Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Күйүткө баткан ата өкмөттү кулатууга белсенди


Заза Саралидзе митингчилер менен журналисттердин курчоосунда
Заза Саралидзе митингчилер менен журналисттердин курчоосунда

Күйүттүү ата бүтүндөй өкмөттү кулатууга бет алды. Грузияда митингге оппозиция кошулуп, саясий өңүт алып кетти. Адилетсиз сотко нааразы эл өкмөт отставкага кетмейин тарабасын айтышууда.

Адилетсиз чечимге жооп

3-июнь, митингге чогулган эл кечке жуук парламенттин алдына батпай, Шота Руставели проспектисине чейин чыгып кетти. Полициянын ага тоскоолдук кылган аракетинен майнап чыкпады. ​

Миңдеген адам катышкан митингдер 31-майда башталган.

Бул күнү Тбилиси соту декабрдагы мушташта өлгөн эки окуучунун өлүмү боюнча өкүмүн угузган. Анда айыпталып жаткан эки өспүрүм маркум Давид Саралидзенин өлүмүнө тиешеси жок деп жарым-жартылай акталган. Андан тышкары мушташка катышкан башка балдар, арасында Башкы прокуратурадагы жогорку кызматта иштеген кишинин уулу жоопко тартылган эмес.

Полиция менен түртүшүү
Полиция менен түртүшүү

Мына ушул көрүнүшкө каршы болгон маркумдун атасы Заза Саралидзе митингге чыккан. Аны миңдеген грузиялыктар колдоду. Баштапкы мүдөө баш прокурорду кызматтан кетирүү болчу. Ал 31-майда кызматын тапшырган соң толкугандар эми өкмөт башчынын отставкасын талап кылып, парламенттин алдынан кетпей, чатыр тигип жашап жатат.

Митинг талаптары өзгөрүүдө

3-майга оогон түнү Заза Саралидзенин чатырына оппозициялык партиялардын лидерлери да келишти. Алар өкмөт толук отставкага кетип, кезексиз парламенттик шайлоо жарыяланмайынча акцияны улантууну макулдашты.

Митингдегилер телефондун панарын жагып турушат. Тбилиси, 1-июнь, 2018-жыл.
Митингдегилер телефондун панарын жагып турушат. Тбилиси, 1-июнь, 2018-жыл.

Ошентип митинг саясатташты. Жабыркаган Саралидзе көз карашы өзгөргөнүн мындай чечмеледи:

- Баарыңар эң жакшы билесиңер, ушу күнгө чейин бул ишке саясатчыларды аралаштырууга эч ниетим жок эле. Бирок эми бардык саясий жана саясий эмес күчтөргө кайрылууну чечтим. Мен ушул системаны жана системаны калкалап турган өкмөттү кулатуу үчүн кандай гана рычаг болбосун колдоном деп убада бергем. Менин уулумду, биздин балдарды өлтүргөндөр сөзсүз жазаланышы керек.

Азыр бийликте турган «Грузин кыялы» партиясы нааразылык толкундун саясий өңүт алышын дароо сынга алды. Аталган партиянын өкүлү, спикер Ираклий Кобахидзе мунун артында парламенттеги «Бирдиктүү улуттук кыймыл» партиясы турат деди:

- Биринчи каршылык толкуну – албетте, таратылган маалыматка коомчулуктун реакциясы болду. Ошол маалыматты ким таратты деген суроо туулган эле. Бирок ошол эле күнү кечинде процесстин баарын «Бирдиктүү улуттук кыймыл» башкара баштады. Ал эми кечээ кечинде болгон нерсе (Саралидзе менен оппозициянын макулдашуусу) мен үчүн күлкү келтирерлик жагдай. Мунун артында ким турары билинип калды.

Митингдин саясатташып кеткенине анын айрым катышуучулары да нааразы. Алар жекшембиде өзүнчө акция өткөрүштү. Ага негизинен борбор Тбилисидеги университеттердин студенттери катышып, Саралидзе менен оппозициянын кечиндеги сүйлөшүүсү элдик толкунду кайсы бир саясий кызыкчылыктарга кызмат кылдыруу аракети деп баалашты.

"Башпрокурорду эл тандайт"

Мына ушул бөлүнүү учурунда премьер-министр Георгий Квирикашвили элге жага турган билдирүү таратты. Ал өспүрүмдөрдүн өлүмүн иликтөө үчүн түзүлгөн парламенттик комиссия жакынкы күндөрү ишин баштарын жарыялады.

Георгий Квирикашвили
Георгий Квирикашвили

Ал эми жаңы башпрокурор коомчулук менен ачык кеңешүүдөн кийин дайындалат деди:

- Биздин максат эл арасында эң жогорку ишенимге ээ болгон талапкерди башкы прокурорлукка көрсөтүү.

«Азаттыктын» грузин кызматынын журналисттери жана башка жергиликтүү байкоочулар бул митингдерде оппозициялык күчтөрдүн биригип кетиши башкаруучу «Грузин кыялына» толтура баш оору жаратат деп жатышат.

Ошол эле маалда алар толкуган элди парламент алдында канча күн кармап турат деген суроо коюлуп жатат.

Анткен менен нааразылык билдиргендер бир эле борбордо эмес, өлкөнүн башка да шаарларында бар.

Квирикашвили армян сценарийин албетте жактырбайт. Сүрөттө: Грузия жана Армения премьерлери - Георгий Квирикашвили менен Никол Пашинян
Квирикашвили армян сценарийин албетте жактырбайт. Сүрөттө: Грузия жана Армения премьерлери - Георгий Квирикашвили менен Никол Пашинян

Грузиядагы акциялар бир нече жума мурда коңшу Арменияда болгон жүрүштөргө да салыштырылып жатат. Анда он миңдеген армениялыктар жыйырма күндөн ашуун көчө жүрүштөрүнө чыгып, бийликти алмаштырууга жетишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG