Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. "Азаттыктын" кабарчысы саат 11:20да маалымдагандай, ушу тапта ал облустук администрацияда жабык жыйын өткөрүп жатат.
Баткенде Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысын тажик тарап барымтага алды. Бул тууралуу 30-апрелде эртең мененки саат 11де Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 29-апрелде "Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылына тажик аскерлерине тийиштүү техника кирген. Интернационал айылынын “Жилой дом” участогундагы кыргыз жарандарынын үйлөрүнө тажик аскер кызматкерлери кирип алган. Интернационал айылынын башчысы ошол жерге жакын аймакта эки кыргыз жараны каза болгону тууралуу маалыматты тактоо үчүн барганда тажик жарандары аны барымтага алып алышкан”.
Бул факт Лейлек райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргызстандын Жазык кодексинин 380-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.
Борбордук жана Интернационал айылдарындагы соңку абал тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.
Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыркагандардын 14ү Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Бул тууралуу 30-апрелде саат 10:40та оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди. Анын айтымында, бейтаптардын жетөө аскер, бирөө милиция кызматкери, калгандары жай тургундар. Баары эркектер. Аялдар, балдар жок.
Бейтаптардын абалын дарыгерлер орто деп мүнөздөп жатышат. Оорукананын жети дарыгери Баткенге кетти.
Жараат алгандардын 25и Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.