Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кечээ 29-апрелде Кыргызстандын чек ара кызматынын үч жоокери мерт болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлады.
Каза болгон аскерлердин бири 30 жаштагы Эсентур Кубанычбек уулу экени белгилүү болду. Анын сөөгү Нарын облусунун Ат-Башы районунда эртең 1-майда жерге берилери кабарланды.
Ошондой эле кагылышта 20 аскер кызматкери жарадар болду, экөөнүн абалы оор деп бааланууда.
Соңку маалыматка караганда, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуудан кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.
Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, жергиликтүү журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара тилкесинде ок атууну токтотуу тууралуу келишим кабыл алгандан кийин ортодо бир атышуу болду. Бул тууралуу 30-апрелде саат 11де өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди:
“Кызыл-Белдеги бажы бекетинин жанында 20 мүнөт мурда атышуу болуп кетти. Бирок дароо токтоду. Бул ок атууну токтотуу тууралуу келишимге кол койгондон кийин биринчи факт болду, катталды.”
30-апрелге оогон түнү Суваналиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен биргелешкен документке кол коюп, кагылышты токтотууну, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүүнү макулдашкан.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.
Чек арадагы жаңжалда жабыркагандар үчүн Бишкекте республикалык Кан борборуна барып кан тапшырууну каалаган жарандар кезекке турууда. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, 30-апрелде саат эртең мененки 11ге карата 100дөн ашык адам кан тапшырды.
Кезек күткөндөрдүн арасынан Бишкектеги аскер бөлүктөрүнүн аскерлерин, шаар тургундарын көрүүгө болот.
“Кызыл жарым ай” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлү чек арадагы жаңжалдан улам экакуацияланган адамдарга психологиялык жардам көрсөтө баштады. Ошондой эле уюм Лейлек районундагы Рават айылына коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандарга 100 даана гигиеналык кийим-кече жана 500 даана жылуу жууркандарды жөнөттү.
Мындан тышкары уюмдун Ош жана Жалал-Абаддагы кызматкерлери жергиликтүү элге жардам берүү максатында Баткенге жөнөп кетишти.