Бишкекте кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жараат алгандарга бүгүн, 30-апрелде 150гө жакын адам кан тапшырды. Бул тууралуу республикалык Кан борбору кабарлады.
Аталган мекеме кан тапшырууну каалагандарга паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети менен келиши керектигин эскертти. Ошондой эле, кан тапшырардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керектигин белгилейт.
"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда сегиз тажикстандык мерт болушу мүмкүн экенин жазды. Ошондой эле каза болду деген сегиз адамдын аты-жөнү тизмектеди. Алар:
-Тажикстандын Чек ара кызматынын кызматынын бөлүктөрүнүн биринин командири, 28 жаштагы Салохиддин Гадоев,
-чек арачылар Шерали Рахматзода менен Сафар Набиев,
-Исфаранын тургуну Бахтовар Махмудов,
- Овчи-Калъача айылынын тургуну 32 жаштагы Умеджан Юсуфов,
- Дахбед айылынын тургуну Некруз Гафуров
- Чорку айылынын тургундары Хикматтулло Махкамов жана Иброхимкон Хошимзода экени айтылууда.
Тажик бийлиги бул маалыматты бышыктай элек. Буга чейин тажик тараптан 28-29-апрелдеги кагылыштары учурунда тогуз адам жараат алганы кабарланган.
Бүгүн, 30-апрелде тышкы иштер министр Руслан Казакбаев Европа биримдигинин Борбор Азиядагы өкүлү Петер Буриан менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө телефондон сүйлөштү.
Казакбаев анда тараптар ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкенин жана кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга аракет кылып жатканын билдирди. Ошондой эле ал Бишкек эл аралык жана эки тараптуу милдеттенмелерди жана келишимдерди карманарын баса белгиледи.
Буриан Европа Биримдигинин аймактык жана эки тараптуу программаларынын алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле ал кырдаалды жөнгө салуудагы кыргыз тараптын салымын кубаттады.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова комментарий берди. Бул тууралуу орус тышкы саясат мекемесинин расмий сайтында жарыяланды. Анда Москва кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна тынчсыздануу менен байкоо салып турганын билдирген.
"Тилекке каршы, куралдуу жаңжалда мерт кеткендер бар. Эки тараптан тең бир канча адам жараат алды. Азыркы учурда абал турукташты, бирок чыңалуу дале сакталууда. 30-апрелге караган түнү тараптардын кагылышты токтотуп, чыңалган абалды сүйлөшүү жолуна салып, аскерлерлер жана техниканы чыгаруу боюнча келишимин кубаттайбыз",-деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле эки тарапты мындан ары да сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырып, Орусия кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирген.