Чектеш Баткен, Согд, Фергана облустарынын жетекчилери Тажикстандын Гулистан шаарында 19-декабрда жолугушту. Бул тууралуу Баткен облустук бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозаров ар тараптуу кызматташтык чыңдалып, чек ара аймактарында коопсуздук камсыздалганын, кошуна жайгашкан кыргыз, өзбек, тажик элдеринин ынтымагы бекемделип, облустардын кызматташуусуна жакшы шарт түзүлүп жатканын белгилешти.
“Чектеш облустардын башчылары кызматташуу жаатында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык жана туризм жаатында кызматташуу ниеттерин билдирип, 2025-жылга жол карталарына кол коюушту жана аны активдүү ишке ашырууга даярдыгын билдиришти” - деп айтылат Баткен облус жетекчисинин басма сөз кызматынын маалыматында.
Өзбекстан менен чек аралар такталып бүтүп, чек арадагы өткөрмө бекеттер кадимки шартта иштеп, өз ара товар жүгүртүү жылдан жылга өсүп жатканы айтылып келет.
Кыргызстан 2021-жылы чек арадагы куралдуу кармаштан кийин Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Эки өлкө ортосунда каттам ошол күндөн бери токтогон.
Президент Садыр Жапаров 13-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия ишин жыйынтыктаганда чек ара бекеттери ачыларын билдирген.
4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.(JsA)
Шерине