Бозгундагы крым татарлары жана украиналык активисттер уюштуруп жаткан бул акциянын максаты - жарым аралдагы татарлардын укуктары бузулуп жатканына дүйнө көңүлүн бурдуруу, Орусия бийликтерине оккупациянын баасы оңой болбой тургандыгын түшүндүрүү.
Украинадагы крым татарлары Херсон облусундагы Чонгар, Чаплинка жана Каланчак өткөрмө бекеттерин жүк ташуучу машиналар жана фуралар үчүн 20-сентябрдан бери жаап, Крымга өткөрбөй турушат. “Экономикалык блокада” деп аталган бул акциянын талаптары: Орусиядагы украиналык саясий туткундарды бошотуу, Крым татарларына карата саясий, криминалдык жана административдик басымды токтотуу, жарым аралга эл аралык байкоочуларды, журналисттерди жана крым татарларынын лидерлерин, активисттерин тоскоолдуксуз киргизүү.
Мөөнөтсүз бул акциянын демилгечиси - Крым татарларынын межлиси уюму. Ага Украинадагы улутчул кыймылдар - “Оңчул сектор” менен “Айдар” батальону да кошулду. Ошондой эле бул акцияга Киев да, жергиликтүү бийлик да колдоо көрсөтүп жатканы айтылууда.
Крым татарларынын межлисинин жетекчиси, орус бийликтери тарабынан Крымга кирүүгө тыюу салынган Рефат Чубаровдун айтымында, акциянын максаты Орусиянын оккупациясын токтотуу жана Украинанын бүтүндүгүн калыбына келтирүү.
Ал эми Крым татарларынын жарым аралга кирүүсүнө орус бийликтери тарабынан тыюу салынган дагы бир лидери, украин парламентинин депутаты Мустафа Жемилевдин айтуусунда, Украина “оккупанттарды бакпашы” керек.
- Мен оккупанттар кеткенде гана ыраазы болом. Азырынча ыраазы боло тургандай эч нерсе жок. Бул акция оккупанттар баары бир кетүүгө аргасыз боло турганын түшүнүүсүнө багытталган кадамдардын бири. Крымда ФСБнын жана президенттин башкы адамдары отурат. Алар Москвага эмне болуп жатканын түздөн-түз жеткирип турушат. Ошондуктан, албетте, Москва чечим кабыл алыш керек. Бирок биз азык-түлүктөрдү өткөрбөй коёбуз жана алар буюм-тайымдарын, танктарын алып кетип калат деп үмүттөнбөйм. Бирок биз бул иште салымыбызды, аз да болсо, өз салымыбызды кошуп жатабыз.
Крымды Орусия былтыр Майдандагы окуялардан кийин Украинада бийлик алмашкан соң, март айында каратып алган. Ошондон бери ар кандай кысымга жана куугунтукка кабылган 20 миңден ашуун крымдыктар Украинанын башка аймактарына көчүп кеткени айтылууда. Андан тышкары, бир катар татар активисттер абакта отурса, айрымдары дайынсыз жоголгон же белгисиз жагдайда өлтүрүлгөн.
Мөөнөтсүз деп жарыяланган “экономикалык блокаданын” уюштуруучулары украиналык ишкерлердин азык-түлүктөрүн башка аймактарга барып сатууга чакырышууда. Ушу тапта чек арада 100дөн ашык КамАЗдар, фуралар топтолуп турат.
Бул акциянын айынан ондогон адамдар жумушу жок калат деп, нааразы болгон айдоочулардын бири Александр Бескровайный буларга токтолду:
- Бизге негизинен дайыма азык-түлүктөрдү Орусияга ташыган пайдалуу болчу. Ошол эле помидор, пияз жана башкаларды алып келебиз. Азык-түлүктөр Донецкиге, Крымга кетчү. Элестетиңиздер, ал жакта канчалаган көп эл жашайт.
Ошол эле кезде жеңил машинелер жана жүргүнчү ташыгандар тоскоолдуксуз өтүүдө. Активисттер азык-түлүк ташыган унаалар үчүн гана жолду жабышканын ырасташууда.
Орусия былтыр каратып алган Крым жарым аралында 2,3 миллион эл жашайт. Крымдын башчысы Сергей Аксенов жарым аралдын жашоочулары 5 гана пайыз азык-түлүктү Украинадан аларын, андыктан "экономикалык блокаданын" кесепети болбойт деп ишендирүүдө.
Крым татарлары 1944-жылы Иосиф Сталин тарабынан Борбор Азияга күчтөп көчүрүлгөн жана алар 1988-жылдан кийин гана тарыхый мекенине келүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Жарым аралдагы 300 миңдей татарлардын көпчүлүгү былтыр Орусиянын Крымды өзүнө каратып алуусуна каршы болушкан.