Бүгүн, 30-апрелде тышкы иштер министр Руслан Казакбаев Европа биримдигинин Борбор Азиядагы өкүлү Петер Буриан менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө телефондон сүйлөштү.
Казакбаев анда тараптар ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкенин жана кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга аракет кылып жатканын билдирди. Ошондой эле ал Бишкек эл аралык жана эки тараптуу милдеттенмелерди жана келишимдерди карманарын баса белгиледи.
Буриан Европа Биримдигинин аймактык жана эки тараптуу программаларынын алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле ал кырдаалды жөнгө салуудагы кыргыз тараптын салымын кубаттады.
"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда сегиз тажикстандык мерт болушу мүмкүн экенин жазды. Ошондой эле каза болду деген сегиз адамдын аты-жөнү тизмектеди. Алар:
-Тажикстандын Чек ара кызматынын кызматынын бөлүктөрүнүн биринин командири, 28 жаштагы Салохиддин Гадоев,
-чек арачылар Шерали Рахматзода менен Сафар Набиев,
-Исфаранын тургуну Бахтовар Махмудов,
- Овчи-Калъача айылынын тургуну 32 жаштагы Умеджан Юсуфов,
- Дахбед айылынын тургуну Некруз Гафуров
- Чорку айылынын тургундары Хикматтулло Махкамов жана Иброхимкон Хошимзода экени айтылууда.
Тажик бийлиги бул маалыматты бышыктай элек. Буга чейин тажик тараптан 28-29-апрелдеги кагылыштары учурунда тогуз адам жараат алганы кабарланган.
Бишкекте кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жараат алгандарга бүгүн, 30-апрелде 150гө жакын адам кан тапшырды. Бул тууралуу республикалык Кан борбору кабарлады.
Аталган мекеме кан тапшырууну каалагандарга паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети менен келиши керектигин эскертти. Ошондой эле, кан тапшырардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керектигин белгилейт.
Европа Биримдигинин дипломатиялык мекемеси болгон Европанын тышкы байланыштар кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалдан улам билдирүү таратты. Анда Еврошаркет коңшу мамлекеттердин ок атууну токтотуу жана чек ара маселелерин саясий жол менен жөнгө салуу келишимин кубаттаган. Бирикме эки өлкө менен тең дипломатиялык байланышы бекем экенин белгилеген.
Буга чейин ЕБдин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан менен Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөшкөнү кабарланган.