Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:16
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
13:02 30.4.2021

Соңку маалыматка караганда, Баткен жана Лейлек райондорунда тажик күч түзүмдөрү менен болгон атышуудан кыргыз тараптан 13 адам каза тапты. "Азаттык" Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан каза болгондордун тизмесин алды. Алар:

  1. Каратаев Сагын Калбаевич. Көк-Таш айылынын тургуну. 1977-жылы 26-июлда туулган.
  2. Тагаев Сүйүн Ураимович. Баткен шаарынын тургуну. 1969-жылы 14-мартта туулган.
  3. Каработоев Алтынбек Джалилович. Кадамдай шаарынын тургуну. 1982-жылы 18-майда туулган.
  4. Адбрахманов Баяман Гапарович Баткен шаарынын тургуну. 1998-жылы туулган.
  5. Үсөн уулу Рашид. Баткен шаарынын тургуну. 1973-жылы туулган.
  6. Ганиев Жамшит Кайимович. 1990-жылы туулган.
  7. Рахматжанова Мадина 2009-жылы туулган.
  8. Сайдаров Махаматрасул Махадасавоч 1985-жылы туулган.

Аскер кызматкерлери:

  1. Манасбек уулу Нурсултан 1992-жылы туулган. 2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири. Капитан.
  2. Юлдашев Бекзат Давлатжанович. 1991-жылы туулган. 2021 аскер бөлүгү.
  3. Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович 1991-жылы туулган. 2053 аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири. Капитан.

Баткен милициясы дагы эки адамдын тек-жайын тактап жатат.

Куралдуу кагылышта 20 аскер кызматкери жарадар болду, экөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Жалпысынан Баткен жана Лейлек райондорунда атышуудан кыргыз тараптан 134 адам жараат алды.

13:06 30.4.2021

Бүгүн, 30-апрель күнү Ош шаарынын мэриясы Баткенге 500 миң сом бөлүп, жеке ишкерлер менен биргеликте дагы 2 миллион сомдук азык-түлүк жөнөттү.

Мындан сырткары Ош облусунан Баткенге 60 тонна гуманитардык жардам жиберилди. Анын басымдуу бөлүгү азык-түлүк, жалпысынан 17 тонна картошка, 3 тонна ун жана өсүмдүк майы чогултулган. Ага кошумча Ош облусунун жарандарынын демилгеси менен да жардамдар келе баштады.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматтары кабарлады.

Шаардык мэрия Баткенде чек ара чырында жабыркаган тургундарга колдоо көрсөтүү максатында атайын эсеп ачып, атайын комиссиялык топ түзгөн.

Ош шаарында активдүү жаштардан, тургундардан, коомдук фонддордон турган атайын штабдар ачылып, азык-түлүк, акчалай жардам чогултуу уланып жатат.

13:08 30.4.2021

Кыргызстан 29-апрелде тажик аскерлери менен куралдуу кагылыш болгон айылдарды коңшу өлкө ээлеп алды деп эсептебейт. Бул тууралуу 30-апрелде саат 11де өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди:

“Куралдуу кагылыш кечээ болгон. Бирок аларды басып алды деп айтуудан алыспыз. Кишилер көчүрүлгөн жерлерде биздин посттор баары турат. Баткендин тегерегиндеги туугандарына кеткендерди кайра кайтарып жатабыз”.

Баткен облустук милициясы 29-апрелде Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылына Тажикстандын аскердик техникасы, Интернационал айылынын “Жилой дом” участогундагы кыргыз жарандарынын үйлөрүнө тажик аскерлери кирип алганын, Интернационал айылынын башчысын барымтага алышканын маалымдаган.

Суваналиев айыл башчынын барымтага алынганы жөнүндө маалыматты териштирип жатышканын айтты.

13:28 30.4.2021

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу үн катты. Уюмдун баш катчысынын басма сөз өкүлү Фархан Хак 29-апрелдеги брифингде эл аралык уюм акыркы абалга тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирди.

“Биз акыркы кабарларды көрдүк, тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Эки тарап, Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкени тууралуу кабарыбыз бар. Эгер ушундай болсо, аны кубатташыбыз керек. Биз эки тарапты тең кандай гана чечилбеген маселе болбосун түз сүйлөшүүлөр аркылуу, тынч жол менен чечүүгө чакырабыз”,-деди.

29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы абал кескин курчуп, ок атуу, адам өлүмү менен коштолду. Эки тарап ок атууну баштоого бири-бирин айыптап жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG