Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

"Экинчи дүйнөлүк согушта да мынчалык кырылган эмес". Украинада садага чабылган тывалыктар


Кызылдагы турак жайда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун сүрөтү түшүрүлгөн. Тыва
Кызылдагы турак жайда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун сүрөтү түшүрүлгөн. Тыва

1944-жылы 11-октябрда, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап баратканда Тыва Эл Республикасы «ыктыярдуу түрдө» СССРдин курамына кирген. Кызыл Армиянын вермахтка каршы күрөшүн колдоо үчүн Тывадан майданга эки жүздөн ашык атчан жоокер барган. Алардын үчтөн бирине жакыны кайткан эмес. Журналисттердин эсептөөлөрү боюнча, тыва эркектери Экинчи дүйнөлүк согушта орус аскери Украинага жапырт басып кирген бир жарым жыл ичиндегиге караганда бир нече эсе аз өлгөн.

Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик Украинада жарадар болгон тывалык жоокерлерге кам көрүмүш болууда. Алсак, республика башчысы Владислав Товариштайвович Ховалыг жакында госпиталга барып, согушта бир колунан ажыраган аскер кызматкери менен сүрөткө түшкөн. Жарадар болгон жигиттин «айыгып жатканын» кабарлаган.

Бүгүн Тыва – адамдарын бөөдө кыргынга тынымсыз жиберип турган аймак. Эгерде коргоо министри Сергей Шойгунун «чоң» мекени буйрук берсе, «кичи мекени» какайып шай турат. Мында министрдин портретинин бардык жерде илинип турушу таң калыштуу эмес. Тыва өз адамын колдобой койбойт, ошондуктан улут тарыхындагы кызылдык эң даңазалуу киши үчүн жанын берүүгө даяр.

2023-жылдын 11-октябрына карата Украинада кеминде 396 тывалык өлтүрүлгөн. Алардын аты-жөнү ыктыярчылар тарабынан туугандарынын некрологдору жана райондук жетекчилердин маалыматтарынын негизинде аныкталып, чоо-жайы алар көмүлгөн жерлер менен айылдык жана шаардык мектептердеги «баатырлардын парталары» боюнча такталган. Расмий түрдө республиканын өкмөтү 2022-жылдын май айынын ортосунан бери каза болгондордун жакындарына жарыя көңүл айтууну токтотту.

Тыванын Орусиянын курамына кошулгандыгы тууралуу жарлык
Тыванын Орусиянын курамына кошулгандыгы тууралуу жарлык


Тывалыктар жөнүндө орус аскери үчүн согуштун эң оор учурунда Кытайдын арзан рациялары менен эне тилинде сүйлөп, байланыштын купуялыгын камсыз кылышты делген аскер уламыштары айтылып жүрөт. Азыр деле, республика СССРдин курамына киргенине 80 жыл болсо да, бардык эле тывалыктар орус тилин биле бербейт. Украинанын чалгындоо кызматы алардын сөзүн түшүнбөй, орус аскерлери анча-мынча сырдашса керек да.

Тыванын аймагы азыркы Австрия менен Венгриянын чогуу алгандагы аймагына барабар болсо да, анын азыркы калкы Орусиянын чакан райборборунун калкы менен тең – болгону 300 миңге жакын киши. Ал эми 1944-жылы андан да аз (100 миңге жакын) болгон. СССРдин чен-өлчөмү боюнча, бул аймакты ээлеп алуу анча деле чоң утуш болгон эмес.

52 жоокерден турган туруктуу аскер

20-кылымдын башына чейин Тывада Орусия жөнүндө уккандар аз эле. Саян ойдуңун мекендеген түрк тилдүү элдер Монголия менен эзелтен экономикалык, саясий жана маданий байланышта болуп келген. 1911-жылдагы Кытай революциясына чейин бул аймак (Урянхай аймагы) Асман империясынын курамына кирген Монголиянын түндүк-чыгыш провинциясы болгон. Кытай революциясынан кийин Монголияда да толкундоолор башталып, бул тывалык төбөлдөргө жаккан эмес. Ошондуктан алар «таш дубалдын артында тургандай» ишеничтүү корголуу үчүн кайсы мамлекетке кошулуу керектиги жөнүндө анча-мынча талашып-тартышып, кийин сюзерен катары Орусияны тандап алышкан.

1912-жылы тыва ноёндору (алардын катарында болочок мамлекет башчы Буян-Бадыргы да бар эле) император Николай IIге Тываны империянын протекторатына кабыл алуу жөнүндө өтүнүч кат жөнөтүшкөн. Өтүнүч 1914-жылы канааттандырылган. Урянхай облусунун административдик борбору болуп азыр Кызыл деп аталган Белоцарск шаары дайындалган.

1917-жылы Тыва бектери жаңылыштык кетиргенин аңдашты, «таш дубалдын артында корголбой» эле өздөрү ошол дубалга такалып калышты. Бирок кеч болуп калган эле. 1921-жылдын орто ченинде бул жерлерге кокустан келип калган кызыл аскердин туруктуу бөлүктөрүнүн колдоосуна ээ болгон тывалык коммунисттер жаңы мамлекетти «Танну-Тыва» деп атап, Тыванын улуттук эгемендигин жарыялоону чечишкен.

Бирок алар эгемендиктин жыргалын көпкө көрүшкөн жок – дароо Москвага берилгендигин билдирип, ант беришти.

«Тану-Тыва Эл Республикасы ички иштеринде эч кимге көз каранды эмес эркин элдин эркин мамлекети болуп эсептелет, ал эми эл аралык мамилелерде Тану-Тыва Республикасы Орусия Советтик Социалисттик Федеративдүү Республикасынын колдоосунда болот».
Бүткүл тыва уюштуруу хуралынын (жыйынынын) 1921-жылдын августундагы резолюциясынан.

Жаңы бийлик түптөлгөндөн кийин советтик аскерлер чыгарылып кеткен. Республикалык аскер министрлиги, ага караштуу 10 жоокерден турган бөлүмчө да түзүлгөн. Өкмөт 1924-жылы 52 жоокерден турган Тыва Арат Кызыл аскерин түзгөн.
«Андан ары батышта, б.а. чек арадан түштүктө, кытай жериндеги дагы бир советтик республика – Танну-Тыва жайгашкан. Көчмөндөрдүн дипломатиялык корпусунун Москвадан башка барар жери жок. Бул аянты 60 чарчы милге жакын, кийимдери жана курал-жарактары Москва тарабынан белекке берилген 160 кишиден турган туруктуу аскери бар, эң кичинекей болбосо да, дүйнөдөгү эң белгисиз республика. Аскери атайын кийими эскирип бүткөнгө чейин ишеничтүү». (Жуниус Бойд. Вуд «Укмуштуу Сибирь». 1928).

«Куду чоңдордой»

Белгилей кетчү нерсе, бир канчага чейин республикада дин тутуу эркиндиги толук сакталган. Тыванын эң жогорку кызмат адамдары да ламаисттик буддизмди же шаманизмди карманып, өздөрүнүн ишенимдерин марксисттик көз караштар менен айкалыштырып келген. Бул «көчмөндөр республикасында» мыйзам чыгаруу иши ө тө жемиштүү болгон. Башкаруучу Тыва элдик жумушчу партиясынын 12 курултайында алты конституция кабыл алынган. Анткени «республиканын атасы» (премьер-министр Монгуш Буян-Бадыргынын расмий наамы ушундай эле) мыйзам актыларын абдан жакшы көргөн. Ошол себептүү Мыйзам чыгаруу комиссиясын өзү жетектеп, үй-бүлө, нике тууралуу мыйзамдарды өзү жазган.

Тыванын биринчи расмий делегациясы Москвада: Танну-Тыва менен СССРдин ортосундагы достук жана кызматташтык келишимине кол коюшууда (1925-ж., июнь)
Тыванын биринчи расмий делегациясы Москвада: Танну-Тыва менен СССРдин ортосундагы достук жана кызматташтык келишимине кол коюшууда (1925-ж., июнь)

Ал эми билимдүү жана кудайдан корккон башкаруучу (Буян-Бадыргы буддизмди тутунчу) болуп ойногон «республиканын атасынын» бул саясий идиллиясы көпкө созулган жок. 1929-жылы Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинин бүтүрүүчүлөрү Москвадан республикага кайтып келишип, алган билимдерин турмушта колдоно башташты.

Сталин жеке өзү дайындаган «Тыванын өзгөчө комиссарлары» «республиканын атасы» баштаган бүт башкаруучу төбөлдөрдү репрессиялашкан. 1932-жылы мартта ТЭРП (Тыва элдик-революциячыл партиясы) Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун отурумунда Буян-Бадыргы тилектеш-шериктери менен бирге «контрреволюциялык бандиттик-тоноочулук» аракеттери, 1924-жылдагы Хемчик көтөрүлүшүнө катышкандыгы үчүн айыпталып атылган. Аны менен кошо республиканын мурдагы премьер-министри Куулар Дондук да атылган.

«Сталиндештирүү жана коллективдештирүү» саясаты жарыяланып, бардык диний жөрөлгөлөргө тыюу салынган. Репрессия жылдары республикада баары болуп 26 буддист ибадатканасы (хүрээ) талкаланган. Үч миңден ашык буддист монахтар репрессияланган. Көптөр аман калуу үчүн диний макамынан баш тартышкан.

«...Жергиликтүү бийликтер партиянын чечимдерин шашылыш түрдө аткаруу үчүн боз үйлөрдү кыдырып, ар кандай кудайларды тартып алышкан... <...> Кээ бир жерлерде орустарды жек көрүшкөнү ачык эле байкалат» (Шагонар).

«Кызматтык иш боюнча бир нече адам – партия мүчөлөрү – Аянгатыга (республиканын түндүк-чыгышындагы айыл – СР) келип, наадандык ишке барышты. Тактап айтканда, кыздардын колунан шакекчелерди алып салып, зордукташты. Тиешелүү уюмдар мындай ыплас иштерге такыр көңүл бурушпайт. Биз абдан таң калып жатабыз. Ошол себептен биз силерге каршы күрөш баштадык. Силердин укуксуз аялдарды коркуткан учуруңар болгон», – тарыхчы Иван Отроӊенко Тыва козголоңчуларынын каттарынан ушундай үзүндү келтирет.

Өспүрүм кезинде сталиндештирүүнүн күбөсү болгон тывалык жазуучу Феликс Сегленмей мындайча эскерет: «Арын чазар!» («Жоголсун уят!») деген ураандын алдында жыйындар өтүп, анда аялдар менен кыздардын чачын кыркып, зер буюмдарын (сөйкө, шакек) тартып алып, эл алдында жыныстык турмушунун чоо-жайы тууралуу айтып берүүгө мажбурлашкан. Үй-бүлөлүү эркектер менен аялдарды жыйналыштарда кылымдардан бери бпкем сакталып келген ат тергөө салтын бузуп, келирдерди кайнатасы менен кайненелеринин атынан атоого мажбурлашкан».

Мындай чектен ашкан аракеттер көп кайталанып, натыйжада 30-жылдардын башында Тываны көтөрүлүштөрдүн толкуну каптады: эмне үчүн малын, мүлкүн, ишенимин тартып алып жатканын түшүнбөгөн улутчулдар, буддист ламалар жана жөнөкөй көчмөндөр козголоң чыгарышты.
Жапырт, бирок багыттоочусу жок тополоңдорду жаңы бийлик билгичтик менен жана тез эле басып коюп турду. Уюштуруучуларды жеринде атып ташташчу же РСФСРге жөнөтүп, алар менен ОГПУнун кыйла тажрыйбалуу мыкчыгерлери иш алып барышчу.
1938-жылы Тыва Республикасында «тогуздун иши» деп аталган сот процесси болуп өткөн. Өкмөттүн бир нече жетекчисин «кийинчерээк феодалдык түзүлүштү калыбына келтирүү жана Японияга кошулуу максатында дыйкандардын бийлигин кулатууга даярданган» деген айып менен атышкан.

ТНРПнын баш катчысы Салчак Тока
ТНРПнын баш катчысы Салчак Тока

Кээ бир маалыматтар боюнча 1930-жылдары жалпысынан республика калкынын 8% ар кандай деңгээлде репрессиядан жапа чеккен. Ошентип, Тыва ал кезде СССРдин курамына кирген деп эсептелбесе да, мамлекеттик зомбулуктун деңгээли боюнча сталиндик «стандарттарга» толугу менен жооп берген. Айрыкча 1932-жылы ТНРПнын баш катчысы, «Москва комиссарларынын» бири Салчак Тока иш жүзүндө мамлекеттин жаңы башчысы болгондон кийин зомбулук күчөгөн. Ал бийлик башына отуз жашында келип, Тываны «өмүрүнүн акырына чейин» (1973-жылы каза болгончо) башкарган.

Ал карапайым элден чыккан жаштарга таянып, бүт репрессиялык аппаратты жеке өзү башкарган. Үчүнчү аялы Хертек Анчимаа 1940-жылы Кичи Хуралдын төрагалыгын ээлеп, мыйзамдуу түрдө мамлекеттин биринчи адамы болгон. Ошол учурда ал 28 жашта эле.

Советтик тарыхта Тока жана анын жубайы «жеке адамга сыйынуу» жоюлганга жана Брежневдин сенек доорунун гүлдөп турган мезгилине чейин бийликте калган акыркы чыныгы сталинчилер болду.

«Шойгу! Шойгу!»

1940-жылдары башкаруучу жубайлардын камкордугу менен эмгек жолун баштаган жаш кадрлардын бири, «фанера маршалынын» болочок атасы, партиялык журналист Шойгу Күжүгет болгон. Ырас, Тыва СССРге кошулганга чейин анын аты «Шойгу» эле. Бирок СССРдин паспортун беришкенде аты менен атасынын атын алмаштырышты.

1944-жылы НКВДнын кызматкерлери жаңы советтик жарандарга уюшкан түрдө паспорт бере баштап, тывалык бир уруунун эркектеринен чоң аталарынын атын сурашканда алардын кимиси болбосун: «Күжүгет» деп жооп беришкен.

Шойгу Күжүгет
Шойгу Күжүгет

Тыванын жарымы эле бир фамилияны алып калбашы үчүн чиновник Орусиянын болочок башкы куткаруучусунун атасынан ысымын сурайт. «Шойгу», – деп жооп берет ал. «Бул сенин фамилияң болот!» – дейт чиновник.
Шойгу – аты-жөнү ушундай узак өмүр сүргөн биринчи адам, ал 91 жыл жашады. Анын жыйырма жылдан ашуунун ал КПССтин Тыва обкомунун экинчи катчысы болуп иштеген.

Демек, Сергей Күжүгетович Шойгу карапайым элден чыккан эмес жана жаш
кезинен эле социалдык тепкичтен-тепкичке тез көтөрүлүүгө көнүп калган.
Жолдош Салчак Тока сталинизмден сенектик доорго ийгиликтүү “көчүп”
өткөндөй эле, Шойгунун үй-бүлөсү да “эң чоң геосаясий апаатты” (СССРдин
кулашын Путин ушундай сыпаттаган) аман-эсен баштан өткөрүп, Ельцин
башкарган он жылдыкта Орусия Федерациясынын учурдагы коргоо
министри болуп бийлик сересине көтөрүлө баштады.

90-жылдардын аягында Сергей Шойгунун Өзгөчө кырдаалдар министринин
орун басарлыгына дайындалышы республикада чоң кубанычты пайда кылып,
жеке адамга сыйынуунун калыптанышына себеп болгонун Тывада туулуп-
өскөн жазуучу Роман Сенчин эскерет.

– Ал туулган Чадан шаарчасында анын атындагы көчө бар, Кызылда,
Тыванын 5 жылдыгы атындагы стадиондун дубалында анын чоң портрети
илинген. Албетте, музейде да анын бейнесине арналган бурч бар. Бирок
Шойгу ӨКМди жетектеп турганда азыркыга караганда көбүрөөк урмат-сыйга
ээ болчу, айрымдар кудайындай эле ардакташчу. Урандылардын астында
тирүү кишилер бар жерлерди аныктаган анын өзгөчө касиети жөнүндө көп
кеп кылышчу, – дейт Сенчин.

Атүгүл мал да корккон

1941-жылы 25-июнда, вермахт СССРге кол салгандан үч күндөн кийин Тыва
Германияга согуш ачкан. Мындай токтомду республиканын Элдик хуралы
кабыл алган. Азыр жергиликтүү Z-каналдар ал жөнүндө «биздин чоң
аталарыбыз» Украинаны фашисттерден коргогон, азыр алардын неберелери
«киевдик улутчулдар менен согушуп жатат» деп көп жазышууда.
Бирок бир «бирок» бар: 1941-жылы Тыва Эл Республикасынын бар экенин
дүйнө жүзүндө эки гана мамлекет – Советтер Союзу жана Монголия
тааныган. Ошондуктан Кызылдын Берлинге дипломатиялык нота жөнөтүшкө
мүмкүнчүлүгү жок эле, ал эми Гитлер Ыраакы Чыгышта ага каршы «экинчи
фронт» ачылганын эч качан билген эмес.

Анын үстүнө, тывалык атчандар фронтко 1944-жылы гана аттанган, а Экинчи
дүйнөлүк согуштун аягында атчан аскерлер артиллерияга туруштук бере
албасы бат эле белгилүү болгон.

Ошентсе да Тыва СССРге баасы 30 млн рублдан ашуун турган бүт алтын
казынасын берип, Германияны жеңүү үчүн зор салым кошкон.
Ал эми 1946-жылы СССРде ачарчылык башталганда, Сталин консервалоо
жана шинел үчүн тывалардын семиз малдарын союуну буюрган.
Совет доорунда республика эӊ начар каржыланчу. Ошондуктан жада калса
брежневдик салыштырмалуу байгер заманда да оолдордо (тыва

конуштарында) маӊзат бизнеси, мал уурулук, баңгилик, аракечтик, буга
кошумча бычакташуу тынчыбай турчу. Шаарларда деле ушундай болчу.
Тыва – азыр Орусиянын эң жакыр аймактарынын бири, анын борбору Кызыл
адам башына санаганда киши өлтүрүү көрсөткүчү эң жогорку шаар болуп
саналат.

– Мен Кызылда төрөлүп-өскөм, – дейт Роман Сенчин. – Биздин үй-бүлө ал
жактан отуз жыл мурда көчүп кеткен. Мен дээрлик жыл сайын Тывага барып,
туулган жеримде эки-үч күндөн бир нече жумага чейин жүрөм. Мен бала
кезде Кызыл кароосуз калып, көз көрүнөө жапайы боло баштаган эле.
Кечинде бетке чаап, атүгүл курсакка бычак сайган жигиттердин айынан
шаардын куту качкан. Буга дайыма эле улуттар аралык чыр-чатактар себеп
болгон эмес.

Совет мезгилинде Кызылда негизинен титулдук эмес улуттун өкүлдөрү
жашачу, а кылмыштуулук ошондо да күч эле. Мушташ, уруп-сабоо, жада
калса «кескилөө» – ал кезде ушинтип айтышчу – деген нерселер көнүмүш
болчу. Азыр борбордо кишилердин пейили кичине оңолуптур, күн баткандан
кийин да көчөдө жүрсө болот.

Кызыл шаары, Тыва Республикасы
Кызыл шаары, Тыва Республикасы

Республиканын Хуралынын (Мыйзам чыгаруу жыйыны) айланасында
(Сенчиндин айтуусу боюнча) азыр караңгыда да беймарал жүрө аласың.

Ал «Единая Россия» партиясынын 22 өкүлүнөн, Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясынын 2 депутатынан, ЛДПР жана «Новые люди» партияларынын бирден өкүлдөрүнөн турат. Жалпысынан, кылмыштуулук, улутчулдук жана орус азчылыгынын басмырланышы тууралуу көптөгөн маалыматтарга карабастан, «Единая Россияны» мурдагыдай эле колдоо күч. Иш жүзүндө Тываны аталган партияны негиздөөчүлөрдүн бири, Кремлдин «ноёну» Шойгу башкарат.

Он төрт жылдан ашык убакыт бою, 2007-2021-жылдар аралыгында, Тываны
анын кишиси Шолбан Кара-оол башкарган. Анын бир тууганы Леонид –
Хуралдын депутаты жана «Единая Россия» партиясынын мүчөсү. Ал 2006-
жылы эки жарым килограмм маңзат менен камалган. Албетте, «Единая
Россиянын» жергиликтүү бөлүмү мындай майда-барат иш үчүн Леонидди
партиядан чыгаруудан баш тартты.

Эң башкы ырлар

«Единая Россиянын» дагы бир активисти, тывалык жаш музыкант Шойгуну
даңазалаган рэп жазган. Анын текстине ылайык, Сергей Күжүгетович
энесинин курсагынан төрөлө электе эле Американын үрөйүн учурган экен.

Бирок Росстат, Саламаттыкты сактоо жана каржы министрликтеринин
маалыматына ылайык, Тывада өтө жакыр жашаган калктын үлүшү 34%
түзгөн. 7% жакын калк ашкере жакыр жашайт – алардын кирешеси эң аз
айлык акынын жарымынан төмөн. Ал эми «майданчы жоокерлердин» үй-
бүлөлөрүн колдоо үчүн Коргоо министринин мекени аларга көмүр, отун, кой
берет.
Арийне, мунун баары Шойгуну мактап ырдаганга эч кандай тоскоол болбойт.
Бирок Тывада салт боюнча азыр деле көбүнчө сөзү жок ырдагандар көп.
Тываны тааныта турган негизги өнөрү жана дүйнөлүк маданиятка кошкон
салымы эң оболу көмөкөйгө салып ырдоо болуп саналат. Бул өнөрдүн
өзгөчөлүгү – аткаруучунун бир убакта эки нотаны алып, кош дооштуу солону
аткаруусу. Экзотикалык вокалдын биринчи сыпатталышы 19-кылымдын
ортосунда кездешет. Тывалардын ырдоо ыкмасы таптакыр башка музыкалык
салттарда тарбияланган европалыктарды таң калтырып келет.
Этнограф Э.К. Яковлев көмөкөй менен ырдоону минтип сүрөттөйт: «Сөзү
жок ырдоонун өзгөчө таасирин сөз менен айтып жеткире албайсың. Бул
ырдоо бүтүндөй кыркыроолордун айкалышуусунан турат. Ырчы өпкөсүнө
толтура абаны жутуп алат да, анан көөдөндүн түпкүрүнөн кандайдыр
кызыктай күрүлдөгөн доош чыгара баштайт. Дооштун үзгүлтүксүздүгү жана
узактыгы өпкөнү тескөө жөндөмүнө жараша болот».
Тывалардын көмөкөй менен ырдоосу – хоомэй – алтайлардын, буряттардын
жана монголдордун ушуга окшош өнөрүнөн биринчи кезекте стилдеринин ар
түрдүүлүгү боюнча бир топ айырмаланат.

Шон Куирк жубайы менен
Шон Куирк жубайы менен

Америкалык музыкант Шон Куирк (Sean Quirk) көмөкөй менен ырдоону
үйрөнүүнү 90-жылдары эле эңсей баштайт. 2003-жылы Кызылга көчүп келип
тил үйрөнөт, тывалык кызга үйлөнүп, республикалык филармонияга
кызматка алынган. АКШдан келген көмөкөй ырчысы тез эле
жергиликтүүлөрдүн мактанычына жана Тыва бийлигинин сыймыгына
айланды (ага «Эл артисти» наамын ыйгарышкан).

«Карагылачы, тээ Американын өзүнөн бизге жашаганы келип жатышат», – дешчү алар. Бирок Украинада толук масштабдуу согуштун башталар замат Шон Тывадан кетип калды. Анан дароо эле «республиканын сыймыгы» «тыңчыга» айланды (жергиликтүү маалымат каражаттарында аны азыр «уктап жаткан агент» деп аташат).

Музыкант учурда үй-бүлөсү менен АКШда жашап, Американын
шаарларында гастролдоп жүргөнүн фейсбуктан көрүүгө болот. А имиш-
имиштер (албетте, андан кийин гезиттер жана жаңылык сайттары) эчак эле
анын «ким экенин ашкерелеп салган».

Мамлекеттик каналдар тыва тилинде эркин сүйлөгөн америкалык «чын эле»
Украинага барганы, ал жерде азыр Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн
тывалык байланышчылардын сүйлөшкөндөрүн которуп берип жатканын айтышууда.

Орус аскеринин бул баскынчылык согушта жолу болбой жатканы мына
ушундан экен, көрсө!

Өлкөнүн эң жакыр жана эң кичинекей аймактарынын бири болгон Тыванын
көрсөткүчү Украинадагы ырасталган аскерий жоготуулар тизмесинде сап
башында турат.

XS
SM
MD
LG