Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

Эрдоган Путинди чыңалууну күчөткөн аракеттерден оолак болууга чакырды


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын лидери Владимир Путин. Анкара. 3-апрель, 2018-жыл. Архивдеги сүрөт.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын лидери Владимир Путин. Анкара. 3-апрель, 2018-жыл. Архивдеги сүрөт.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын лидери Владимир Путинди Украинадагы согушта чыңалууну күчөткөн аракеттерден карманууга чакырды.

Бул тууралуу ал телефон аркылуу айтканын Эрдогандын кеңсеси билдирди.

"Президент Эрдоган орус-украин согушунда чыңалууну күчөтө турган аракеттерден оолак болууга чакырып, Кара деңиз боюнча келишимдин (дан келишими-ред.) маанилүүлүгүн белгилеп, аны "тынчтык көпүрөсү" деп атады", - деп жазылган билдирүүдө.

Ал арада Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 2-августта Орусияга тиешелүү бөлүмдөрү ишке ашкандан кийин Москва дан келишимине токтоосуз кайтууга даяр экенин билдирди.

Телефондук сүйлөшүүдө Путин жакында Түркияга бара турганы макулдашылды. Расмий Анкара Рим статутуна кол койбогондуктан Путинди кармап, Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүп бере албайт.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди "Украинадагы согуштан улам" кармоого 17-мартта ордер чыгарган.

Путин Эл аралык кылмыш сотунун чечимине байланыштуу Түштүк Африка республикасында өтө турган БРИКС уюмунун саммиттине бара албайт.

XS
SM
MD
LG