Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:08

Дан экспорту: БУУ Москванын чечиминин кесепетин эскертти


Бириккен Улуттар Уюму Орусиянын дан экспорттоо келишиминен чыгышы - жакыр өлкөлөрдү азык-түлүк кризисине кептеши мүмкүндүгүн эскертти.

Орусия Украинанын буудай жана башка дан азыктарын чет мамлекеттерге экспорттоо келишиминен чыкканын 29-октябрда жарыялады. Мунун себебин орус бийлиги Кара деңиздеги аскердик флотуна караштуу кемелерине чабуул жасалганы менен түшүндүрүп жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги Крым жарым аралындагы Севастополь аймагында аскердик жана жарандык кемелери учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын айтып, муну "Украина Улуу Британиянын адистери менен биргелешип ишке ашырган террордук акт" деп атаган.

Британ Коргоо министрлиги муну "Украинага мыйзамсыз басып кирген катастрофалык кырдаалдан алагды кылуу максатындагы калп" деп мүнөздөгөн. Украина Орусиянын чечимин “опузалоо” деп баалап, теракт тууралуу ойдон чыгарылган билдирүү таратылып жатканын жарыялады.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнкү видеокайрылуусунда “дан азыктары коридорунун” ишине байланыштуу чечим кабыл алууга Кремлдин акысы жоктугун билдирди. Украин лидери Орусия сентябрдан бери азык-түлүк кризисин курчутууга аракет кылып келатканын кошумчалап, дан ташыган 176 кеме белгиленген дарекке жөнөй албай турганын белгиледи:

“Эгер атайылап бир нече континенттерде ачарчылык жаратууга аракет кылып жаткан болсо, Орусия кантип "Чоң жыйырманын" арасында боло алат? Бул - нонсенс. Орусияга "Чоң жыйырмада орун жок”, - деди Зеленский.

Жо Байден
Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын чечимин айыптап, Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен түзүлгөн бул келишим ошол бойдон сакталышы керектигин билдирди:

"Орусиянын мындай кадамга барышына эч кандай себеп жок. Алар ар дайым чектен чыккан аракеттерди жасоо үчүн кандайдыр бир шылтоо издеп, "ушуга мажбурлады" деп Батышты күнөөлөшөт", - деди Байден журналисттерге.

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов айтылып жаткан сынды “адилетсиз” деп, Москванын келишимден чыгып жатышын “украин бийлигинин ойлонбогон аракеттеринен” улам экенин айтты.

БУУ Африка менен Азиянын жакыр өлкөлөрү ачарчылык коркунучуна кептелиши мүмкүндүгүн эскертип, Орусияны келишимден чыкпоого үндөдү. Уюмдун атайын өкүлүнүн орунбасары Фархан Хак Орусия менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын кабарлады.

Евробиримдик Украина боюнча дан келишимин сактап калуу үчүн БУУ баштаган аракеттерди колдойт.

Шаркеттин тышкы иштер боюнча өкүлүнүн маалымат катчысы Набила Массрали дүйнөдөгү миллиондогон адамдарга азык-түлүк тартыштыгы жаралбашы керектигин айтты:

“Бардык тараптар Кара деңиз дан демилгесине зыян келтире турган бир тараптуу аракеттерден алыс болушу керек”,- деди.

Дмитрий Патрушев
Дмитрий Патрушев

Орусиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев орус тарап украин экспортунун ордун басып, алдыдагы төрт ай ичинде жакыр өлкөлөргө 500 миң тонна дан экспорттоого даяр экенин маалымдады.

Украина дүйнөдөгү ири дан экспорттоочу мамлекеттердин бири. Орусия быйыл февралда кол салгандан кийинки согуштук абалда украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган.

Июль айында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген. Андан бери Украинадан жүгөрү, буудай, күн карама, арпа, соя жана рапс данынан бир нече миллион тонна кемелерге жүктөлүп, экспорттолду.

XS
SM
MD
LG