Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

12:12 23.9.2022

Германиянын Мүнхен шаарында окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар кыргыз-тажик чек арасындагы каргашаны айыптап, Тажикстандын бийлигине нааразылык иретинде акция өткөрүштү.

Алар 22-сентябрда уюштурган акцияда чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү. Кыргызстандыктар тынчтык каалай турганын белгилеп, курман болгондордун элеси түбөлүк сакталарын айтышты.

13:37 23.9.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам штабдын маалыматына караганда, куралдуу кагылышта 613 үй зыян тартканы аныкталды.

Ошондой эле административдик-стратегиялык маанидеги 9 объект, социалдык маанидеги 15 объект, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.

15:36 23.9.2022

Баткенде чек арадагы каргашада жараат алган 198 адамдын 61и азыркы тапта үйдөн дарыланууда, 126сы Бишкектин жана Оштун, калгандары Баткендин ооруканаларында жатышат. Бул тууралуу 23-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Жарандык коргонуу секторунун башчысы Кубаныч Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, жараат алгандардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

15:37 23.9.2022

Баткенде жараат алгандарга зарыл кан запасы толук чогулуп бүткөнүн 23-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Жарандык коргонуу секторунун башчысы Кубаныч Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан Баткендеги каргаша башталган күндөн тартып Кан борборуна ыктыярдуу түрдө 1200дөн ашык адам барып, кан тапшырды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG