"Озодинин" кабарчысы Тажикстандын Бабажан Гафуров районундагы Хистеварз айылында 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышта үч жай тургун каза болгонун, алардын бири сегиз жаштагы кыз болгонун жазды.
Сегиз жаштагы Бишарифанын апасы Мухбира Бобоева кабарчыга анын кызы 16-сентябрда снаряддын чачырандысы тийип, ооруканага жеткирилгенде каза болгонун айтып берген. Снаряддын чачырандысы тийген кыздын курсагы жарылып, ичегиси чубалып калган. Секелек кыз ооруканага жеткирилгенден кийин операция столунда чарчап калган.
Буга чейин куралдуу жаңжалда Тажикстандын Чоркух айылынан эки бала: алты жаштагы кыз Асмоа Амриддинзада жана беш жаштагы бала Имран Илхомзада каза болгонун "Озоди" радиосу жазган.
14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяда Кыргызстандан Элзада Маннанова аттуу 14 жаштагы өспүрүм кыз каза болду. Кыздын атасы, Лейлек районундагы Достук айылынын жашоочусу Малик Мананнов кызы Тажикстан тараптан атылган снаряддын чачырандысы тийгенин "Азаттыкка" айтып берген. 14 жаштагы кыздын сөөгү Достук айылынын тургундары качып барган Маргун айылына коюлган.
Кыргызстан куралдуу кагылышта 59 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөрдүн саны 140 миңден ашты.
Тажикстандын бийлиги чек арадагы куралдуу жаңжалда 41 жаранынан айрылганын билдирди. "Озоди" өз булактарына таянып, каза болгон 70тей кишинин тизмесин түздү.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти. Бул тууралуу 24-сентябрда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Расмий эсепте жараат алгандар 198 киши экени, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы айтылды.
Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылдарында 25-сентябрь, саат 09:20га карата кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу (УКМК) Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, түн тынч өттү, эч кандай окуялар катталган жок.
Чек ара аймактарын жарылбай калган ок-дары, жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу уланып жатат.
14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 62ге жеткенин кабарлады. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.
Баткендин чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон тургундарынын айрымдары үйлөрүнө кайта баштаганын 23-сентябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирип, аларды этият болууга чакырган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.
Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда эвакуация болгондордун айрымдары Ысык-Көл районунун санаторий-пансионаттарына жайгаштырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, “Ак Бермет” пансионатына 20 адам, “Көгүлтүр Ысык-Көлгө” - 4, “СОС” балдар үйүнө 20, “Кыргыз Деңиз” санаторийине 48 адам, “Алтын Балалык” реабилитациалык борборуна 36 адам, Тамчы айылындагы турак үйгө 11 адам жайгаштырылды. 30у өз каалоосу менен туугандарынын үйлөрүнө кетишкен. Жалпысынан чек арадагы жаңжалдан улам үй-жайын таштап качкандардын 169у Ысык-Көлгө жеткирилди. Аларга жергиликтүү бийлик ысык тамак уюштуруп, элден чогулган жардамды таратып берүүдө.
ӨКМ кординациялоо иштерин жүргүзүп жатат.