Жекшембиде, 1-мартта Орусиянын жер-жерлеринде өткөн шайлоодо күтүүсүз окуялар дээрлик байкалган жок. Бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы добуш берүү жүргүзүлгөн 9 аймакта тең көпчүлүк добушту жеңип алды.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы жана “Бирдиктүү Орусия” партиясынын кеңешинин төрагасы Борис Грызлов Москвада өткөн маалымат жыйынында шайлоо жыйынтыктарына купулу толгонун айтты:
- Добуш берүү “Бирдиктүү Орусияга” 4 же 5 жыл мурда ошол эле мыйзам чыгаруу органдарына шайлоого караганда азыр алда канча көбүрөөк колдоо берилип жатканын айгинеледи. Менимче, айрым аймактарда партияны колдогондордун саны 20-23 пайыздан 55-57 пайызга чейин өстү.
Москвалык саясат таануучу Дмитрий Орешкин болсо “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Орус кызматына берген маегинде добуш берүүчүлөрдүн шыктануусу өтө төмөн болду деген пикирин айтты:
- Мунун бардыгы алдын-ала жоромол кылынып күтүлүп жаткан. Биринчиден, добуш берүү үчүн келгендердин саны аз болду. Карапайым калк шайлоого катышуу зарыл деп сезишкен жок, себеби алар бул шайлоо тууралуу өтө жакшы пикирде эмес болчу. Экинчиден, шайлоонун жыйынтыктары жергиликтүү акимдик ресурстарды колдонууга көз каранды. Бул өзгөчө шайлоочулары бийликтегилерге моюн сунуп берген Түндүк Кавказ сыяктуу аймактарда көрүнүп турат. Үчүнчүдөн, калктын калың катмары кризисти алигиче жакшы аңдай элек.
Оппозициядагы Коммунисттер партиясы Владимир облусунда көбүрөөк добушту алышты (алар бул аймакта 27.75% пайыздай добушка ээ болду). Алар эң эле төмөнкү көрсөткүчкө - 8.36 пайыз добушка - Түндүк Кавказдагы Кабардин-Балкар жумуриятында ээ болушту.
Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Коммунисттер жана башка оппозициядагы партиялар аткаминерлердин жергиликтүү ресурстары “Бирдиктүү Орусия” партиясынын кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жатты деп айыпташты.
Коммунисттик партиянын интернет баракчасында жарыяланган билдирүүсүндө партия лидери Геннадий Зюганов өзү Брянск облусунда болгонун, ал эми анын орун басары Кабардин-Балкарда көзөмөл салганын айтып, шайлоонун жүрүшүн кескин сынга алган. “Биз мындай ыплас саясий тактиканын колдонулушуна буга чейин эч качан күбө болгон эмеспиз” деп белгиленет билдирүүдө.
Шайлоо өткөн көпчүлүк аймактарда 10 пайыздай добушка ээ болгон улутчулдардын уюму - Либерал-Демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский да Москвада өткөн маалымат жыйынында добуш берүү таза өткөн жок деп сынга алды:
- Биз нааразыбыз жана шайлоонун жыйынтыктары менен макул эмеспиз. Биздин баамыбызда, биз үчүн берилген добуштардын саны азайтылып, бурмаланып берилди. Бул жолку шайлоо 2007-жылы декабрдагы Мамлекеттик Думага өткөн шайлоодогудай эле бурмаланды. Биз “эч кандай олуттуу мыйзам бузуулар орун алган жок” деп ырастаган Борбордук шайлоо комиссиясынын бүтүмү менен таптакыр макул эмеспиз.
1-марттагы шайлоо маалында бир катар шаар акимдери да аныкталды.
Мурманск шаарында мэр үчүн добуш берүүнүн экинчи айлампасы өтмөкчү. Учурда шаар башчылыгы үчүн бул кызматты ээлеген Михаил Савченко менен мэрдин орун басары Сергей Субботин ат салышууда. Бул таймаш жаңжал менен коштолду, себеби Мурманск облусунун губернатору, “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү Юрий Евдокимов Савченкону колдогон өз партиясына каршы чыгып, анын каршылашы Субботинди колдогон.
Орусиянын Ички иштер министрлиги да, Чукул кырдаалдар министрлиги да шайлоо учурунда эч кандай башаламандык болбогонун билдиришти.
1-марттагы шайлоо өткөн жылы Дмитрий Медведев президенттик кызматка келгенден бери алгачкы ирээт өткөн ири шайлоо өнөктүгү болуп калды.
Араанын ачкан экономикалык кризиске карабастан, сурамжылоолорго ылайык, орусиялык коомчулуктун Путин жана Медведевди колдоосу дале күчтүү.
Шайлоого чейинки аптада “Левада” изилдөө борбору тарабынан уюштурулган сурамжылоого ылайык, Орусия калкынын 78 пайызы Путинди, 71 пайызы Медведевди колдойт. Өткөн жылы да сурамжылоолор дээрлик ушундай натыйжа берген.