабово Субианто менен Сандьягу Унодон озуп кетишти. Жоко Видодо болжол менен добуштардын 55,8 пайызын ал эми Прабово Субианто 44,2 пайызын алды».

Ушундай эле жыйынтыктарды башка дагы төрт өз алдынча иликтөө топтору көрсөттү. Прабово Субианто шайлоо мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, бирок өз тарапташтарын тынч болууга чакырды:

«Мен тарапташтарымды ызы-чуудан алыс болууга чакырам. Баары сабырдуу болуш керек. Андан көрө бюлеттендер салынган үкөктөрдү жакшылап кайтаргыла, мына ошол жакта биздин жеңишибиздин ачкычы».

Жоко Видодо менен Прабово Субианто 2014-жылкы шайлоодо да атаандаш болушкан. Видодо бул жолку шайлоо өнөктүгүндө андан бери инфрастуктура оңдолуп, бир катар жолдор салынып, аэропорттор курулганына басым жасады. Ал ушул курсту улантарына убада берсе, анын каршылашы Субианто бийликке келсе мыйзам, тартип сакталарын айтып, консервативдик ислам баалуулуктарына басым жасап жатты.

Индонезиянын президенти Жоко Видодо аялы менен. 17-апрель, 2019-жыл. Жакарта.
Индонезиянын президенти Жоко Видодо аялы менен. 17-апрель, 2019-жыл. Жакарта.

Динби же реформаларбы?

Субианто ошондой эле башкы атаандашы Жоко Видодону «Курандын сүрөөлөрүн так айта албайт» деп сынга алып жатты. Видодонун тарапташтары аны актоого аракет кылып, ал мусулман мектебинде окуганын жүйө келтиришти.

«Глобалдык ислам» иликтөө борборунун директору Сюзанне Шретер немистердин «Deutsche Welle» агенттиги менен болгон маегинде Жоко президенттикке келгени адам укуктары жаатында жана өлкөдө күчөп жаткан радикал исламды ооздуктоо боюнча да эч кандай жетишкендиктер болбогонун белгилейт.

Анын айтымында, ашынган исламчыл топтор Индонезия эгемендикке жеткен 1945-жылдан кийин өз күчүн жоготушкан. Анда өлкө башына келген Сукарно жана андан кийин президент болгон Сухарто да радикалдык жана ашынган консервативдүү мусулмандардын көтөрүлүшүнө мүмкүнчүлүк беришкен эмес.

Индонезиянын президенттигине талапкер Прабово Субианто. 17-апрель, 2019-жыл.
Индонезиянын президенттигине талапкер Прабово Субианто. 17-апрель, 2019-жыл.

1998-жылдан тартып өлкөдө демократиялык реформалардын доору башталган. Мына ошондо, Сюзанна Шретердин айтымында исламчыл топтор баш көтөрө башташкан.

Байкоочулар белгилегендей, учурда Индонезиядагы жаштардын динге тартылышына Перс булуңундагы мамлекеттердин, өзгөчө Сауд Арабиясы менен Египеттин таасири күч. Индонезиялык жаштардын көбү Сауд Арабиясында диний билим алышат.

Парламенттик шайлоо

17-апрелде президенттикке кошо парламенттик да шайлоо өттү. Ага 16 партиядан 20 миңдей талапкер ат салышты. Добуш берүү 810 миң бекетте өттү, ал эми процесске жалпысынан алты миллион адам тартылды. Расмий жыйынтыктар 25-апрелде белгилүү болору күтүлүп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG