Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Дача СУ: комиссия жүктүн жана акчанын изин иликтейт


Дача СУ кырсыгын коомдук комиссия иликтейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:41 0:00

Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушундагы учак кырсыгынын себеп-кесепетин иликтеген коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулду. Анда негизинен комиссиянын ишин уюштуруу жана тартибине байланыштуу маселелер талкууланып, такталды. Ошондой эле каргаша маалында өзгөчө кырдаалдар министри кызматында турган Кубатбек Бороновдун дагы комиссия курамына кирип калганы талкуу жаратты.

Бул комиссия 11-майда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн жана курамы бекитилген.

Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза болгон.

Президенттин жарлыгына ылайык, 18 адамдан турган комиссияны мурдагы юстиция министри, парламенттин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов жетектейт. Анын айтымында, комиссия ириде кыйраган учактагы жүккө жана элден чогулган акчага байланыштуу жагдайды тактайт.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

"Ийне-жибине чейин иликтеп, акты ак, караны кара дейбиз. Эгер учакта аткезчилик менен алынып келе жаткан жүк болсо, анын кимге, кайсы компанияга таандык экенин айтып, эмне үчүн күч органдары бул ишти иликтөөгө кызыкдар болбогонун аныктайбыз. Балким, күч органдарынын өзүнүн кызыкчылыгы болгонбу деген дагы бүдөмүк ойлор, шек саноолор бар. Ошондой шек саноолорго чекит коюу үчүн биз объективдүү, ар тараптуу, калыс, чындыкты коомчулукка, элге айтышыбыз керек. Тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талап жөнөтүп, бардык маалыматтарды алабыз, иликтейбиз".

Мындан туура беш жыл мурда Дача СУга Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон. Кырсыктаган учак "Манас" аба майданына экипажын алмаштырып, күйүүчү май куюу үчүн келгени айтылган.

Буга чейин айрыкча социалдык тармактарда каргаша маалында өзгөчө кырдаалдар министри кызматында турган Кубатбек Бороновдун дагы комиссиянын курамына кирип калганы талкуу жараткан. Бул маселе жыйында да көтөрүлдү. Алардын бири жарандык активист Мавлян Аскарбеков болду.

"Кубатбек Боронов ошол маалда өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган, андан кийин вице-премьер-министр, премьер-министр болгон. Бул жерде маселенин моралдык жагы турат. Кызыкчылыктар кагылышы деген бул маселенин бир гана өңүтү. Биздин комиссиянын компетенциясына ылайык, бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарды, күч кызматкерлерди, эксперттерди чакырып сурай алабыз. Бороновду ошонун алкагында деле чакырып сурап, маалымат алсак болот".

Кубатбек Боронов болсо дооматтарды четке кагып, комиссиянын ишине пайдасы тиерин айтып жатат.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

"Мен буга чейинки иликтөөлөргө катышкан эмесмин. Мен кошулган комиссия кыйроонун кесепетин жоюу иштерин жүргүзгөн. Азыркы комиссияга кошулуу тууралуу мага сунуш түштү, мен макулдугумду бердим. Ошол убакта болгон кээ бир маселелерге байланыштуу мен дагы туура маалыматтарды бергенге мүмкүнчүлүгүм болот деп ойлойм. Учакта биздин атуулдардын жүгү келген деген сөздөр айтылып жатпайбы. Ошонун жыйынтыгы чыкпай калган деген маселе бар. Ошол маселе боюнча, түрктөр төлөп берген кенемте, элден чогулган акча боюнча элге маалымат жетпей ушул комиссия анын баарын тактап, жеткиргенге аракет кылышы керек".

Өткөн жылдын соңунда президенттик аппарат мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алар жыйынтыкталуу алдында турганын кабарлаган. Садыр Жапаров учак кырсыгына байланыштуу коомдук комиссия түзүү демилгесин тергеп-иликтөө иштери ойдогудай жүрбөгөнү менен негиздеген.

"Дача СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким көп нерселерди жашырып жатышабы деген маалымат бар. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекеттен ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз", - деп жазган президент Фейсбуктагы баракчасына.

Каргашанын алгачкы күнүнөн тартып эле кырсыктын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруу учурундагы аракеттер боюнча күмөндүү бир топ суроо жаралып, жоопсуз калып келет.

Окуяга байланыштуу ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин аты аталган жана ал дооматтарды такай четке кагып келген.

2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси начарлап турган кезде Дача СУга байланыштуу кылмыш иши жанданып, тергеле баштаган жана ал эмне менен аяктаганы белгисиз бойдон калган.


Коомдук комиссияга мүчө болгон журналист Али Токтакунов иликтөө иштерине дагы башка адамдарды да кошуу керектигин билдирди.

"Президент "Дача СУ боюнча комиссия түзөлү, каалоочулар болсо кошулгула" деген жарыясы эки эле күн илинип турду. Андан кийин эле курамы бекип калды. Мага бир топ адамдар жазды, арасында кырсыктан жабыркагандардын туугандары да бар. Коомдук комиссия болгондон кийин дагы бир нече адамды арабызга кошуп алсак болмок".

Кырсыкты убагында мамлекет аралык авиациялык комитет дээрлик үч жыл иликтеп, ал негизинен "учкучтардын катасынын айынан болду" деген корутунду чыгарган. Транспорт прокуратурасы кылмыш ишин козгону менен көп өтпөй токтотулган. Өкмөттүк жана депутаттык комиссиялардын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы ачык жарыяланган эмес.

Кырсык болгон учурда катардагы калайык, ыктыярчылар каргашада жакынын жоготкондорго, жабыр тарткандарга жабыла жардам көрсөткөн. Миңдеген кыргызстандыктар ошол күндөрү колунан келген жардамын чогулткан. Элден 102 миллион сомдон ашуун акча топтолуп, жабыркагандарга таратылып берилген.

Мындан сырткары түркиялык компания дагы кенемте төлөп берген. Жабыркагандардын суранычы менен кимге канча акча төлөнгөнү купуя сыр бойдон калган.

Дача СУдагы кырсыктан кийин "Манас" аэропортунун айланасындагы калктуу конуштардын маселеси көтөрүлгөн. Бирок аэропорттун аймагына канаатташ конуштар азаймак турсун жайылып баратканын байкоого болот.

XS
SM
MD
LG