Кыргызстандын премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды. Өкмөт башчы бул тууралуу Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты.
“Биз Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен түзүлгөн кырдаалды талкууладык. Анда саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен жөнгө салууга даяр экендигибизди билдирдик. Кыргыз тарап ок атууну токтотуу жана конструктивдүү сүйлөшүүнү улантууга макул”, - деди Марипов.
Марипов менен Расулзода 29-апрелде Казанда жолугуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Марипов Орусияда жумушчу сапар менен жүрөт. Ал кечээ, 29-апрелде орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолуккан.
Кыргызстандын аткыланган беш чек ара тозотунда аскерлер кызмат өтөөсүн улантып жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев “Азаттыкка” маалымдады.
“Ал жакта өздүк курам бар болчу. Айрым имараттар күйүп кетти, калганы жакшы эле. Ал тозотторду алдырган жокпуз. Жаңы имараттар күйүп кеткенде, жанындагы эскиге көчүштү. Учурда аскерлер турат”, - деди Шаршеев.
Чек ара тозотторунун бешөө аткыланып, өрт чыккан. "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук", "Кожогар" жана "Булак-Башы", жана "Достук" заставасынын имараты толугу менен күйүп кеткени тууралуу видеолор тараган.
Аталган чек ара тозоттору тууралуу Тажикстан расмий маалымат бере элек.
Мамлекеттик чек ара кызматында 2053 аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири Эсентур Кубанычбеков 29-апрелде белгисиз ок атуучу куралдан атылган октон каза болгон. "Азаттык" радиосу бул маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан алды.
Кубанычбековдун айылдаштарынын айтымында, ал соңку учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарындагы бөлүмүндө иштеп жаткан. Баткенге 12-апрелде которулуп кеткен.
Эсентур Кубанычбеков Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган. Үч бир туугандын экинчиси. Жети жашында атасы каза болуп калган.
Ал Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинде 8-класска чейин окуган. Андан кийин Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Улуттук аскер лицейинде окуусун уланткан. Кийинчерээк Оруссиядан аскердик билимин жогорулатып келген.
Кубанычбековдун сөөгү эртең, 1-майда өзү туулуп өскөн Ак-Муз айылында жерге берилет.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кечээ 29-апрелде Кыргызстандын чек ара кызматынын үч жоокери мерт болду.
Ошондой эле кагылышта 20 аскер кызматкери жарадар болду, экөөнүн абалы оор деп бааланууда.
Соңку маалыматка караганда, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуудан кыргыз тараптан 13 адам мерт болуп, дагы 134 киши жараат алды.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-апрелде кыргыз президенти Садыр Жапаров менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалды телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу өзбек президентинин расмий сайтында кабарланды. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы абал жана аны жөнгө салуунун жолдору талкууланганы айтылат.
Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда ушул жылдын март айындагы кабыл алынган чечимдер жана келишимдерди аткаруу сүйлөшүү жүргөн.
Ушул эле күнү Мирзиёев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөшкөнү белгилүү болду. Анын жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланган.
29-апрелде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы соңку жагдай боюнча билдирүү таратып, жабыр тарткандар көбөйүп бара жаткандыктан, коңшуларды ынтымакка чакырган болчу.