Эгемендик майрамын Неаполдо белгилеген журтташтар
Италиянын Неаполь шаарында кыргызстандык мигранттар Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата иш-чара уюштурду. Бул мамлекетте расмий эсепте 5-6 миңдин ал эми бейрасмий маалыматта 10 миңдин тегерегинде кыргызстандыктар бар. Италия - Европа өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын эң көп жараны иштеп, жашап жаткан мамлекеттердин бири.