Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
12:57 4.5.2021

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгып, тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагындагы куралдуу аракетин айыптоону талап кылды.

Ал талаптары жазылган кагазды уюмга тапшырарын "Азаттыкка" айтты.

Токтонасыров ушундай эле талап 3-майда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында акция өткөргөн.

10:44 4.5.2021

Кыргызстандын өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө макам берүү үчүн документ даярдады. Эгер ал кабыл алынса, аймакта салыктан жеңилдиктер болот. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 3-майда аймактагы Көк-Таш (Төрт-Көчө) айылынын тургундары менен жолугушканда билдирди. Чечимге Марипов кол коюп, парламенттин кароосуна жиберилди.

Өкмөт башчы турак жайлары талкаланган же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үй куруларын айтты.

"Баткен районунда 30, Лейлек районунда 70 турак-жай курулат. Комиссия эсептеп жатат. Суук түшкөнчө курулуш иштерин аякташыбыз керек", - деди Марипов.

10:07 4.5.2021

Башкы прокуратура: Тажикстан келишимдерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу аракетин көргөн

Тажикстандын аскерлери эки өлкө ортосундагы 2004–жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп кирген. Мындай маалыматты Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 3-майда таратты.

Ага ылайык, тажик тарап Кыргызстандын эгемендигине жана бүтүндүгүнө кол салып, тынч жашаган элди, чек араны коргогон аскерлерди, коопсуздукту камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин массалык түрдө өлтүрүп, автоматтардан, миномёттордон, бронетехникадан, аскердик тик учактардан жана башка аскердик куралдардан ок чыгарышканы айтылат.

Ошондой эле башкы көзөмөл органынын маалыматында тажик аскерлери миномёт жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Миң-Булак” чек ара тозотторуна, “Кожожар”, «Кызыл-Бел» чек ара постторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу пункттарына кол салып, Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын жана аймактарын басып алышканы жазылган.

“Натыйжада жай тургундардын өмүрү кыйылып, ондогон жарандар жараат алып, жарандык жана аскер объектилери талкаланып, зыянга учурады. Тажик аскерлеринин аракеттеринде алдын ала пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, эл аралык келишимдер менен бүтүмдөрдү бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат” деп жазылган маалыматта.

Бул фактыны Башкы прокуратура Жазык кодексинин 380-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен каттады.

Сотко чейинки өндүрүш иши УКМКнын, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган мекеме аралык тергөө тобуна тапшырылды.

Ал эми Тажикстандын Башкы прокуратурасы 3-майда Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачты. Тажикстан кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөдү.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жүзгө жакын имарат талкаланып, өрттөлдү.

Набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

1-2-майда «Азаттыктын» тажик кызматынын кабарчысы чек арага жакын Исфара районундагы Кожалы (Хожаи Аъло) жана Сомониён айылдарына барып келген.

10:05 4.5.2021

Баткен районундагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Боз аймагында Коргоо министрлигинин сапёрлору жарылбай калган снаряддарды таап, аларды зыянсыздандырууну баштады. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады. Орган мындан улам жергиликтүү тургундарды эгер жарылуунун үнү угулса чочулап, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Чек ара кызматы 3-май, 09.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин жана түндө кандайдыр бир окуялар катталбаганын билдирди. Чек арачылар, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG