Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Бруней шариаттык башкарууга өттү


Брунейдин султанына караштуу мейманкананын алдындагы нааразылык акциясы.
Брунейдин султанына караштуу мейманкананын алдындагы нааразылык акциясы.

Бруней мамлекетинде шариатка негизделген Кылмыш-жаза кодекси күчүнө кирди. Ага ылайык, бири-биринин көзүнө чөп салган жубайлар, кумсалар ташбараңга алынат же аларга балак уруу аркылуу өлүм жазасына тартылат. БУУ баш болгон бир катар эл аралык уюмдар бул мыйзамдарды сындап чыгышты.

Шариатка негизделген жаңы кодекс 2014-жылы кабыл алынганы менен күчүнө кире элек болчу. Туш-туштан айтылган сынга карабай, мунайга бай бул өлкөнүн бийлиги өткөн дем алышта билдирүү таратып, Бруней «өз мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө умтулганын, шариат бардык адамдардын укуктарын урматтоону, коргоону көздөөрүн» белгилеп, 3-апрелден тартып мыйзамдар күчүнө кирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет Брунейди өлүм жазасына киргизилген мораторийди сактоого чакырса, «Human Rights Watch» эл аралык уюмунун Азия боюнча жетекчисинин орун басары Фил Робертсон бул абдан жаңылыш кадам экенин баса белгиледи:

«Бул XXI кылымга эч шайкеш келбеген мыйзам. Биз Брунейдин мындай кадамга барганына таң калып жатабыз. Жаңы кодекстердин кабыл алынышы Бруней мамлекетинин бөлүнүп калынышына алып келет. Мен бул Бруней жана анын султаны үчүн абдан жаңылыш кадам деп эсептейм».

АКШнын Мамлекетик департаменти да султандын чечими боюнча тынчсыздануусун билдирди. Кошмо Штаттардын мурдагы вице-президенти Жо Байден «Твиттердеги» баракчасына мындай адамгерчиликсиз мамилени салт-санаалар, маданият менен актоого болбой тургандыгын, анткени «ар бир адам коркунчусуз жашоого татыктуу» экенин жазды.

Ушундай эле маанидеги билдирүүсүн Австриянын канцлери Себастьян Курц да жазды. Ал Брунейдин бийлигин өлүм жазасын жокко чыгарууга чакырды.

Шариатка негизделген кодекске ылайык, бири-биринин көзүнө чөп салган жубайлар, кумсалар ташбараңга алынат же аларга балак уруу аркылуу өлүм жазасына тартылат. «Бирок бул үчүн жетиштүү далилдер керек» деп айтылат документте. Маселен, жубайлар бири-биринин көзүнө чөп салганын же эркектер ортосундагы жыныстык мамиле болгонун төрт күбө далилдеш керек. Жаңы кодексте ошондой эле исламдан башка диндерди үгүттөгөндөргө да айып салуу же аларды беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Брунейдин султаны Хассанал Болкиах. Бандар-Сери-Бегаван шаары. 3-апрель, 2019-жыл.
Брунейдин султаны Хассанал Болкиах. Бандар-Сери-Бегаван шаары. 3-апрель, 2019-жыл.

Брунейдин султаны Хассанал Болкиах шариат мыйзамдары Кудайдан берилген жана алар баарынан туура деп эсептейт. Ал эл аралык уюмдардын, башка мамлекеттердин бийликтеринин сынына жана басымына карабай бул кодекс жокко чыгарылбай тургандыгын билдирди.

Голливуд жылдызы Жорж Клуни Брунейдин Мамлекеттик инвестициялык фондуна караштуу жети мейманкана тармагын бойкоттоого үндөдү. Кеп Лос-Анжелестеги «Beverly Hills Hotel» жана «Bel-Air», Лондондогу «The Dorchester», Париждеги «Le Meurice» мейманканалары тууралуу болуп жатат.​

«Биз бул меймканалардын биринде токтоп, жолугушууларды өткөрүп, түштөнгөн сайын өз жарандарын жөн гана кумса болгону үчүн же жубайлардын бири ала жипти аттап койгону үчүн таш бараңга алууну тандаган адамдын чөнтөгүнө акча салган болобуз», - деп жазды актер.

Музыкант Элтон Жон Клуниге мындай позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, ал жана анын түгөйү Дэвид Ферниш аталган тизмедеги мейманканалардан мурда эле баш тартышканын жазды.

Бруней - Борнео аралында жайгашкан, мунайга бай султанат. Калкынын саны 447 миң адамды түзөт. 72 жаштагы султан Хассанал Болкиах өлкөнү 1967-жылдан бери башкарат. Ал диний билим берүүнү милдеттүү кылып, жума намазынын маалында бардык мекеме-ишканаларды жабууну буйруган.

Жыныстык азчылыктардын эл аралык федерациясы (ILGA) мамлекет тарабынан гомофобияны колдоо боюнча тараткан соңку баяндамасына ылайык, ушул тапта кумсалык үчүн дүйнөнүн сегиз өлкөсүндө өлүм жазасы кабыл алынган. Бул Иран, Судан, Сауд Арабиясы жана башкалар. Бруней шариятка негизделген мыйзамдарды кабыл алган Чыгыш Азиядагы биринчи мамлекет болуп калды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG