Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Херсондо контрчабуул жайлады, Орусиянын өзөктүк машыгуусу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Херсон облусунда украин армиясынын контрчабуулу аба ырайынан улам жайлады. Орусия өзөктүк күчтөрүнүн машыгуусун өткөрдү. Путин Киевди "ыплас бомба" колдонууну көздөп жатат деп айыптады, украин бийлиги мындай дооматтарды четке кагууда.

Херсон облусунун Валика-Александровка айылы орус күчтөрүнөн жакында эле бошотулган . Украин армиясынын контрчабуулу башталганда орус аскерлери мектептин жер төлөсүндө жашырынган. Согушка чейин өрт өчүрүүчү болуп эмгектенген Владимир ал жакта 200 дөй орус аскери болгонун айтууда.

"Көрдүңөрбү, бул жакка бардык шарттарды түзгөнгө аракет кылышкан. Жакынкы үйлөрдөн, дүкөндөрдөн буюм-тайымдарды алып келишкен. Килем, жаздык, терезе парда бар. Алар бул жакта кадимкидей эле жашашкан".

Жер төлөнүн дубалдарынан "биз жакында кайтабыз" деген жазууларды, согуштун белгилерин көрүүгө болот. Көчөлөрдө орустардын аскердик техникасы калган. Айылдын көп тургундары согуш башталгыча эле качып кетүүгө үлгүргөн. Бир нече айдын ичинде көптөгөн турак-жай талкаланган. Айылда калгандардын бири Татьяна орус аскерлери менен сүйлөшкөнгө жетишкен.

"Аларды күчтөп согушка жибергенин айтышты. "Биз качсак же үйгө кайтабыз десек, атып салышат" дешти. Жапжаш балдар".

Украиналык аскерлер.
Украиналык аскерлер.

Херсон облусун орус армиясы согуштун алгачкы күндөрү эле басып алган. Сентябрдын соңунда Украинанын башка төрт аймагы менен кошо Орусия өзүнө кошуп алганын жарыялаган. Москванын аннексиясын дүйнөдө Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган жок. Ал эми украин күчтөрү облусту бошотууну улантууда. Анткен менен соңку күндөрү контрчабуул жайлап калганы кабарланды.

Украинанын коргоо министри Александр Резниковдун айтымында, мунун эки негизги себеби бар.

"Биринчиден, Украинанын түштүгү агрардык аймак деп саналат. Ал жакта ирригациялык арык-каналдар аябай көп. Орустар аларды окоп кылып колдонууда. Экинчиден, аба-ырайы. Азыр жаан-чачын көп. Танктар жай жүрөт. Бул куралдуу күчтөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатат".

Ал эми Зеленскийдин кеңешчиси Алексей Арестович Орусия Херсонго алты батальон жөнөткөнүн айтууда.

Ал арада облустун Москва дайындаган бийлиги жергиликтүү тургундарды Днепрдын сол тарабына көчүрүүнү улантууда. Орусиячыл губернатор Владимир Сальдо 27-октябрда билдиргендей, жалпысынан 70 миңдей киши көчүрүлүдү. Карапайым тургундарга "украин армиясы Херсонго кирип келатканын, калаа аткыланарын" эскертип жатышат. Украин бийлиги муну орустардын "шоусу" катары мүнөздөп, "тескерсинче, Москва чагым уюштурушу мүмкүн" деп кооптонууда.

Херсондон көчүрүлүп жаткан жергиликтүү тургундар. 20-октябрь, 2022-жыл.
Херсондон көчүрүлүп жаткан жергиликтүү тургундар. 20-октябрь, 2022-жыл.

Киев буга чейин орус аскерлери Кахов ГЭСин мина койгонун, аны жардырса Херсондун көп бөлүгү суу алдында калышы мүмкүн экенин эскерткен.

Ал арада Украинанын Башкы штабы 27-октябрда билдиргендей, Киев Беларуска жакын аймактагы армиясын күчтөндүрдү.

Беларус Украинага каршы согушта Москванын негизи өнөктөшү болуп келет. Согуш башталганда орус армиясы Беларустун аймагы аркылуу да кол салган.

Ошондой эле учурда өлкө чыгышындагы Авдеевка жана Бахмут шаарлары үчүн айыгышкан салгылашуулар уланууда.

Орусиянын өзөктүк машыгуусу

Кремль болсо Украина өз аймагында "ыплас бомба" колдонууну көздөп жатат деген билдирүүсүн кайталоодо.

"Дароо эле украин аймагын аскердик-биологиялык сыноолорду өткөргөн полигонго айлантышты. Эми азыр оор курал-жабдык менен камсыздап жатышат",-деди Орусиянын президенти Владимир Путин.

Буга чейин Киев эч кандай "ыплас бомбасы" жок экенин жана аны колдонуу ниети да жок экенин билдирген. Ал тургай МАГАТЭнин инспекторлорун чакырып, маалыматты текшерүүнү өтүнгөн.

Орус армиясы 26-октябрда өзөктүк сокку урууну сынаган машыгуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө Камчаткадагы полигонго баллистикалык ракеталар учурулуп, стратегиялык бомба таштоочу учактар сокку урууну сынады.

“Чагылган” деген аталыштагы машыгуу орус президенти Владимир Путиндин жетектөөсүндө өткөнүн коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Буга чейинки машыгуу 19-февралда, Орусия Украинага кол салардын алдында болгон.

XS
SM
MD
LG