Баткенде тажик аскерлеринин огунан каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын сөөгү 30-апрелде жерге берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна маркум кыздын айылдашы, Интернационал айылынын тургуну, медицина кызматкери Роза Калдарова билдирди.
Анын айтымында, окуя 29-апрелде болгон, кыздын апасы ок атыла баштаганда айылдан качып чыгууга аракет кылган:
“Нарбү деген санитар келин бар бизде. Ошол эки кызын алып келе жатса бир кызына миномет тийгенби, өтүп кетиптир. Мына, саат үчтө жаназасы болду. Өзүнө төрт ок тийген экен. Экинчи кызынын бутуна тийиптир, Бишкекке алып кетишиптир”.
“Азаттык” радиосунун кабарчылары жеринен маалымдагандай, Мадина Рахматжанова ооруканага жетпей көз жумган. Апасын жана 11 жаштагы сиңдиси Нурдиананы алгач Исфанадагы Лейлек райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырышкан. Абалы оор болгондуктан экөөнү тең Бишкекке которушкан.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев. 30.04.2021
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПа) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка тынчсыздануусун билдирди. Ал чек ара маселелерин чечүүдө күч колдонуу ыкмаларын колдонууга жол берилбестигин жана мындай окуялардын алдын алууга зарыл механизмдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилейт.
“Деструктивдүү күчтөр кооптонууну жаратат, алардын аракеттери мыйзамга ылайык эки тараптан тең катуу кысымга алынышы керек. Анткени мындай кырдаалдын кесепети бүтүндөй регион үчүн закаласын тийгизет. Ушундан улам, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кастыкты жана жек көрүүчүлүктү козутууга түрткү берген чагымчыл аракеттерге берилбөөгө, токтоолукту сактоого чакырыктары абдан маанилүү”, -деп жазылган билдирүүдө.