Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Дача СУ: Комиссия корутундусу, кандуу жүктүн изи


Каза болгондордун сөөгүн көтөрүп бараткан куткаруучулар. 16-январь, 2017-жыл.
Каза болгондордун сөөгүн көтөрүп бараткан куткаруучулар. 16-январь, 2017-жыл.

Дача СУ кырсыгын иликтеген коомдук комиссия ишин жыйынтыктап, кандуу жүк боюнча бүдөмүк жагдайларга чекит койгондой болду. Бир эмес үч комиссия текшерип чыккан каргашанын себептери, учактагы жүк жана чогултулган каражаттын сарпталышы боюнча буга чейин түрдүү маалыматтар айтылып келген.

Үчүнчү комиссиянын корутундусу

Дача СУ кырсыгын иликтеген коомдук комиссия ишинин жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеште 1-декабрда маалымат берди. Комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун сөзүнө караганда, Boeing-747 учагынын кыйрашына экипаждын катасы себеп болгон жана андагы жүктүн аткезчиликке тиешеси жок.

“Парламентте (ред: Жогорку Кеңештин VI чакырылышы) “президент кырсык болгон жерге эмнеге барбайт?” деп тиреш болчу. Депутаттар, баарыбыз тең барып алып ошол жерде эки-үч күн жүрчүбүз. Ошондо ал киши (ред: Алмазбек Атамбаев ошол кездеги президент) ал жерге барган эмес. Азыр анализ кылсак, коомчулукта ушундан улам “Жүк аткезчилик менен ташылып келаткан. Мамлекет жетекчисинин тиешеси бар экен” деген сөздөр тараптыр”.

Дача СУ каргашасынан кийин 2017-жылдын март айында “Ата Мекен” партиясынын ошол кездеги юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, “Дача СУга кулаган учактагы жүктүн президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар” деген маалымат тараткан. Алмазбек Атамбаев муну жалган жалаа катары сыпаттап, юристтерди жана алардын жыйынын чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берген.

“Дача СУ эмнеге саясатташып кеткен? Себеби эл бир эле суроону - “Оппозиция айткандай жүк Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсүнүкүбү же аткезчилик менен келгенби?” дегенди берип аткан. Бирок жүк Алмазбек Атамбаев жана үй-бүлөсүнө тиешеси жок экен. Ошол учурда жетекчи катары техникалык маселелерде күнөөсү болушу мүмкүн. Бирок жүк мурдагы президентке тиешелүү деген далилденген жок”, - деди депутат Жанар Акаев.

Тергөө тобу Түркияга эки жолу барган

Дача СУ каргашасын 2017-жылы өкмөттүк жана депутаттык комиссия да иликтеген. Алар да аткезчилик боюнча маалыматтарды тактай албай, бул факты боюнча иш козголгон эмес.

Акыркы коомдук комиссиянын корутундусунда жазылгандай, 2019-2020-жылдары ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Ички иштер министрлигинде (ИИМ) атайын тергөө тобу түзүлүп Түркияга эки жолу барып келген. Алар да контрабандалык жүк тууралуу илинчек таба алышкан эмес.

Коомдук комиссиянын мүчөсү, юрист Нурбек Токтакунов муну ошол кезде Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун тиреши менен байланыштырды.

“Тергөөчүлөр авиакырсык боюнча иш козгоп коюп, бирок аткезчилик боюнча тергөө жүргүзүшкөн. Бул мыйзамсыз. Тергөөчүлөрдү аткезчиликти иликтөө тапшырмасын берип Түркияга улам-улам жиберип атышат. Бул жерде Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчилиги бар. Анткени ал аябай аракет кылган. Тергөөчүлөрдү Түркияга жиберүүнүн кажети жок болчу. Себеби аткезчилик жок экени башында эле көрүнгөн”.

Жүк аткезчиликке тиешелүү деген күмөн ойлорду учак кулаган жердеги буюмдардан кыргызча жазылган нускамалар чыкканы күчөткөн. Комиссиянын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 16-январында “Гонконг–Бишкек-Стамбул” багытында бараткан учактагы 85 тоннадан ашык жүк “Ата Түрк” аэропортуна жеткирилип, ар кайсы өлкөлөргө бөлүштүрүлмөк.

Анын ичинде “JTI Kazakhstan LLC” ишканасынын 1902 кг USB жандыргычтары 19-январда кайра Стамбулдан Бишкекке жеткирилмек. Кыргызстанга келе турган товардарда кыргыз жана орус тилиндеги түшүндүрмө нускамалар болгон.

Купуя болгон каражаттын дайыны

Экинчи маселе кырсыктан жабыркагандарга элден чогултулган жана кулаган учактын ээси АСТ Airlines компаниясынын өндүрүлгөн кенемтенин дайын-дареги. Коомдук комиссиянын мүчөсү, жарандык активист Мавлян Аскарбеков кенемте алуу боюнча кыргыз бийлиги сүйлөшүүлөрдү жакшы жүргүзгөн эмес деген пикирде.

“Ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев түрк ишканасынан өкмөт үчүн 2,8 млн. доллар сураган. Түрк тарап аны да бербей койгон же ич ара сүйлөшүп алышкан. Ал эми кырсыктан каза болгон адамдарга, ошол жердеги кыйраган үйлөргө болгону 4,5 млн. доллар берип койгон. Азыр Алмазбек Атамбаевди реабилитация кылуу аракети болуп жатат. Өзү да “Көрдүңөрбү, Дача Суга тиешем жок” деп атат. Убагында бүтүндөй мамлекеттик система ушул ишти жаап салуу үчүн иштеген”.

Кырсыктан жыбаркагандар үчүн ачылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) атайын эсебине элден 102 млн. сомдун ашык акча чогулган. Учагы карапайым эл жашаган конушка кулаган АСТ Airlines авиакомпаниясынан 4,5 млн. доллар өндүрүлгөн. Буга чейин жабырлануучулардын өтүнүчү менен канча кенемте төлөнгөнү ачык айтылбай келген.

Комиссия бул маалыматты да ачыктады. Ага ылайык, АСТ Airlines ишканасынан алынган 4,5 млн. доллардын 1 млн. 482 миң 500 доллары мүлкү зыян тарткандарга, 317 миң 500 доллар жаракат алгандарга, 2 млн. 100 миң доллар жакынын жоготкон 35 үй-бүлөгө бөлүштүрүлүп берилген. Өкмөт мамлекеттин чыгымдары үчүн деп 600 миң долларды бюджетке алган.

Ал эми атайын эсепке чогулган 102 млн. 152 миң сомдун 70 млн. 500 миң сому каза болгондордун жакындарына, 12 млн. 720 миң сому турак жайы толук талкалангандарга, 240 миң сому үйүнө зыян келтирилгендерге, 1 млн. 800 миң сому жаракат алгандарга, 7 млн. сому жетим калган балдарга, 2 млн. 770 миң сому стресске кабылган үй-бүлөлөргө, 4 млн. 935 миң сому жабыр тарткандарга моралдык жана материалдык жардам катары коротулган. 2 млн. 187 миң сому Дача СУнун инфраструктурасын жакшыртууга кеткен.

Курамына 18 киши кирген коомдук комиссия президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен быйыл май айында түзүлүп, ноябрга чейин иштеди.

Дача СУдагы каргаша

Дача СУдагы кырсыкта каза тапкандардын элесине арналып тургузулган эстелик. 16-январь, 2018-жыл
Дача СУдагы кырсыкта каза тапкандардын элесине арналып тургузулган эстелик. 16-январь, 2018-жыл

2017-жылдын 16-январында Бишкектин четинде, “Манас” эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык учактын кулашынан 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза болгон. Дача СУ Кыргызстандын тарыхында эң чоң каргашалардын бири болуп калды.

2003-жылы чыгарылган Boeing-747 учагын AСT Airlines 2015-жылы сатып алган. Учак 16-январда “Манас” аэропортуна май куюу жана экипаждарды алмаштыруу үчүн техникалык конууну пландап жаткан. Ал аба майданга коноордо 28 тонна күйүүчү майы болгон. Бул май менен Түркиянын Стамбул шаарына жетмек эмес. Ал үчүн 64 тонна күйүүчү май керек болгондуктан, 36 тонна май куюп алуу үчүн “Манаска” конгону жаткан.

Мамлекет аралык авиациялык комитет (МАК) Дача СУдагы кырсыкка экипаждын конууга көзөмөл жүргүзбөгөнү жана тиешелүү чара көрбөгөнү себеп болгон деген жыйынтык чыгарган. МАКтын эксперттери аэропортко жакын жерде курулуштардын эрежеге дал келишин талдоого, мыйзам бузулган учурда тиешелүү чара көрүүгө чакырган.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунундагы Дача СУ конушунун тургундары коопсуздук маселелеринен улам аларды башка аймакка көчүрүү, жер бөлүп берүү маселесин көтөрүп келатышат. Азырынча алардын көйгөйү чечиле элек.

XS
SM
MD
LG