Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:44
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
13:48 30.4.2021
Баткенде жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдардан эвакуация болгон жай тургундардын саны 20 миңден ашты. Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң беш жүз адам коопсуз жайга чыгарылып, Баткен районунан 7 миң адам Баткен шаарына көчүрүлгөнү айтылууда.
Чек ара: 20 миңдей адам коопсуз жайга көчүрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:32 0:00

14:29 30.4.2021

Бишкектеги активисттер кыргыз-тажик чек арасынан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуп жатат. Акциянын уюштуруучуларынын бири Токтошбай Муктар уулунун айтымында, эки фура Бишкектеги Ош базарына жакын аймакка токтотулган.

“Азык-түлүк, жылуу жууркандарды чогултуп жатабыз. Акцияны Ош базардан баштадык. Жардамды Бишкектеги колу ачык адамдар берип жатышат. Азырынча фуралар толо элек”, - деди.

30-апрелде Ош шаарынын мэриясы Баткенге 500 миң сом бөлүп, жеке ишкерлер менен биргеликте дагы 2 млн. сомдук азык-түлүк жөнөттү.

Мындан тышкары Кыргызстандын жер-жерлеринде Баткенге гумжардам жөнөтүү демилгелери көтөрүлүп жатат.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-апрелдин эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

14:39 30.4.2021

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн 30-апрелде Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугуп, чек арадагы абалды талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу ал журналисттерге төмөнкүлөрдү билдирди:

“Жолугушуу жакшы болду. Нейтралдуу жерде жолуктук. Баары жакшы болот. Чечебиз. Бүгүн кечке чейин абалды толук турукташтырып бүтөбүз”.

Тажик тарап менен жолугушуу алдында Ташиев Баткен шаарында топтолгон элдин алдында сүйлөп жатып “Болор иш болду. Бизге тынчтык керек. Чек ара боюнча эки жыл мурдагы нөлдүк позицияга келишибиз керек. Биз алардын бир метр жерин алалы деген оюбуз жок, өзүбүздүн бир да метр жерибизди эч кимге бербейбиз. Азыр күч, мүмкүнчүлүк баары бар”, -деди.

14:42 30.4.2021

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-апрелде кыргыз президенти Садыр Жапаров менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалды телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу өзбек президентинин расмий сайтында кабарланды. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы абал жана аны жөнгө салуунун жолдору талкууланганы айтылат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда ушул жылдын март айындагы кабыл алынган чечимдер жана келишимдерди аткаруу сүйлөшүү жүргөн.

Ушул эле күнү Мирзиёев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөшкөнү белгилүү болду. Анын жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланган.

29-апрелде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы соңку жагдай боюнча билдирүү таратып, жабыр тарткандар көбөйүп бара жаткандыктан, коңшуларды ынтымакка чакырган болчу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG