Кыргызстанда 2021-жылдын 1-2-май күндөрү жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 1-майда кол койду.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында да көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болгону айтылат. Андан жергиликтүү тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө материалдык зыян да келгени белгиленген. Жапаров курман болгондордун жакындарына, туугандарына көңүл айтуу менен эки күндү катар менен улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялаганы жазылган.
Жарлыкка ылайык, бул күндөрү өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлөт.
Маданий мекемелер жана телерадиокомпанияларда көңүл ачуучу программалар берилбейт.
Өкмөттүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү тапшырмасы берилген.
Баткен облусунда Тажикстан менен чектеш аймактарда 1-майга караган түн тынч өткөнүн облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, түндө атышуу жана башка окуялар катталган жок.
Интернеттеги социалдык тармактарда Баткен шаарында жана Лейлек районунун чек арага жакын жайгашкан айрым айылдардын бир катар жашоочулары түндө кооптонуп, үйлөрүндө түнөбөгөнүн билдирип жатышат.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болгон.
29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлүп, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.
Акыркы маалыматтарга караганда, жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 киши.
Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.
"Чек арадагы кырдаалга эки өлкөнүн бийлиги жооптуу"
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалдын мынчалык деңгээлде курчуп кетишине эмне себеп болду? Жагдайды кантин жөнгө салуу керек? “Азаттыкка” Борбор Азия боюнча эксперт, Лондондогу Тышкы саясат борборунун изилдөөчүсү Франциско Олмос пикирин билдирди.
Кабири: Тажиктер кыргыздардын жакшылыгын унутпашы керек
Тажикстандын оппозициясынын бозгундагы лидери, Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады.
Учурда Европада жашап жүргөн саясатчынын билдирүүсү Youtube порталындагы баракчасына жайгаштырылды. Анда Кабири эки өлкөнүн элин ынтымакка чакырып, акыркы жаңжалга бийликтин, саясатчылардын аракетсиздиги себеп болгонун билдирди.
“Кыргыз жана тажик эли кылымдар боюнча жанаша жашап келе жатышат. Тарых, маданият, динибиз бир. Тажик эли, анын ичинде жеке мен, дегеле жарандык согушту башынан өткөргөндөрдүн баары тажиктердин элдешүү сүйлөшүүсү Бишкекте өткөнүн унутпайт. Эң кыйын кырдаалдарда кыргыз эли миңдеген тажиктерге боор ачканын унутпайт. Кыргызстандын ал кездеги президенти Аскар Акаевдин апасы каза болгон учур эле. Ал тажиктер протоколго кол коймойунча апамды жерге берүүгө мүмкүнчүлүк бербейм” деп туруп алган. Тажиктер ынтымакка келмейинче апасынын тажыясына барган эмес. Ал үчүн, кыргыз эли үчүн тажиктердин тынчтык сүйлөшүүсү абдан маанилүү болгон. Биз муну эч качан унутпайбыз жана унутпашыбыз керек”, - деген.
Тажик саясатчысы Тажикстанда жарандык коом, оппозициясы басым алдында, бардык чечимдер президент Эмомали Рахмон баштаган чакан топтун колунда экенин белгилеген. Ошондуктан, кыргыз жарандык коомун биргеликте аракет көрүүгө чакырган.
Кабири Тажикстандагы негизги оппозициячыл күч - Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери. Анын ишмердигине тажик бийлиги тыюу салган. Ал 2015-жылдан бери чет жакта жүрөт. Тажикстандын Жогорку соту аны 2018-жылы узак мөөнөткө эркинен ажыраткан өкүмдү сыртынан чыгарган. Партия ошондой эле тажик бийлиги аларды саясий сахнадан сүрүп чыгарыш үчүн "террордук топ" деп атаганын билдирип келет.
28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта каза болгондордун жалпы саны 31ге жетти, жараат алгандар 154 болду. Жалпы жонунан 20 миңден ашуун киши үй-жайын таштап качып чыкты. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун ондогон айылдары жабыр тартты, үйлөр жана башка объектилер өрттөндү.