Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

09:45 24.9.2022

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Баткен районундагы тажик тараптын аткылоосуна кабылган "Тамдык" чек ара бекети Кыргызстандын көзөмөлүндө экенин билдирди. Бул тууралуу аталган мекеме 23-сентябрда маалымат таратты.

Анда 16-сентябрда чек арадагы куралдуу кагылышууда тажик тарап "Тамдык" чек ара тозотун артиллериялык куралдар менен аткылаганы, алар сан жагынан көп болгону айтылат.

09:46 24.9.2022

Баткенде чек арадагы каргашада талкаланган үйлөрдүн ордуна ар бири 100 чарчы метрлик үйлөр салына турганын мамлекет башчынын администрациясынын президенттин жана өкмөттүн чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев билдирди. Бул тууралуу маалымат 23-сентябрда Баткендеги окуяга байланыштуу түзүлгөн медиа-штабдын Телеграмдагы баракчасына жарыяланды.

12:10 24.9.2022

Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддин 23-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын саясий жана тынчтык орнотуу маселелери боюнча орун басары Розмари Дикарлонун катышуусунда жолугушуу өткөрүшкөнүн Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сөз болуп, тараптар маселени мындан ары тынчтык жолу менен чечүүгө даярдыгын билдиришти.

Сүйлөшүүгө катышкандар быйыл 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышты жөнгө салуу боюнча кабыл алынган протоколдун алкагындагы макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

12:25 24.9.2022

Германиянын түштүк-батышында жайгашкан Баден-Вюртемберг федералдык аймагында жашаган кыргызстандыктар Штутгарт шаарында тынчтык жүрүшкө чыгышты. "Данек" коомдук уюмунун демилгеси менен уюштурулган акцияга 60тан ашуун мекендеш катышты.

Алар Баткенде чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү. Кыргызстандыктар тынчтык каалай турганын белгилеп, курман болгондордун элеси түбөлүк сакталарын айтышты.

"Данек" уюму ошондой эле кыргыз-тажик чек арасынагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын эсеп ачып, учурда акчалай каражат топтоодо.

Ушундай эле акциялар Германиянын башка шаарларында дагы өттү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG