Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:47
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
01:46 3.5.2021

Саймумин Ятимов: Аскерлерди чек арадан чыгардык, абал тынч

2-майда Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов, транспорт министри Азим Иброгим жана Согд облусунун жетекчиси Ражоббай Ахмадзода Ворухта жергиликтүү тургундар менен жолугушту. 2-майда Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырган жол ачык болду.

Тажик атайын кызматынын башчысы Ятимов:

"Биздин башкы максатыбыз - адамдарды тынчтыкта жашоого чакыруу. Буга чейин болгон өттү - кетти. Биз бүгүн адамдар тынчтыкта жашагандай шарт түзүшүбүз керек. Азыр аскерлерди чек арадан чыгардык. Куралдуу жаңжал аяктады. Биз эми кол коюлган келишимдин пункттарын кадам-кадамы менен аткарып, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара көйгөйүнө чекит коюшубуз керек”,-деп билдирген. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы аймактагы кабарчысына таянып жазды.

Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

19:12 2.5.2021

Чек арадагы куралдуу кагылыштан окко учкан Лейлек районундагы 12 жаштагы кыздын өлүмү, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык кишинин массалык түрдө өлтүрүлүшү, (саны дагы такталууда) иликтенүүдө.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

“Тажик тараптын согуштук курал колдонгону боюнча далилдер топтолуп жатат”, - деди Аширходжаев.

Маалыматка ылайык, милиция кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу жалпы 11 кылмыш ишин козгоду.

Алар Жазык кодексинин 264-беренеси (Массалык башаламандык), 380-беренеси ( Тынчтыкка каршы кылмыш), 210-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо), 266-беренеси (Ээнбаштык), 358-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү), 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен териштирилип жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматы 2-май саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин маалымдады.

Ушул тапта Кыргызстан менен Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун биргелешкен комиссиясы Баткен районунун Ак-Сай айылында ишин улантууда.

19:01 2.5.2021

Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коомунун өкүлдөрү эки өлкөнүн президенттерине кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча кайрылуу жолдошту.

30-апрелдеги онлайн жолугушууда даярдалган кайрылууда алар чек арадагы ок атууну тезинен токтотуп, агрессивдүү кадамдарга баруудан баш тартууга чакырышкан. Ошондой эле кыргыз жана тажик элдери бир топ кыйынчылыкты ынтымакта башынан өткөргөнү, эки өлкөнү жалпы тарых эле эмес, келечек да бириктирип турары белгиленген.

Эки өлкөнүн жарандык лидерлери президенттерге абалды жөнгө салуу үчүн бир нече сунуш жолдошту. Анда президенттерди чек ара маселелерин жөнгө салуу үчүн жоопкерчиликти алууну, чек араны тактоодо курал колдонбостон, дипломатиялык жол менен чечүүнү, сүйлөшүүлөрдө ачык-айкындыкты камсыз кылууну, эки өлкөнүн чек ара маселеси боюнча комиссияларынын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн, аялдарды кошууну сунушташты.

«Биз, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коомунун өкүлдөрү азыркыдай оор кырдаалда өз салымыбызды кошкубуз келет. Биз айткан идеялар тез арада каралып, өлкөлөрүбүздүн тынч жана конструктивдүү өнүгүшүн камсыз кылабыз деген үмүттөбүз»,-деп айтылат кайрылууда.

18:46 2.5.2021

Баткенде чек ара жаңжалынан жараат алган бейтаптардын айрымдары сакайып ооруканадан чыга баштады. Үй-жайынан безип, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга чыккандар облус боюнча 50 миңге жетти. Коопсуз жайда убактылуу баш калкалап тургандар үчүн дарыгерлер, психологдор жардам берип, азык-түлүк, санитардык муктаждыктар жеткирилип жатат.

Баткен: жаңжалда жараат алгандардын абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:06 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG