Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыркагандардын 14ү Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Бул тууралуу 30-апрелде саат 10:40та оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, бейтаптардын жетөө аскер, бирөө милиция кызматкери, калгандары жай тургундар. Баары эркектер. Аялдар, балдар жок.
Бейтаптардын абалын дарыгерлер орто деп мүнөздөп жатышат.
Оорукананын жети дарыгери Баткенге кетти.
Жараат алгандардын 25и Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.
Куралдуу кагылышуу жүргөн аймактардагы аскерлерди жана техникаларды ордуна кайтаруу аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде вице-премьер-министр Артем Новиков “Азаттыкка” билдирди.
“Абалды турукташтыруу менен эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыктарын күтүп жатабыз”, -деди вице-премьер министр.
Чек арадагы соңку окуялардан улам өкмөттө атайын жумушчу топ түзүлгөн жана аны Новиков жетектеп жатат.
Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдардан эвакуация болгон жай тургундардын саны 20 миңден ашты. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып 30-апрелде эртең мененки саат 10:30да “Азаттык” радиосунун Баткендеги кабарчысы билдирди.
Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13,5 миң адам коопсуз жайга чыгарылды. Баткен районунан 7 миң адам Баткен шаарына көчүрүлдү.
Кабарчылардын соңку маалыматына караганда, кооптуу абал түзүлгөн айылдардан эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдар үчүн Баткен шаарындагы алты мектепте убактылуу жай ачылып иштеп жатат.
Мындан тышкары, тургундар жакындарынын жана туугандарынын үйлөрүнө кетип жатышат.
Аларды кээ бир жеке мейманканалар да кабыл алууда.
Өзүн Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну деп тааныштырган келин үч наристе баласы менен жолго чыкканын, айылда күйөөсү калганын, ок атылып жатканын угуп, үйүнөн чыгып кетип баратканын айтып берди.
Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдар жана чек ара тозотторундагы абал боюнча "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымат берди.
Соңку маалыматка караганда, айрым айылдар толук өрттөлдү, май куюучу жайлар, дүкөндөр тонолуп, талкаланды, кеминде беш чек ара тозоту жабыркады.
Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары жабыркады. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17 үй күйүп кетти.
Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Максат жана Арка айылдары көбүрөөк талкаланды. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду.
Чек ара тозотторунун бешөөнө ок тийип, өрт чыккан.
Облустук милиция ок атышуу токтогонун айтты, бейрасмий маалыматка караганда, айрым жерлерде ок атылып жатканы угулууда.