Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаганы тууралуу алдын ала маалымат болгонун билдирди.
Ал 2-майда Баткенде журналисттердин суроолорун жооп берип жатып, кыргыз тарап мындан улам даярдык көргөнүн айтты.
"Кагылышуу болот деп эч ким билген эмес жана аны билүү мүмкүн дагы эмес эле. Бирок кайсы бир деңгээлде чек арадагы абалдын курчуп жатканы бизге белгилүү болчу. Ошого карата биз тийиштүү чараларды көргөнбүз. Ошол чаралардын кайсы бир деңгээлде пайдасы тийди",- деди Ташиев.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өткөнүн, 3-май, саат 9:30га карата абал туруктуу экенин маалымдады.
Ага ылайык, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп атышат. Кыргызстандын жана Тажикстандын аскерлеринен турган комиссия аймактарды кароодон өткөрүүдө.
Садыр Жапаров: Куралдуу кагылышуунун уланып кетишине эки тарап тең жол бербеши керек!
"Тилекке каршы, чоң жоготууларга учурадык. Миңдеген жарандарыбыз жашаган жерлерин аргасыздан таштап кетүүгө мажбур болушту. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм. Элимдин уул-кыздарынын, айрыкча, 12 жашар кызымдын өлүмүнө кайгырып, ичимен кан өтүп турат",-деп билдирди Жапаров.
Президент Жапаров ушул күндөрү курал-жарак талап кылып, Баткенге барууга ашыккан жаштарды түшүнүүгө болорун, бирок аларга курал бербей, башкалардын катасын кайталабаганын кошумчалады.
«Ошону менен бирге, чагымчылар сырткы күчтөрдөн дагы коркунучтуу экенин унутпашыбыз керек. Өзүбүздүн күч органдарыбыздын аракеттерине жолтоо болбоо үчүн тартипти сактоо маанилүү болчу. Өз кезегинде биз өзүбүздүн куралдуу күчтөрүбүздү чектеш мамлекеттин айыл-кыштактарын басып алып жана тынч элге кол салып, үйлөрүн талкалоого эч качан жол бербейбиз. Кыргызстандын чегинен чыкпоого, биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бердим»,-деп билдирди президент.
Жапаров чатак ырбаса мындан да чоң жоготуулар болмоктугун эскертти. Ал жаңжал учурунда үй-жайын таштап качкандарды үйлөрүнө кайтууга чакырды. Ал эми талкаланган, өрттөлгөн тамдар калыбына келтирилерин убада кылды.
Садыр Жапаров бул иште жардамын аябаган эл аралык коомчулукка ыраазычылык билдирип, мындан ары жаңжалды алдын алуу үчүн эки тараптын кадырлуу адамдардан тургун тынчтык сактоо комиссиясын түзүүнү сунуштады.
Жекшембиде Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт жана Мюнхен шаарларында, британ баш калаасы Лондондо жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышты.
Алар 28-29-30-апрель күндөрү чек арада болгон куралдуу кагылышка эл аралык коомчулукту калыс баа берүүгө үндөп, тажик тараптын карапайым калкка ок атканын айыпташты.
Гамбург шаарында Тажикстандын ардактуу консулу Курош Пуркян (Kourosh Pourkian) чогулгандарга жолугуп, тынчтык эки эл үчүн тең маанилүү экенин айтты.