Орусиянын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү крымдык эки журналисттин үйүнө тинтүү жүргүзүп, суракка алды. Украина жетекчилиги жана ЕККУ Крым бийликтеринин бул кадамын сөз эркиндигин чектөө катары баалап, кескин сынга алды.
Журналисттер Наталья Кокорина менен Анна Андриевскаянын Крымдагы үйлөрүнө Орусиянын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү 13-мартта тинтүү жүргүзгөн. Акыркы жылдары Киевде жашап жүргөн Анна Андриевская Фейсбуктагы баракчасына ага макаласы үчүн кылмыш иши козголгонун жазды:
- Бүгүн ФСБ кызматкерлери Крымдагы менин ата-энемдин үйүнө тинтүү жүргүздү. Атамдын айтуусуна караганда, алар Симферопол сотунун чечимин көрсөтүшүптүр. Анда мага “Крым” батальонунун ыктыярчылары тууралуу Журналисттик иликтөөлөр борборуна даярдаган макалам үчүн кылмыш иши козголгону айтылган экен. Макалада Крымдагы бийликти кулатууга чакырык жасаган деген айып тагылыптыр. Бирок ал документти өзүм көрө элекмин.
Тинтүү учурунда коопсуздук кызматкерлери журналисттин атасына таандык компьютерди жана флеш-картаны алып кетишкен.
Андриевская кошумчалагандай, иш козгоого себеп болгон макалада Украинанын чыгышында өкмөттүк аскерлерге жардам берип жүргөн крымдыктар тууралуу сөз болгон. Журналист ишендиргендей, макалада бийликти кулатууга эч кандай чакырык болгон эмес.
Ошол эле күнү Журналисттик иликтөөлөр борборунун дагы бир кабарчысы Наталья Кокоринанын ата-энесинин үйү да тинтүүгө алынган. Андан соң журналистти кызматкерлердин коштоосунда шаардык ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен. Кокоринаны коопсуздук кызматкерлери алты сааттан ашык суракка алып кое бергенин анын адвокаты Жемил Темишов журналисттерге билдирди:
- Азыр сурак аяктады. Аны Журналисттик иликтөөлөр борборунун ишине байланыштуу күбө катары суракка алышты. Суракка байланыштуу олуттуу деле дооматыбыз жок. Бирок адвокат катары журналист менен көрүшүүгө мага мүмкүнчүлүк беришпеди.
Кокорина буга чейин Журналисттик иликтөөлөр борборунун кабарчысы болуп эмгектенип келген.
Крым бийликтери аталган иликтөө борборунун журналисттерин буга чейин бир нече жолу кысымга алган эле. Былтыр Орусия Крымды аннексиялаган соң Симферополдогу Профсоюздар үйүндө жайгашкан борбордун кеңсеси жабылып, журналисттер “Черноморкс” телеканалынын имаратына көчүүгө аргасыз болгон. Бирок былтыр 1-августта сот бул каналдын мүлкүн мамлекет эсебине чегерүү чечимин чыгарып, Журналисттик иликтөөлөр борбору кайрадан кеңсесиз калган.
Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы – ФСБ журналисттерге байланыштуу эч кандай расмий комментарий берген жок. Ал эми Крымдын ички саясат, маалымат жана байланыш министри Дмитрий Полонский “Азаттыктын” Крым кызматына сүйлөп жатып, бул окуяга байланыштуу эч кандай маалыматы жок экенин айтты:
- Бул маалыматты сизден биринчи жолу угуп жатам. Менин билишимче, бүгүнкү күндө Крым Республикасынын аймагында бир да журналист кармалган жок, - деди Полонский.
Наталья Кокорина коопсуздук кызматына алып келингенден көп өтпөй Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өз тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович Крым бийликтерине журналистти бошотуу чакырыгын жасоого да жетишти:
- Бул кармоо Крым бийликтеринин эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн коркутуу жана куугунтуктоо тажрыйбасын улантып жатканын көрсөтөт. Крымдагы эркин маалымат каражаттарына басым кылуу фундаменталдык адам укуктарын бузуу болуп саналат,-деп айтылат ЕККУнун билдирүүсүндө.
Ошондой эле бул окуяга Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин да көңүл бурду. Ал Твиттердеги баракчасына “Орусия оккупант өлкө катары Крымдагы сөз эркиндигин муунтканды токтотушу зарыл. Крым - бул Украина” деп жазды.
Крымдагы активисттер бул тинтүүлөр жөн жерден жүргүзүлбөгөнүн айтышууда. Крым татарлары межлисинин төрагасы Рефат Чубаровдун пикиринде, Крымдын Орусияга кошулушунун бир жылдыгына карай орус бийликтери мындай жол менен жарым аралдагы эркиндик самагандарды сестентип койуу максатын көздөштү.
Human Rights Watch уюму дагы Крымдын Орусияга кошулганына каршы чыккан адамдардын куугунтукка алынып жатканын ай башындагы баяндамасында жарыялады.
Отчетто Кремлдин дискриминациялык саясаты үч багытта жүрүп жатканы айтылган. Ал Крым аннексиясын колдобогон этникалык, диний жана улуттук топторго каршы багытталган.
Ошондой эле Симферополдо жайгашкан крым-татарларынын ATR телеканалы бир нече жолу тинтүүгө алынып, кайрадан каттоодон өткөрбөй жатканын каналдын өкүлдөрү айтып чыгышты.